Калкты баштаар кеменгер,
Эл сагынган эрендер...
Чыңгыз Айтматов
Алп Манастан кийинки эле ааламга таанылган агабыз, кыргыздын маңдайына жылдыз болуп жанган чыгаан инсан, улуттун уулу, дүйнөлүк масштабдагы жазуучу Чыкебизден айрылганыбызга мына 3 жылдан ашуун убакыт өттү. Ушул убакыт аралыгында кыргыздын бийлик башында турган адамдары айкөлдүн экинчи өмүрүн узартууга анчейин көңүл бөлбөй келгени албетте, өкүнүчтүү. Карапайым эл болсо карааны тоодой Чыкени жоктоп, коңултактап келет. Аттиң, Чыкебизди эстегенде эле аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өз деңгээлинде өткөрө албаганыбызга, ошол кездеги эл аралык аброю жок, кадыры пас, жек көрүндү бийликтин мажүрөө аракетине ичибиз тызылдап келет. Кыргыздын эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн, кала берсе мурдагы СССР деген эңгезердей державанын өкүлү катары эсептелген Айтматовду акыркы сапарга узатууга алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн бир дагы президенттеринин келбегени, уюштуруу ишиндеги оркойгон кечирилгис кемчиликтер, митинг-реквиемди алып барган ошол кездеги мамлекеттик катчынын кекечтенген жагымсыз үнү... Айтор, ошондо эле бийлик жалпы журтту жер каратып, эл алдында өздөрү эле эмес, элге сөз тийгизгенин ошондо эле айтканбыз, дагы да айта беребиз. Анткени, кийинкилерге бул катуу сабак болууга тийиш!
Ал арада азыркы бийлик, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин борбордук аянттын алдына койду. Ары-бери өткөндөр болсо айкелге ичи жылып, көөнү толбой, баш чайкап өтүп жатышат. Айтматовду ал жашында көргөндөр гана тааныбаса, азыркы муун, ал гана эмес дүйнө коомчулугу деле Чыкебизди балпайган аксакал кезин жүрөккө жакын кабыл алат эмеспи?!


Раатбек
Санатбаев
Көргөн көздү сүйүнтчү, кең далылуу, жүзү нурлуу, чектен ашкан адамгерчиликтүү, боорукер, намыстуу жан эле деп эми аны эскеребиз. Эскеребиз, эч айла жок башка кылаар. Шум ажалга тарттырып жибергенбиз. Тирүүсүндө баркын билбей, колубузга көтөрүп ала албаганбыз. Далай ирээт дүйнөлүк аренада Кыргыздын атын чыгарып, туусун желбиретип сыймыкка бөлөгөн уулун өз Мекенинде намыссыз, бийлик дегенде эт-бети менен түшкөн өз мекендештери эле, каны бир кыргыз эле, ок жаңылтып чымын жанын чыркыратып, калың элди мөңкүрөтүп ажалдын азуусуна салып берген. "Кыргыздар дагы бир Манасын жоготушту. Биз төбөбүзгө көтөрүп жүрөт элек, Раатбектей жигиттерди" деп казактар муңканган керек болсо. Ал ар бир жеңишин, 20 жылдан ашкан түмөн-түйшүктүү аракетин, деги койчу бүтүндөй кең жүрөгүн кыргызга арнаган эле го... Казак боордоштор "келчи, биз сага колдоо көрсөтөлү, бизнесиңди да, спорттук карьераңды да жаса! Колдон буттан таяйбыз!" дегендерине карабай, Мекен деп, кыргыз деп жүрбөдү беле!? Аттигиниң, бүгүн тирүү болгондо деп, дагы бир ирээт бармак тиштейбиз. Тирүүсүндө баалай албаганыбызга, же ага карай ок аткан кылмышкерди таба албай, жазасын бере албаганыбызга ичтен сызабыз. Эл сагынды, Раатбектей уулдарын сагынды. Калдайган караанын көрүп сүйүнчү эле. Бүгүн анын караанын издейбиз. Кыргыздын бактысына бир жаралган балбандын, баатырдын астында өзүбүздү күнөөлүү сезип, тизе бүгөбүз. Кечире көр Раатбек, тирүүңдө баркың билсек не...


Сүймөнкул
Чокморов
Бекеринен "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" деп айтылбаса керек. Кыргыздын бир кылымда бир жаралган уулу, ташкындаган таланты менен калың элдин сүймөнчүгүнө айланган Сүймөнкул агабызды чыны менен бүгүн эл сагынып туру. Анын кыска өмүрүндө жасап кеткен эмгеги азыркы муунга дале үлгү, дале сабак. Өзүнө берилген кайсы гана иш болбосун майын чыгара жасап, болгон жан дүйнөсүн ошого буруп, жоопкерчиликке башын сайганы, искусствонун көп тармагында өзүнүн деңгээлин көрсөтүп, өлбөс-өчпөс атын калтырган андай азаматтарды азыр табыш албетте, кыйын... Бул инсандын замандаштары азыркыга чейин анын эл деп соккон жүрөгүнө, намыстуу абийирине, анан октон жалтанбаган эркине таазим кылып келишет. Айрыкча, "кыргыз керемети" аталган кино тармагындагы анын ойногон ролдорун эч ким дал өзүндөй аткара албас. Анык чабандестик өнөрдүн ээси катары күү менен келаткан аргымактын үстүнөн боюн жерге таштаганы, Сүлүк кара аталган күлүгү менен аскадан сууга секиргени, ташкындаган дайра үстүндө ажал менен арбашканы чындап эле Сүймөнкулда таза кыргыздын каны, нукура кыргыздын касиеттери ширелип турганын айгинелеген тура, көрсө... Эх, жалган дүйнө, этеги арман дүйнө... Ушу бүгүн ал аман болгондо, кыргыздын түбөлүгү түз, жашоосу жакшы болот беле?!


Дооронбек Садырбаев
Бүт өмүрүн кыргыз элине арнап, буюккан кыргызды туңгуюктан алып чыгууга кара жанын карч уруп, каржалып кеткен Дооронбек Садырбаевге болгон элдин кусалыгына чек жок. Кыргыздын маданиятына, адабиятына гана эмес, коомдук турмушуна нар көтөргүc эмгек жасаган, жүрөгүндө жалы, билегинде каны бар, тилинде мөөрү, түспөлүндө сүрү бар Докенин жоктугу өзгөчө бүгүн байкалды. Эгер бүгүн бул агабыз болгондо эл башы болобуз дегендердин саны 80ден ашмак эмес. Азыркыдай айыл өкмөтүнө чейин менчиктеген бийлик да болмок эмес... Анткени, өзүн эр көкүрөк сезгендер, асман менен баскысы келгендер, айланып келип эле Докенин кадимки кан Манастыкындай сүрүнөн, калкты баштаган Бакай бабабыздыкындай найза сунса бойлогуз акылмандыгынан, куйкум аралашкан кубаттуу сөзүнөн жалтактап турушмак, Докеден ийменип, Докеден жазганып, акылына келип, эстерин жыйып турушмак. Атаганат, андай асыл адамдарды бүгүнкү майдачыл кыргыз көзүнүн тирүүсүндө баалабайт экенбиз. Бааламак тургай, жексур бийликтин арам оюна тилектеш болуп, бүжүрөгөн кошоматчы чоңдор жарма кекиртек адамдарды азгырып, ошо аксакал Докебизди жумуртка менен урдурганын эстегенде, уялганыбыздан кирээрге жер таппай келебиз. Ээ, бийлик үчүн, байлык үчүн болгон күрөш, жеп бүттү го далай улуттун уңгуларын...


Рысбек Акматбаев
Биз канчалык сөз кылуудан айбыгалы, чындыкты жашырууга далбас уралы, көргөнүбүздү көрмөксөнгө, билгенибизди билмексенге салалы, бирок, "шибегени капка катыш" кыйын эмеспи?! Анын сыңарындай, кыргыздын намысын колуна мыкчыган, арстан жүрөк, айбаты менен алыс-жакынга аты угулган ыраматылык Рысбек Акматбаевди бүгүн калк сагынып, "Рысбек болгондо минтмек, тигинтмек" деп шыпшынып туру. Ал тургай, аны баалагандар, анын улут дегенде удургуп турган демине тан бергендер, ушу бүгүнкү күнгө чейин ишенимдерине сактап, баатырды өлүмгө ыраа көрбөй, "тирүү экен, ана келет экен, мына келет экен" деп өздөрүн алаксытып келет. Чыныгы жигиттик сапаттардын баарына эгедер, кыянаттык менен адилетсиздикке каршы туруп, ар убак калыстыгы менен калк оозуна алынган, көмүскөдө жүргөнү менен кыргыз үчүн көп эмгек жасаган, ушак-айыңдардын басымында болсо да, эл үчүн жүзү жарык Рысбектей чыгаандар чанда чыгаар. Аттиң, анын башын барып эле баягы саясат деген ажыдаар алып тынды. Өмүрүнүн акыркы мезгилинде, бир тууганы күйүтүнөн, буга кошумча кичи мекениндеги элдин үмүтүнөн улам саясатка кам уруп калган болучу. Кыргыздын маңдай тер, таман акысын менчиктеп байыган паракор адамдардан "тышкы карызды төлөтөм, арам тамактардын ичкен-жегенин кустурам" деген тилегине жетпей кетти. Ошол арам тамактардын аракеттеринен улам, ажалга башын ийди. Антпегенде баары башкача болот беле....


Үсөн Кудайбергенов
Кыргыздар намыс-туу элбиз деп мактанганыбызды койбойбуз. Айрыкча бийлик башына келе калгандар намыстуулук жөнүндө саймедиреп эле калышат. Кыргыз үчүн чындап күйүп-бышкан, эзели тизе бүгүп, эл жер сатпаган бир ууч жигиттик намысты бек туткандарды бетке кармап, ушинтишет. Үсөн Кудайбергенов ошол саналуу делген намысын бек тутуп, кыргыз атын, кыргыз кызыкчылыгын баарынан ыйык туткан көкжалдардын бири эле. Намыс, намыс деп популисттик сезимдерге алдырган көпчүлүк Ү. Кудайбергеновду бир бетпак кылмышкердин коргошунунан сактай албай, ошол кылмышкерди олчойгон акчага маарытып, "өлтүр" деп буйрук бергендердин сазайын бере албай туруп, кантип "ар-намыс" тууралуу кеп салып жатканына түшүнбөйсүң. Бир жолу жарк деп жанып, жарк деп өчкөн жылдыз болду, Үсөн ага. Ал көзү өткөндө, кылмыштын бетин ачып, тиешелүүлөрдү жазалайбыз деп убада берген бийлик сересиндеги достору, бүгүн саясый интригалардын гана чордонунда калышып, айтылган сөз, атылган ок деген кепти, унутуп, антынан танышкандай. Бирок Үсөн Кудайбергенов элдин эсинде. Эл аны унутпайт, эли аны сагынып турат. Жигиттин пири эле дешет, бир даары. Бир кезде бийлигинин күчүнө салгандар, аны 10 жылга кестирип жиберишкенде карапайым калк, эл деп күйгөн, намыс деп жанган жигитти коргоп кала алышпаганына азыр өкүнүчтө. Аттигиниң, тирүүсүндө барктаганды үйрөнө алаар бекенбиз Үсөн Кудайбергеновдой жигиттерди? Деги Үсөн агадай адилеттик, чындык үчүн күрөшкөндөр да бир ирээт жаралаар бекен? Жооп табылбайт...үшкүрөсүң