Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Баш калаага баракелде!

Бишкек шаарынын башчысы Иса Өмүркулов:
"Эң башкысы борбордун аурасын тазаладык"
"Жашыл шаардын" кайтып келиши
- Мунун себеби, албетте, эмгекте. Биз борборубуз Бишкек шаарын тээ бир кездеги "жашыл шаар" делген бак-даракка, гүлгө оронгон калыбына кайтарып келүү үчүн бар аракетибизди жумшадык. Өзүңөр байкагандай, былтыркы жылдан бери борборубуздун тазалыгы менен кооздугу үчүн шаардын башкармалыгы тарабынан көп аракеттер жасалды. Бирок, мындай иштин мындай ылдам ыргак менен алдыга жылып, шаардын кыс-ка убакытта кулпурушуна албетте, жалгыз эле шаардын бийлиги роль ойноду дегенден алысмын. Биздин ар бир демилгебиз шаардык кеңештин, райондук администрациялардын колдоосун таап, ошондой эле эң башкысы элдин борборубузга болгон сый мамилесинен улам ушул ийгиликтер жаралып отурат. Сен айтып жаткан шаардын жашыл түсүн өзгөртпөй турушунун төркүнүнө келсек, биз ала жаздан тартып эле шаардын ирригация маселесин көтөрүп, шаардын дээрлик бардык тарабына сугат суусун жеткирүүнү колго алдык. Тээ СССР тарагандан кийин эле шаарга болгон шалаакы мамиледен улам, шаардын ирригация тармагы көп зыянга учурап, суу алып келүүчү түтүктөр уурдалып, арыкчалардын бардыгы таштандыга толуп, баш-аламан курулуштардын айынан бүтөлүп калыптыр. Ошонун баарын калыбына келтирип, оңдоп-түздөп, көп жерлерге жаңы сис-темаларды тартып келдик эле, натыйжасы эл күткөндөй эле болду. Шаар тургундары менен жолугушканда, "канча жылдан бери эшигибиздин алдынан суу агып өтпөй калды эле, бакчабызга суу жетпей куурап калды эле" дешип, ишибизге ыраазы болушту.

Ак гүл, көк гүл, кызыл гүл...
- Албетте, биз быйылкы жылы эле 800 миң сомго кооз, биздин жаратылышка жооп берген, сапаттуу гүлдөр менен чөптөрдүн үрөнүн сатып алганбыз. Буга кошумча шаарга быйыл эмне көрк берди? Ошол гүлдөр салынып, жол боюндагы тосмолорго, мамычаларга орнотулган гүл челектер болду. 15 жылга кепилдик берилип, сапаттуу металдан жасалган, нымдуулук сактап туруучу артыкчылыкка ээ бул идиштер боюнча да мурдунан алысты көрө албаган популисттер ар кайсы сөздү айтып чыгышпадыбы. Болгондо да эл өкүлү болуп жүргөн адамдар, "Өмүркулов гүл челек коем деп, мамлекетке чыгым алып келди, гүлдөрү өспөй соолуп калды" деп, парламент трибунасынан төшүн койгулаган. Бирок, шаар боюнча орнотулган ошол 2000ге жакын гүлдөр соолубай эле өсүп чыгып, шаарга өзгөчө көрк берди, экологиянын тазаланышына, абанын жакшырышына жардам берди. Мына азыр да соолубай ошол бойдон кулпуруп турат. Бул гүлдөрдүн, бак-дарактардын өстүрүлүшү боюнча аябай чоң эмгекти "Зеленстрой" ишканасы мойнуна алып, көп иштерди аткарды.
Гүлдү да өстүрүшүбүз керек. Идиштерге 15 жылга кепилдик берилген. Аны талкалап да кете албайт.
Учурдан пайдаланып, мен ошол шаарды гүлдөтүүнүн башында турган ишкананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирер элем. Мына ушулардын кесипкөйлүгүнөн улам бүгүн күздүн келгенине карабай, гүлдөр аңкып, ачылып, газондор жапжашыл болуп турат.

Жол азабынан арылдык
- Бир кездерде өзүңөр билесиңер, Бишкектин көчөлөрү таптакыр эле каралбай калган. Ошол кездеги шаар бийликтери шаарга түшкөн кирешенин көбүн өз пайдаларына жумшап, бийлик менен келишип алышкан да, ошол Президенттер өтүүчү негизги делген 3-4 көчөнү эле жыл сайын жылтыратып оңдоп, калган көчөлөрдү көңүл сыртына чыгарып коюшкан. Бул албетте, чоң ката. Биз болсо алардан айырмаланып, Өкмөттүн катышуусу менен коомчулуктун ачык-айкын карооосунда Бишкек шаарынын негизги генералдык планын кайрадан иштеп чыктык. Мында ошол жол маселесине басым жасап, а дегенде бийликтегилер каттай турган көчөлөрдү эмес, замандын орчундуу маселеси болуп бараткан авто тыгындарды азайтууну биринчи койдук. Ошону менен шаар ичиндеги бир канча көчөлөр оңдолуп, автотыгынды дээрлик кыскарта алдык. Негизинен шаардын жолдорунун 80 пайызы капиталдык оңдоого муктаж болчу. Биз колдон келген аракетти жасап, былтыр эң негизги 22 көчөнү же 23 километр жолду оңдодук. Быйыл болсо дээрлик 30га жакын көчөнү оңдоп, чекесинен ишке киргизип жатабыз. Ошондой эле биринчи жолу жаңы конуштардагы негизги жолдорду оңдоо ишин жандантып, жалпысынан 25 километр жолдорду асфальттап, жаңы конуштагылардын ишеничине кирдик. Бул жерден эл алкап жаткан жолдор айрыкча Ош базарынын айланасы болууда. Себеби, канча жылдан бери Ош базары Бишкектин күрөө тамыры катары кызмат кылып келе жатканына карабас-тан, бул жердеги башаламандыкка, аягы бүтпөс авто тыгынга шаар бийликтеринин бири дагы көңүл бөлүп, маселени чечүүгө аракет жасабаптыр. Азыр биз Кулуев, Рыскулов, Павлов, Бейшеналиев, Некрасов көчөлөрүн дээрлик толук ремонттоп бүтүп калдык. Аталган көчөлөрдө мурда ахыбал кандай экенин элдин баары эле билсе керек. Биз бул жерлерге чоң эмгек жумшап, мыйзамсыз курулуштарды түшүндүрүү жолдору менен алдырып, стандартка ылайыктадык. Мисалы, Бейшеналиева атындагы көчө 11 метрден 23 метрге чейин туурасы кеңейтилип, автоунаа коюу үчүн орундар каралды. Ал эми Рыскулов көчөсү кадимкидей 4 поласалуу көчөгө айланды.

Жылга эмес, кылымга тете иш
- Албетте, биз Бишкектин, анын ичинде борбордун Ала-Тоо аянтынын аурасын тазаладык. Бир кездерде кыргыздын душмандары болгон Коңтаажы, Жолой, Нес-каралардын эстеликтерин ардактап тургузушпады беле?! Ошондон кийин Ала-Тоо аянтынын аурасы кирдеп, эл эс алуу үчүн барбай калганы да белгилүү. Биз болсо, өкмөт, Президент баш болуп, ошол борборубуздун борбордук аянтына атабыз Манас менен агабыз Чыңгыздын айкелдерин орнотуп, жалпы журттун көксөөсүн кандырдык. Кыргыздын дүйнө таанымына, салт-санаасына жат делген түндүк көтөргөн жарым жылаңач, жумуртка баскан аялдын эстелигин алдык. Мунун баары тарыхый кадамдар.

Киндиктеш борборлор
- Өнүккөн техниканын, байланыштын кылымында жашап туруп, биз сырткы дүйнө менен жакын алакада болбосок, дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калышыбыз турган иш. Ошондуктан, Бишкек шаары Анкара, Москва, Тегеран, Астана, Бээжин, Прага, Минск сыяктуу ири борбордук шаарлар менен биртуугандык мамилени жандантып, өз ара кызматташууну жакшыртуу аракетинде. Айталы, азыр биз ошол шаарлардын башчылары менен ар тармак боюнча алака түзүп, иш тажрыйба алмашып, бири-бирибизден үлгү алууга чындап кириштик. Анткени, Бишкек жаш шаар. Анын келечеги алдыда. Айталы, быйыл жайда Тегеран калаасынын вице-мэри Джафар Хесаринежад жетектеген делегация менен жолугуп, бир нече муниципалдык долбоорлорду ишке ашырууну макулдаштык. Анкара шаарынын бийлиги Бишкек шаардык башкармалыгын дээрлик заманбап техника менен жабдып, 160 компьютер, 10 ноутбук жана 30 лазер баскычтарды тапшырды. Буга кошумча, Анкарадан саатына 300 нан чыгаруучу пекар жабдыктары Бишкекке белек катары берилгени турат. Астана шаарынын башчысы Имагалы Тасмагамбетов менен Астана достук келишимин түзүп, кийинки жылдардан тарта жол куруу, турак-жай куруу жана тазалык багытында ири долбоорду ишке ашыруу алдында турабыз.
Кыскасы, Бишкек гүлдөгөн кооз, маданий жана экономикалык борборго айланууга карай бет алды. Сапарыбыз байсалдуу болсун.

Даярдаган
Тынчтык Алтымышев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??