Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

"Жабылуу аяк" ачылды, бирок...
Ошентип, эски бийликтин дагы бир жолу жексурлугу далилденди. Бул жолу биздин укук коргоо органдарыбыз өтө кыраакылык менен иштеп, ошол калк күткөн табышмактуу өлүмдүн сырын толук ачып бергенге жетишти. Ыраматылык Медет Садыркулов кыргыз саясатындагы эң эле белдүү да, күчтүү да, ошонусуна жараша абдан табышмактуу фигура болучу. "Серый кардинал" каймана наамга ээ болуп, Акүйдүн баш мээси катары кызмат аткарчу. Акаев бийлигиндеги эң маанилүү каарман катары ошол кездеги коррупциялык, кландык бийликти чыңдоого жакшы эле эмгек сиңиргени, акаевдер анын айткан дегени менен эсептешип турганын ошо кезде эле айтылып турчу. Анан эмне болду? 2005-жылдагы март ыңкылабы менен акаевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан куулуп, Акүйдүн пол жууган аялдарынан бери алмаштырылды. Медет Садыркулов да акаев режиминин өкүлү катары өз жазасын алууга тийиш делинип, буга кошумча мамлекеттик казынаны каалагандай калчагандыгы, оңбогондой акчаны өз чөнтөгүнө түшүргөнү боюнча кылмыш жообуна тартылмакчы болуп, камакка алынды. Бирок, Мекең темир тор артында үңкүйүп үмүтсүз отура турган жөн салды бир кылмышкер эмес экен, бу жолу да табышмактуу түрдө камактан чыгып, чыкканда да түз эле Акүйдөн орун таппаспы?! Буга таң калган көпчүлүк, анын ичинде ыңкылапка эмгек сиңирдик деген бир топ адамдардын "Алласы" оозудорунан түшүп, Бакиевдин баеоолугуна башын чайкашкан. Көрсө ошондо эле булар мамлекетти менчиктөө, үй-бүлөлүк режимге кайрадан баруу саясатын башташыптыр. Ошентип, алар МЧСтин көрсөткөн жолу менен, анын чийген схемалары менен жүрүп отуруп, өздөрүнүн позицияларын абдан бекемдеп алышты. Үзөңгүлөш жүргөн досторун, оппозициянын өкүлдөрүн улам бирден кыргыйдай тээп, кызматтан айдашты. Керек учурда кайра чакырып, жүгөндөп кызматка отургузуп коюшту. Айтор, ыраматылык МЧСтин ашкере акылдуу жана уюштургучтугу Бакиевдердин заманында алыс-жакынга ачык эле көрүнүп турду.
Ошентип саясий оюндардын алчы-таасын жеп, бийлик кумарына баш-оту менен кирип кеткен күндөрдүн бир күнүндө өз башы өзүнө каршы иштеп жатканын, бакиевдер акаевдердей ашкере айкөл жана ээнөө эмес, жеткен митаам, кызганчаак жана ашынган жексур экендигин түшүнүп калат. Эмне кылуу керек? Ал ушинтип ойлоно баштаганда бакиевдер да МЧСти эмне кылуу керек деген маселе менен алпурушуп жаткан болчу. Бирок, бийлик МЧСтен биринчи эртелеп, аны Акүйдөн сылык узатып коюшту. Узатып эле тим болбос-тон, артынан аңдып турушту. Анткени ал бийликтен кеткенден кийин таарынып, ар кимге арыз-муңун айтып, же көчөгө митинг уюштуруп чыга турган популист саясатчы эмес болучу. Ал ар дайым ишти акырындык менен эч кимге шек чыгарбай, ою менен жасап койгон, бир көз жаздымы менен бир короо саясатчыны бириктирип кое турган жөндөмү бар эле да. Муну билген бийлик, артынан аңдып жүрүп, акыры жайлап тынды.
Жайлап демекчи, бакиевдер башкарган беш жыл Кыргызстанды кызыл канга бөлөгөн эң эле кандуу жылдар болгонун ким танат. Так ушул бийликтин тушунда Жогорку Кеңештин депутаттары улам чекесинен атылып жатты. Журналисттер табышмактуу каза табышты. Коомдук ишмерлер да ошол бийликтин учурунда көз жумду. Криминалдык разборкалар да дал ошол учурда кайра-кайра кайталанып, криминалдык лидерлердин башы кетти. Бирок, ошолордун ичинен бийликтин түздөн-түз колу менен жасалып, мыкааачылыктын жеткен чеги колдонулган бул МЧС жана анын жан жөкөрлөрүнүн өлүмү болду.
Карап көрөлүчү, бул ишке бүтүндөй укук коргоо органдары аралашып, ИИМ, УКМК, Коргоо министрлиги биргеликте жасаган. Буга кошумча акүйдөгү атка минерлер менен криминалдык топтор дагы кошо тартылган. Кыскасы, Жаныштын ашкере митаамдыгы ушунда-кийин бир нерсе болсо биринин артын бири казып чыкпасы үчүн бул оор ишке бардыгын аралаштырып таштаган. Эгер ошондо бийлик чындаса муну бир ууч криминалдык топторго эле жасатып коймок. Бирок, мамлекеттик структураларды аралаштыруу менен ансыз да көзүн караган министрлерди ого бетер өзүн аркан-жипсиз байлап алуу менен, мамлекеттик деңгээлдеги чиновникти өзүнүн деңгээлинде жазалоого башмалдак урганы сокурга деле көрүнүп турат.
Кыскартып айтканда, Садыркуловдун өлүмүнүн сыры ачылганы бүтүндөй коомчулук алдында Бакиевдин жакындарынын жана анын командасынын жүзүн ачып көрсөттү. Бул окуя кыргыз тарыхындагы саясий окуялардын бири катары ар бир бийликке сабак катары кала бере турган такка айланды. Баарынан кызыгы, эми ошол кандуу окуяны жасагандар жазасын алабы, жокпу, же дагы ар кандай саясий, коррупциялык жолдор менен жабылып, кутулуп кетишеби, кеп ошондо. Азыр мактанганга эртелик кылат....
Жусуп Черик




Башбакан 55 жашка толду
Ушул айдын 17синде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Алмаз Атамбаев туура 55 жашка толду. "Алиби" гезитинин жамааты Алмаз Шаршеновичти кутман курагы менен куттуктап, иштерине ийгилик кааламакчы. Эл үчүн деген багытыңыздан тайбай, коррупцияга, трайбализмге каршы жүргүзгөн саясатыңыздан жанбай, кыргыз элинин жаркын жашоосу үчүн албан-албан ийгиликтерди жарата беришиңизди тилек кылабыз. Эмгегиңизди эл баалап, элдин сүймөнчүгү болуңуз. Ден соолукта, кырсыктан тыш, көп жашаңыз!
"Алибичилер"

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

Сизди 55 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Акыркы жыйырма жылда өзүңүздүн эл үчүн жасаган барандуу эмгегиңиз, кландык, үй-бүлөлүк, коррупциялык бийликке каршы турган позицияңыз менен, Сиз чыныгы элдин уулу экендигиңизди далилдедиңиз. Ар дайым карапайым калктын арасында болуп, алардын жармач жашоосун көтөрүүгө кылган аракетиңизди бүтүндөй кыргыз эли көрүп турду. Коомдук-саясий турмуштун бүгүнкүдөй ачык жана акыйкат болушуна сиздин опол тоодой ордуңуз бар. Ошондуктан эл Сизге ишенип, Сиздин артыңыздан ээрчиди. Албетте, Сиздин мындай тайманбаган көз карашыңызга мурдагы эки бийлик катуу каршы туруп, сизге кандай гана кутум аракеттерди жасашпады. Алдап да, коркутуп да, керек болсо өмүрүңүзгө кооптуу жагдайларды түзүп көрүштү. Бирок, элдин уулу катары Сиз башыңызды сайып, эч качан артка кайткан жоксуз, майтарылып, сынган жоксуз.
Ошентип, Сиз күткөн, эл күткөн мезгил келип, коомдук пикир элге каршы иштеген мамлекеттик машинага каршы бурулуп, 2010-жылы элдик революция болуп, бийликтин чыныгы ээси - эл бийлиги орноду. Бүгүн кудайга шүгүр, мамлекетте алдыга карай жылыштар арбыды. Экономикабызда өнүгүүгө карай секириктер орун алып, чыныгы элдик саясат жүргүзүлүүдө. Сиз болсо, дале баягыдай эл арасында болуп, Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, маселелерди чечүү менен алек болуп келатасыз. Кыргызстандын эли Сиз баштаган өкмөткө ишенич артып, эртеңки жаркын жашоосунан зор үмүттөрдү күтүп келишет. Андыктан, сизге ийгиликтерди каалайбыз! Бар болуңуз, баштаган сапарыңыз байсалдуу болсун. Кыргызстандын эли Сиздей уулдары менен сыймыктана алат.

Жогорку Кеңештеги
СДПК фракциясы








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??