Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт

Ашыраалыны эскеребиз

Биз ушул рубриканын астында кыргыз үчүн опол-тоодой эмгек калтырган же тарыхтын бир бурчунда билинбей катылып бараткан инсандарды эскерүүнү туура көрүп отурабыз.

Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз Улуттук филармониясынын директору:
"Карагул ботомду" Ашыкемчелик эч ким ырдаган жок"...
- Ашыкем менен 1970-жылы филармонияда иштеп калганда тааныштым. Ага чейин мурда концерттерде бири-бирибизди көрүп калчубуз. Анан ошол жылы талаада гас-тролдо жүргөндө жолугуп, ошондо биринчи учурашып ырдагам. Ошол мезгилден тартып, Ашыкем менен а кишинин көзү өткөнчө көп жыл бирге ырдаштык. Сахнада бирге айтышып жүрдүк. Эми мындай баа берип айта келгенде, Ашыкем чоң залкар акын эле. Ошол эле учурда санжыраны да сайраган чечендиги бар эле. Обондору кыргыздын нак эл сүйгөн классикасына айланып кетти. Аны жалаң кыргыз эмес коңшулаш казак эли да өзүнүн обонундай кылып, ырдап жүрөт. Ашыкемдин мен билген бир өзгөчөлүгү, бир күнү экөөбүз Көлгө командировкага барып калдык. Экөөбүз гана концерт койдук да. Эл ушунчалык көп. Анда эски театр болчу. Бир маалда мага: "Замирбек , ушул театрда көп жыл иштедим эле. Ырдагым келип, эргүү келип турат. Мен бир ырдайынчы" деп калды. "Ырдаңыз" дедим. Экөөбүз концерттин башында чыгып саламдаштык. Анан Ашыкем обондуу "Жылкычы", "Ак шоокум", "Нарындан жазган салам кат" ж.б. ырларын ырдады. Демейде ырдап жүргөн, кулакка сиңип калган ырлары төрт куплеттен эле. Ашыкем ошондо ар бир ырды он куплеттен ырдады. Мен бери жакта таң калып угуп атам. Себеби, калган куплеттерин а киши даярданбай эле, турган жерден обонго салып жаратып атты да. Мына бул кишинин акындыгы. Ошол жердеги жараткан саптары тиги кулакка сиңип калган ырынан эч айырмаланбайт, ашса ашат. "Карагул ботомду" мен уккандан Ашыкемчелик деңгээлге жеткирип, эч ким ырдаган жок. Анткени, анын обонун Ашыкем өзү жараткан. Командировкада жүргөндө бул ырды адатта он беш мүнөттөй ырдачу. Ал эми илхому келип, эргигенде бир сааттай ырдачу. Жогоруда мен айткан ыр саптарындай эле төгүп ырдаганда, улам жаңы саптары, кайрыктары биринен-бири ашкан шумдук болчу. Ал ыры элдин көзүнө жаш алдырып, иши кылып, буркурап-боздоп ыйлап аткан адамдарды көрдүм. Бул Ашыкемдин бийиктигин, залкар аткаруучу экендигин аныктап турат. Анан Ашыкем менен биз өзүбүз көп айтышып ырдадык. Бул кишинин таалим-тарбиясын мен көп алдым. Акындыктан мурда, бу киши жакшы карыды. Баягы "карылыкка жетип, касиетке жетпеген жаман" деп кыргыздын макалында айтылгандай, карылыкка да, касиетке да жеткен адам болду. Элибиздин сый-урматына ээ болуп, кай жерге барса да, "Ашыраалы, Ашыраалы" деген сыйда жүрдү, көзү өткөнчө. Мен ушундай адам менен бирге иштеп, тарбиясын алып калганыма өтө сыймыктанам. Мага айтып койчу "Замирбек, биздин сөзүбүздү көп угуп, тыңшап жүр. Бизди даңаза кыла турган сенсиң. Сен ырдайсың аларды" деп. Жашоонун мыйзамы ушундай болот экен, биринин артынан бири келет экен. Мына алардын бири агамдай болгон Ашыкем жөнүндө сурап атасыңар. Өз доорумда Ашыкем, Токтокем, Мамбет байкелер менен эң кичүүсү болуп, ырдап келдим. Алардын эң аксакалы Ашыкем эле. Бул кишинин ачууланганын көргөн жокмун. Бирөө калп сүйлөп, чындыкты бурмалап баратса чыдабай кетчү. Андай кезде туталанып, өзүнүн бир оюн айтып, күйүп-бышып жиберчү. Улам жашы өйдөлөгөн сайын Ашыкемдин оозунан бейчеки орой, одоно, жеңил-желпи сөз чыккан жок. Салабаттуу сүйлөчү.

Неля апа, байбичеси:
"Кыргызда акын калбай калабы" деп күйүп-бышчу"

- Ашыраалы атаңар акыл эстүү, жоош адам болчу. Кээ бирлерге окшоп ичи тарлыгы жок, балпайып жүрө берчү. "Кыргыз элим" деп күйчү. Ачуусу да бар эле. Ал кишиде да анча-мынча кыял бар эле, чарт-чурт этчү. Бирок, анын аягына жетчү эмес. Кенебеген киши эле да: "тигиге жетпей калдым, буга жетпей калдым" деп турмушта көп кайгырчу эмес. Чындыгында мен аялдык кылып: "ой тиги наам алып атат, бул наам алып атат. Ушунча жыл жүрүп Кудайды карасаң боло" десем. "Койчу байбиче наамды өкмөт өзү берет" деп, наам алайын, элге таанымал болоюн деп жулунуп-жулкунган жок. Өкмөткө ишенип жүрө берчү. Атаң экөөбүз баш кошкондо, ал киши 49 да, мен 35 ке караган мезгилим эле. Ошондо үйү жок жүргөн кези экен. Өмүрүндө өкмөттүн астына барып, "үй бер" деп сураган киши эмес. Үйлөнгөндө ар кайсы квартираларда, ар кайсы орустун үйлөрүн жууп-тазалап жашадык. Эгерде, жулунган киши болсо, илгери эле үй-жайлуу болуп, эл алган наамдарга ээ болот эле. Бу киши наамды кеч алды. 1982-жылы "Эмгек сиңирген артист" деген наамга ээ болду. Ошентип, экөөбүз канча жыл квартиралап жүрүп, ушул квартираны чындыгы атаңдын наамына тийди, бирок чуркап жүрүп алган эмгек меники болгон.
Атаңар кайнатамдын жалгыз баласы. Кайнатам райком. , Рай.исполком, ЦКда да, иштеген чоң кызматкер болуптур. Мына атаңдын жолуна түшкөн акын балдар чыгып келатат. Алардын бардыгына ушу кишинин устаттыгы, билими, тарбиясы өткөн. Акындар төкмө жана жаттама деп экиге бөлүнсө, бу киши төкмө акын болчу. Бир кишини азыр сүрөттөп ырдаса, экинчи жолкусунда ошол эле кишини башкача сүрөттөп төкчү. Бул кишинин тулку бою ыр болчу. Күйүп-бышкан киши эле. Эстебес, Тууганбай, Замикелер болуп, 4-5 акын эле жүрүп калышты. Мен келгенде Замике кичине бала болчу. Замирбек, кечээ өтүп кеткен Т.Абдиев да атаңардан кандай ырдаш керек, кандай айтыш керек үйрөнүп, сабак алышчу. Ал эми Ашыке өзү акын Осмонкул Бөлөбалаевди ээрчип, ошо кишинин тарбиясын алыптыр. Осмонкул атанын койнуна жатып, үйүндө деле жашабай, ал кишинин жеке мектебинен окугандай болду да сыягы. Анан эми жанагы беш акын... Утур Кудай керегин алат экен, раматылык Токтосун 56 жашында кетип, анан Эстебес кетип акындар жукара баштады. Ошондо байкуш "эми акын болбой калабы, бизден кийин акын чыкпай калабы" деп күйүп, жаман болуп жүргөндө, Кудай өмүрүн берсин Садык Шернияз уулу "Айтыш коомун" ачып берди. Анда атаң музыкалык мектептерде сабак берчү. Анан ошол Садык Шернияз Ашыраалыны чакырып алып: "Ашыке эми кыргыздардан акын чыкпай кала турган болду. Өлүп калсаңар бизден эч ким чыкпай калат. Мен балдарды чогултуп берейин эптеп ошол балдарга таалим-тарбияңызды берип, үйрөтүп, жол көрсөтүп бербейсизби" деп Ашыраалыны чакырган. Мектептен бошонуп алып, Ашыкем "Айтыш коомуна" барган. Мына Кудайга шүгүр канаттарын кагып, атактары чыгып , жаңы учуп келаткан акын балдар чыгып атат. Алар атаңдын үйрөткөнүн жолго салып кетти. Бул акын балдар айтышка бир жакка кетсе, байкуш сарсанаа болуп: "балдар утса экен, артта калбагай эле, кантти экен" деп түнү менен ары-бери басып, насывайын тартып, уктачу эмес. "Айланайын эми, Кудайдын буйруганы болоор" десем деле болбой үшкүрүнчү. Анан "балдар утуптур, баланчанчы орунду алыптыр" дегенде тимеле каткырып күлүп, жаман көйнөгүнө батпай энеси жаңы төрөгөндөй кубанчы да байкуш. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" дегендей бери жакта отуруп алып, өзүмдүн балдарымдай "ушуларымдын жакшы жагын уксам" деп акын балдарыма күйүп-бышып, мен дагы кубанып отурам. Бул балдарды өзүмдүн төрөп алган балдарымдай көрөм. Рахмат, атаңардын көзү өтүп кетсе дагы, "апалап" сыйлап, концерттери болсо, эшиктин астына машинесин айдап келип алышып, колтуктап салып барып, кайра үйгө жеткизип коёт. Бул сый эмей эмне, балам?!

Анара Мадиева, эмгек сиңирген ырчы:
"Ал киши мыкты
фотограф болчу"...

- Менин альбомумдагы жаш кездеги сүрөттөрүмдүн көпчүлүгүн ал киши тарткан. Абдан жогорку деңгээлдеги фотограф болчу. Ал акын гана эмес, сүрөтчүлүк жайы да укмуш эле. Барган жерде мектептин алдыңкы окуучуларын, эмгектин алдыңкыларын, өзү ырдап жүргөн жылкычыларды, саанчыларды баарын эстеликке сүрөткө тартчу да, кийинки жылы гастролго барганда алып барып берчү. Бизди болсо, жаш жаңы келген кыз-келиндерден баштап, өзүнүн заманындагы Э.Турсуналев, Г.Сейиткулова, А.Шаршенов, З.Үсөнбаев, Н.Таабалдиева ж.б. баардыгыбыздын жаш кезибизден акыркы күндөргө чейинки Ашыкем тарткан сүрөттөргө менин альбомумдун тең жарымы толо.
Анан ал кишинин ырларын жакшы ырдаса, кунт коюп, уктагансып көзүн жумуп алып, термелип аябай укчу. Бир илхому келгенде мага үйгө чалып алып: "карыганда да күйөт экен. Менин карыгандагы күйгөндөрүм, мына жазып койчу" деп, телефондон күйгөндөрдөн укмуш кылып он куплеттен жаздырган убактары болгон. Мен анда ал кишини "өлүп калат" деп деле ойлобоптурмун. Болбосо жаздыргандарын катып коймокмун да. Тиричиликте адам деген ушундай турбайбы өлгөндөн кийин баркын билип "и-ий" деп калат экенбиз.

Келдибек Ниязов, куудул:
"Казакча да төгүп жиберчү эле"

- Ал кишини жаш-кары дебей эле Ашыке дечүбүз. Бир чети мага жезде болот. Кемпири Неля эже биздин айылдан болуп, жезде-кайни болуп калганбыз. Филармонияда Эстекем (Э.Турсуналиев), Замике (З.Үсөнбаев)ж.б.болуп 20 жыл бир бригадада чогуу иштедик. "План толтурабыз" деп эле темселеп, талаа-түздү кыдырып, үй бетин көрбөй концерт коюп жүрчүбүз. Ошол концерт коюп жүрүп, конок болуп калчубуз да, анан Ашыке алыңыз, ырдаңыз деп эле сыйлап турушчу. Чоң акын эле. Акындардын улуусу да, сыйлуусу да болчу. Кээде эргип турганда "бүгүн сүйүү ырларынан ырдайынчы" деп калчу. "Биздин айылда" деген ырында өзүнүн айылындагы жылкычы, койчу саанчынын баарын атап ырдап келип, кайырмасын "ушунун баары биздин айылда" деп кайрып койчу. Бул киши абдан унутчаак эле. Адаттагыдай концерт берип жүрөбүз. Бир күнү сахнада "Биздин айылдасын" ырдап атат. Мен саханын капталында отургам. Анан айылында саанчысы бар эле Люся деген орус. Ырдап атып саанчысынын атын таппай калып, мага карап: "А-ай кайним, саанчынын аты ким эле?" деп менден сурап атпайбы. Мен: "Люся" деп кыйкырып койдум. Элдин баары кыраан-каткы түшүп жатып калды.
Ашыкенин дагы бир жери тарыхый китептерди көп окуп, чайчыл болчу. Портфелинде дайыма индия чайы жүрчү. Гастролго барып калганда эле: "мага жеке номур бергиле" деп жалгыз бөлмөдө китебин окуп, индия чайын буркуратып жатчу. Анан комузда эле эмес, казактардын домбрасын укмуштуудай чертчү. Казакча ырдап, казакча төгүп жиберчү. Ашыкемдин атасы убагында исполком болуп иштеп, абдан эрке өскөн экен. Карыган кезде деле, томполоңдоп алып, тызылдап укмуштуудай бат чуркачу. Талаа-түздө жүргөндө "кел арыктан аттап мелдешели, жарышалы" деп эле турчу да. Мелдешип эле жатчубуз. Тигил жактан Нуржамал (Таабалдиева), Анаралар (Мадиева) каткырып күлүп калышчу.

Нурайым
Рысмамбетова









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??