Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Алтыкең эми Мелисти урабы?
9-октябрга белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жакындаган сайын түрдүү "интригалар" күчүнө кирип, саясатчылардын мээси чыңалууда. Айрыкча, Ош шаарын чарк айландырбай башкарган мэр Мелис Мырзакматовдун түйшүгү көбөйүп туру. Туш тараптан ар кайсы партиянын лөктөрү айласын кетирүүдө дешет. Дегенибиз, Мекең бүгүнкү күнгө чейин шайлоодо кайсы талапкерди сүрөөнгө аларын ачыктабай, өзүн оолак кармаганы, аламанга аттанып алгандардын тынчын кетирүүдө. Ушундан уламбы, айтор саясаттын катыгын бергендер ачык каршылыкка өтө элек. Бирок, Мелис Мырзакматов менен Алтынбек Сулаймановдун ортосунда "от" тутанганы айтылууда. Тиреш баягы эле шайлоо боюнча. Бири экинчисинин балдарына бут тосуп дегендей. Кызыгы, экөөсүнүн ортосунда буга чейин кол алышуу болгон дейт. Бирок, иштин жүрүшүндө ал аткарылбай калыптыр. Сөздү Мырзакматов бузуптур дешүүдө. Алтыкең Ташиевдин тумшугун кандагандай кылып, эми Мелистин тишин сындырбаса болгону.


Кыялга ким кол салды?
"Кыял" бирикмесиндеги уздар, усталар да митингге чыгышып, аларга карата жасалып жаткан "кутум" иштердин бетин ачышты. Көрсө, жылына 2,5 миллион сом салык төлөп, 1,7 миллион сомду Соцфондго төккөн мамлекеттин карамагындагы ишканага бирөөлөрдүн көзү түшүптүр. Учурда бирикменин уставын өзгөртүү боюнча токтом токулганы турат. Эгер өкмөт башчысы кол коюп жиберсе, "Кыялда" бир катар өзгөрүүлөр болуп кетиши ыктымал. Ал эми "Кыял" бирикмесинин профсоюздук кеңешинин төрайымынын айтымына караганда, аларды түйшүккө салган токтомдун артында президенттин аппарат жетекчиси Э.Каптагаев турат.


Шектүүлөр кармалды
Бакиев бийлигин күчтөндүрүүчү сис-теманы курап, кайра анын курмандыгына айланган Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнүн бети ачылганын ИИМдин жетекчилери ачыкка чыгарды. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин маалымдашынча, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу 16 адам азыр кармалып, камалды. Алардын арасында бир генерал бар. Ал Замир Молдошев. Булардан тышкары бул ишти жашырган деген айып Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Темирбаев Нурланга да коюлууда. Ал буга чейин камалган болчу. Садыркулов атайын берилген буйруктан каза тапканын, ага буюртма берген мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев болгонун да билдирди. Негизинен, күйгүзүп өлтүрүлгөн үч кишинин өлүмүнө 26 адам шектелүүдө. Бирок, алардын арасында буга чейин шектүү деп айтылып жаткан Молдомуса Конгантиев жок.


"Кегетинин" кел-келиби?
Пайзуллабек Рахманов деген эрен бар. Унута элек болушуңуздар керек. Мындай адамдарды унутууга мүмкүн эмес да. Бул киши Курманбек Бакиевдин учурунда, "түү" деген түкүрүгү жерге түшпөй, айткандары "Алтын балыктыкындай" эле болуп, аткарылып турбады беле. Экс-президент менен кандай жакындыгы, эмне туугандыгы бар экенинен кабарыбыз жок. Бирок, биз билгенден 2005-жылдын 24-мартынын алдындагы оппозиция жыйындары ушул кишиге тиешелүү делген "Кегети" кафесинин имаратында өтүп, ошол жыйындардан кийин Бакиев бакыйып бийликке келген. Ошону ырымдаганбы, президенттикке өз талапкерлигин коюп жаткандардын бири дал ошол "Кегетиге" штаб ачып, (2005-жылдын 24-мартынан бул жай башкача аталып калса керек эле) ажолуктун кам-чомун көрүүдө.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??