Шийиттер менен жоолукчандар көбөйдү
СССРдин өлүшү менен биздеги билим сапаты начарлаганын эч ким танбайт. Мына ушундан улам биздин коомдо түрдүү диндердин экспанциясы жүрүп келет. Көрсө, караңгы элди бул нерсе тез эле чүмкөп алат турбайбы. Муну бийлик тарапта тыңшаган бирөө жок. Алар бизди күтүп турган жок, ишин жүргүзүшүүдө. Атургай, мекендештердин арасында исламдын шийит багытына оогондор көбөйүүдө. Дегенибиз, буга чейин биз исламдын сүнөт багытын тутунуп келгенбиз. Маселен, Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы жаштардын бир нечеси шийит тармагын карманышканы ачыкка чыкты. Бул келечекте чоң коркунучтарды, уруш-талаштарды чыгарары турган иш. Жакында эле Пакистанда бир эле улут шийит жана сүннү болуп бөлүнүп урушуп, жүздөгөн адамдар набыт кетти.
Мындан сырткары жоолукчандар көбөйгөн маалы. Булардын суроо-талабы барган сайын күчөөдө. Мектептерде бирдиктүү форма кийүү талабын койгон агартуучуларды сындап, жоолукчандарды кубалап чыгып жатканын Фронтбек кызы айгай салды. Ушинтип, коомдо өзүнөн өзү эле жарака кетүүдө. Бул эмнеге апкелерин ойлогон бирөө жок.


"Жыгач" генерал "сынды"
Саясат айдыңына аралашкандан бери өзүнүн "куйту" жолдору менен түрдүү "комбинацияларды" уюштуруп келген "жыгач" генералдын аракети акыры өзүнүн башына муш болуп тийди. Анын тапшырмасы менен интрига жүргүзүп, элге жек көрүнүп, түрдүү кысым, кордукка чыдабаган арнамысчы депутаттардын 15и топтолуп, жаңы фракция жетекчисин тандашты. Ал К.Талиева болду. Албетте, бул оюн он депутаттын коалицияга кошулуусунан башталган. Аларды ошондой жолго баруусун суранып, иши бүтпөй калган соң кийин кайра жамандап чыкканы "он сойку" аталган эл өкүлдөрүнө жакпай калган. А.Жапаровду партиянын атынан президенттикке аттандырууга сөз бекитип, курултайда "куловчулар" куулук менен аны "сындырганына" жалпы калайык күбө. Ошону менен эле тынч жатпай, Фекең Т.Мамытов менен А.Артыковду мандатынан ажыратуу талабы менен БШКга кайрылган. Мына ушундай жоболоңдуу жоруктар быкшып отуруп, акыры жарылды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка таянсак, "Ар-Намыс" фракциясы чогулуп, беш маселе боюнча чечим чыгарыптыр. Анда, 1-"Ар-Намыс" саясий партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы тууралуу токтомунун иштелип чыккан долбоору бекитилип, 2-Фракциянын 2010-жылдын 22-декабрындагы жыйынында бекитилген аталган токтому күчүн жоготту деп чечилип, 3-Кабыл алынган жаңы токтомго ылайык, фракция лидери Феликс Куловду кызматынан бошотуу чечими кабыл алынып, 4-Фракциянын жаңы лидери кылып Камила Талиеваны шайлашып, 5-Фракциянын 2011-жыл 5-июлдагы А.Артыков жана Т.Мамытовду фракциядан чыгаруу чечими күчүн жоготту деген чечим кабыл алынган.
Мына ушуларга катарлаш Ф.Куловдун ден соолугу начарлаганы туралуу сөздөр арбып кетти. ЖоКенин белдүү эле бир депутаты "темир" генералдын үйүнө тез жардам унаасы улам каттап жатканын айтты. Албетте, жашы өтүп калган адамды мындай интригалар тынч уктатпасы бештен белгилүү. Ал Куловдун жүзүнөн эле байкалып турбайбы. Анүстүнө өзү чогулткан адамдар "суу куюп" кеткени кимге болбосун оор тиет эмес-пи. Ошондой болсо да кайратына келип, кол көтөрүп бербес-тен күрөштү жүргүзүүдө. Пресс жыйын өткөрүп, партиянын курултайын чакырганга жетишти. Фракцияны талкалоонун башында А.Жапаров тургандыгын билдирип, анын куу экендигин баса белгиледи. Аны жетекчиликтен алууда кемчиликтерди кетиргенин, жоболорду сактабаганын айтты. Негизи, Феликс мырзаны аксаткандардын ана башында Б.Мамырова турарын коомчулук саймедирешүүдө. Генерал ошонун айдагы менен гана басып калганын партиялаштары дагы айтышууда. Кыргыздар "алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык" деп бекеринен айткан эмес экен да. Жок дегенде Э.Алиевдин сөзүн укканда, Феликс агабыз мынчалыкка барбас беле дейсиң.
Экинчи тарап болсо, партиянын курултайы мыйзамсыз өткөнүн белгилешүүдө. "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев: "Жакынкы пленардык жыйында фракция лидери алмашканы жөнүндө кулактандыруу болот. Кулов бизге каршы иштерди жасап жатат. Коалицияга кошулган 10 депутатты "изгой" катары эсептеп, куугунтуктап жатат. Фракциядагы 3-4 депутаттар менен эле кеңешип, бизди көңүлгө албайт. Фракция мүчөлөрүнө бирдей мамиле жасабай жатат. Сыйлыктарды берүүдө дагы анын айланасындагы депутаттар алышат, ал эми четтеги депутаттар албай калып жатат. Ошондуктан аны алмаштыруу маселеси чыкты. Бул маселе фракциянын атынан А.Жапаровду, же А.Калматовду президенттикке чыгаруу боюнча маселенин натыйжасында дагы чыкты", - деп билдирди.
Айтор, "арнамысчылар" бирикпей тургандай болуп калды бейм. Чамасы, булардын иши мыйзам менен жөнгө салынбай калды көрүнөт. Ар кимиси өзүнүкүн туура деп көшөрө берери турган иш. Акыры барып, азчылык көпчүлүккө баш ийип, 15 дептутаттын артынан ээрчири байкала баштады. Жеңиш Жапаров тарапка оойт өндөнөт. Мындан ары "Ар-Намыстын" соодасын ушул киши жүргүзгөнү калды. Ийгилик каалайбыз.

Керим Мурас