Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  оюн

Түшүнө акталган таруу киргендер

Алгач анегдот. Өлкөнү патриот адам башкара алаарын Искак Раззаков көргөздү, Өлкөнү жакшы коммунист башкара алаарын Турдакун Усубалиев көргөздү, Кыргызстанды Москва башкара алаарын Апсамат Масалиев көргөзсө, академик, окумуштуу башкарганын Акаевден көрдүк. Ал эми мамлекетти ар ким башкарса болоорун Бакиев көргөздү.

Чынында бул анекдотко салыштырмалуу ачуу чындык. Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгында эле эмес Мухаммед Кыргыз Улуу Каганат түптөп, кайра ал улуу держава кулаганы кыргыз түшүнүгүндө ажо - деген лексикон жоголуп, ар кимиси ар кайсы колоттун баатыры, беги, бийи, даткасы болуп, мамлекеттик түзүлүш түшүнүгүн жокко чыгарып алышкан. Ошол учурдан бери мына, эгемен өлкө аталган жыйырма жылдык тарыхыбызда Ажо болом деген адамдардын саны шайлоо сайын көбөйүп барат. Мунун негизги себептерине токтоло турган болсок, президент деген институт биздин жаңы тарыхыбызда эбегейсиз зор бийликтин жана чексиз жоопкерчиликсиздин бутасына айланып "баары бизде боло берет" экен деген түшүнүккө жеткирди. Акаевдик жоопкерсиздик, экономикалык кыйроо жана анын уландысы катары Бакиевдик үй-бүлөлүк башкаруу жана бүтүндөй бир мамлекеттин экономикасын монополизациялоо акыры келип элди социалдык жарылууга алып келип, анын жемишин 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели көргөздү. Мына ушундай социалдык жарылуулардын жыйынтыгы жана эки президенттин жоопкерсиздиги, жеке бийликтерин таңуулоонун жыйынтыгы жогоруда биз атап өткөндөй президент деген чоң институттун кадырын катардагы айыл өкмөтүнүн деңгээлине теңеп койду. Эл аралык практикадан алып караганда объективдүү жана субъективдүү себептер менен президенттикке койгон талпкерлердин саны бир канча болорун дүйнө тарыхынан карасак мисалы, Ирак тираны Саддам Хусейин бийликтен кеткенден кийин ал жерде да 114 кандидат президент болууга өз арыздарын берген. Бирок, жыйынтыгы белгилүү. Ал эми алыскы Америкада, болбосо Россияда деле ушундай көрүнүштөр боло келгени менен бюллетенге саналуу гана талапкерлер катталган. (мисалы Россиянын президенттигине шайлоо кийинки жылы боло турган болсо да азыртадан эле анча белгилүү эмес артистер өздөрүн президенттик тактыдан көргүсү келгендер чыга баштады) Маселе беш миллион калкы бар эл үчүн 87 кандидат БШКга арыз жазышы азбы же көппү деген маселе кабыргасынан коюлат. Эгерде саныбыз көп калктын катарын толуктаганда, балким бул маселе анчалык ажиотаж көтөрмөк эмес. Дагы бир көз жаздымда калып, бирок өтө маанилүү жагдай бул кандидаттар кандай негизде көбөйүп кетти деген маселе. Биз билгенден президенттик шайлоо болсо эле катышам деп турган атайын кандидаттар тобу бар. Булардын бир канчасы элетте жашаса, айрымдары чет жерде туруктуу отурукташкан. Аларда финансы булагы жетишсиз, таяна турган электораты жокко эсе болсо да "жөн эле" деген адамдардын катмарын түзүшөт. Экинчи топ булар шайлоо алдында элге көрүнүп, пиар менен шугулданып, добуш берчү күн жакындаганда кайсы бир кандидаттын кызыкчылыгына иштеп берүү жана акыбетине мамлекеттик кызмат, туугандарына мамлекеттик камкордук суроо же кызылдай акча талап кылчу талапкерлер тобу. Үчүнчү топ, булар өмүрүнүн көп учурун мамлекеттик кызматта өткөрүп, натыйжада коррупцияга аралашкан иштерине саясий боек сүртүү менен өзүн калк алдында легализациялап, кийинки келе турган бийликтен өз ордун гарантиялаган топ. Төртүнчүлөрү болсо, президент болсом деп кыялданган, бирок тилекке каршы ал ойлорун ачыкка чыгара албай ыңгайын күтүп отуруп, качан гана бийликтин бели бошогондо чыга калып, мурунку жетекчисинин далысына бычак сайчу топ. (бул топ дүйнөлүк практикада эң коркунучтуу саясатчылардын катарын толуктайт) Биздин өлкөдө бул адамдардын капиталы дээрлик өлкөнүн бир жылдык бюджетине барабар. Бешинчи топ өздөрүн саясий майдандан алыстатпаш үчүн элдин назарынан түшпөгөндөр же башкача айтканда саясий лидер эмес, жөн гана саясий фигура катары калыптанган топтогулар жана саясий ишмерлер. Ал эми акыркы топ булар чындап эле мамлекетти өзгөртүүнү, башкаруу системасына кардиналдуу реформа киргизүүнү каалаган топ. Тилекке каршы бул топтогулар биздин жаңы тарыхта өтө аз. Арийне өлкө өзүн өзү толук кандуу актабаган эки революциядан кийин биз жогоруда санаган категориядагы саясатчылардын катары космостук ылдамдык менен өсүп чыкканы аз келгенсип, ушу убакка чейин мамлекеттик бийик кызматтардын жоопкерсиздиги жана ал кызматты аркалаган чиновниктердин адис катары эмес саясатчы катары калыптанып калышына эки бийлик тең шарт түзүп бериши жакын арадагы же жакынкы келечектеги президенттик шайлоолордо мындай көрүнүштөр кайталана беришин шарттайт. Учурда тилекке каршы ошол эле кандидаттар арасында бул синдромду "демократиянын балалык оорусу катары" мүнөздөп келишет. Бирок, мындан өткөн жоопкерсиздик, шайлоо процедурасын эле эмес, жалпы шайлоочуларды сыйлабастык экенин моюндарына алышпайт. Эгерде биз таза шайлоого жетишип, азыркыдай "ары жок тооктун түшүнө акталган таруу кирет" кылбай, чындап мамлекеттин келечегин ойлой турган болсок шайлоо процедурасын татаалдатуу, ага карата мыйзамдык базаны чыңдоо маселеси келип чыгат. Ошондо гана азыркыдай ар бир колоттон бирден кандидат чыгаруу оюну өзүн өзү тыйып, реалдууу гана талапкерлер чыгуусу мүмкүн.

Айдар Козуев








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??