Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Чолпон-Атадагы чоң мелдеш
"Кабылан" дале чемпион!
Өткөн жуманын аягында Ысыккөлдүн Чолпон-Ата шаарында КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыргыздын улуттук оюндарынын жанданышына ири салым кошкон маркум Асанбек Көлбаевдин урматына арналган 4 -турнир болуп өттү. Рес-публиканын бардык аймактарынан катышкан бул спорттук ири иш-чара негизинен улуттук кыргыз күрөш, көк бөрү, кунан жорго, ат жорго жана аламан байге оюндарынан туруп, улуттук оюндарды сүйүүчүлөрдү майрамдык маанайга бөлөдү. Салтка айланып, ушуну менен 4 -жолу өтүп жаткан бул турнирдин быйылкы байге фонду жалпысынан 500 миң сомду түзүп, спортчуларыбызды шыктандырып турганын айтканыбыз жөндүү болор.
Иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөгөн маркумдун байбичеси Мая Алиева аталган турнир кыргыз элин ынтымакка чакыруу, жаштарды спортко кызыктыруу максатында уюштурулуп, жылдан жылга оюнга катышуучулардын саны арбып, жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп келе жатканын айтып, жалпы элди биримдикке, ынтымакка, тынчтыкка чакырып өттү. Иш-чара арасында аталган спорттук иш-чаранын уюштуруучусу, демилгечиси, "Асанбек" дыйкан чарбасынын башчысы Мая Алиева менен чакан маек курдук.


- Мая эже, аталган турнирди уюштуруунун негизги максаты эмне эле?
- Мен турнирдин ачылышында белгилегендей, оюндун башкы максаты эле ушул кыргыз элин ынтымакка чакырып, жаштарыбызды сергек жашоого, спортту сүйүүгө үндөп, жалгыз эле саясат менен алпуруша бербей, улуттук спортубузга да көңүл бөлөлү деген максат болгон. Негизинде балдарымдын атасы, ыраматылык жолдошум Асанбектин урматына, анын жасаган эмгегине таазим этүү ниетибиз да бар.
- Жолдошуңуз спортту сүйгөн инсан болгонбу?
- Ооба. Ал өмүрүнүн дээрлик тең жарымын ушул спорт тармагына арнап, көзү өткөнча эле кыргыз спортун көтөрсөм деп жүргөн, улуттук оюндар дегенде ичкен ашын жерге таштаган адам болгон. Анын көзү өткөндөн кийин балдарым документтерин карашса, эмгек китепчесинде эки гана жазуу туруптур. А дегенде колхоздун жумушучусу инструктор-механик болгон, андан соң, ушул Чолпон-Ата районунун Спорт комитетине жетекчи болгон. Ошол бойдон 30 жылдан ашык ушул кесибин аркалап, шаарга эле эмес, жалпы облустун спорт тармагынын жанданышына көп эмгек жасады. Сууда сүзүү, кайык менен сүзүү, жеңил атлетика, күрөш, бокс, кийинчерээк таэквондо залдарын ачып, бул залдардын баарына керектүү шарттарды түзүүнүн артында иштеди. Жыйынтыгы жаман болбой, анын шакирттери СССРдин, Кыргызстандын алдыңкы спортчуларынан болушту. Мыкты спортсмендердин чыгышы үчүн мыкты спорттук мелдештер өтүп турушу керек деп, өзү көп мелдештерди, турнирлерди өткөрүп келген. Анын ийгилигинин дагы бир сыры СССР убагында ошол чоң державанын олимпиадалык курамы жыл сайын Чолпон-Ата шаарында сбордон өтүшчү. Асанбек ошол жүздөгөн спортчуларды шаарга жайгаштырып, керектүү шарттар менен камсыздап, өзүнүн спортчуларын аларга аралаштырып, шыгына шык, демине дем кошчу. Ошондон улам аны ошол кездеги спорт тармагын тейлеген адамдардын баары сыйлачу. Москва олимпиадасынын, Рим олимпиадасынын ардактуу коногу катары чакырылган, СССРдин дээрлик бардык мамлекеттерине, андан тышкары чет жерлерге да атайын чакыруу алган кадыр-баркы бар инсан болгон. Акыркы жылдары, өзгөчө кыргыз улуттук оюндары балбан күрөш менен көк бөрүгө басым жасап, унутулуп бараткан бул оюнду жандандырып кетти. Андыктан мындай адамдын артында калган эмгегин эскерип, жаштарга үлгү катары тааныштырып, ошону менен катар элге жакшы маанай тартуулоону балдарым ылайык көрүштү. 2008-жылдан бери карай өткөрүп келе жатабыз.
- Спорт тармагына эле эмес, башка да көп кайрымдуу иштерди кыларыңызды жердештериңиз айтып келишет. Киреше булагын билсек болобу?
- Бардыгы жараткан Алланын колунда. Кудайга ишенип, Куранда көрсөткөн түз жолдор менен аракеттенсек, эмгегибиз сая кетпесине ишенем. Мен анчалык деле ашып-ташыган бай эмесмин, алты бала, алардын балдарын өз мээнетим менен багып, андан ашканын эл журтка каралашып келем. Ыраматылык жолдошум тирүү кезинде, "Асанбек" дыйкан чарбасын түзүп, чарбачылык менен алектенип калдык. Биз жер иштетүүдөн сырткары асыл тукум жылкыларды өстүрүү жана асыл тукум сүт багытындагы уйларды өстүрүү менен оокат кылабыз. Өзүңөрдүн кабарыңар бардыр, учурда ошол таза кандуу жылкы тукумунун баасы кымбат. Биз кулундарды, күлүктөрдү кымбат сатабыз. Ошондой эле жайкы мезгилде ушул тегеректеги пансионат, эс алуу жайлардын көбүн айран, сүт, каймак, быштак сыяктуу азыктар менен камсыз кылабыз. Мындан дагы жакшы каражат түшөт. Балдарымды атасы жакшы тарбиялаган, баары тең жогорку билимдүү, азыркы шартты жакшы түшүнүп, мээнеткеч. Мен дагы өзүм деген сараң адам эмесмин. Мен кымбат кийинип, курсагым ток болуп, телегейим тегиз болуп турса, жанымдагы коңшум ач-жылаңач отурса, ушул калыстык болобу? Эл көргөндү көрүп, эл менен бирге болсом, Аллах ошончолук берекесин берет деп келем. Кыйналып, жардам сурап ким келбесин, эшигимден куру кол чыгаргандан корком, уялам. Мына өткөн жылы Аксуудагы балдар үйүнө жардам кылып, андан 124 балага бут кийиминен баш кийимине чейин жабдып келдим. Жергиликтүү элге жардам кылып жол салдык, ооруканага автоунаа алып бердик. Мунун баарын эми айтып мактаныш үчүн эмес, соопчулук үчүн, элимдин кыйналган турмушун колдон келишинче жеңилдетиш үчүн балдарым чын ниети менен жасап келишет.
- Элге эмне дейсиз?
- Элге айтаарым, кыргыз эли кечиримдүү, акылман, сабырдуу эл болгон. Азыр дагы бизде ынтымак бекем болуп, элди бөлгүсү келгендерден алыс болуп, ар нерсени акыл менен чечсек деп айтат элем. Мына алдыда шайлоо турат. Бөлүнүп-жарылбай, жакшы башчы шайлап алсак, элдин башына кыйынчылык түшкөндө бекем туруп, өзүнүн билимдүүлүгүн, сабырдуулугун, тажрыйбалуулугун көрсөткөн учурдагы президентибиз Роза Отун-баеваны сый-урмат менен узатсак дээр элем.

Тынчтык
Алтымышев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??