Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Кыңыр иш кырк жылда

Садыркуловдун өлүмүнө Мадумаровдун катыштыгы барбы?

Мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун трагедиялуу өлүмүнүн сыры эки жылдан бери ачылбай келаткан. Ал эми ушу жумада Ички иштер министринин (ИИМ) орунбасары Мелис Турганбаев маалымат жыйынын өткөрүп, бул окуяга байланышкан тирукмуш фактыларды жар салды.

Мелис мырзанын айтымында, жүрөк титиреткен окуяны уюштурууга жалпысынан 26 адам катышкан. Булардын алтоо кармала элек болсо, калгандары торго түшүп, учурда сурак берип аткан чагы. Ал ортодо ИИМ орунбасары Мелис Турганбаев окуянын кандай болгонун ачыкка чыгарды. "Мурунку президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барышкан. Ошол жерден өлтүрүшүп, ал жерден Кой-Ташка алып барып, сөөгү табылган жерден өрттөп кетишкен" дейт ал. Ошондой эле чек ара кызматынын экс-төрагасы Замир Молдошев сурак берип атыптыр.
Мындан сырткары, Медет Садыркуловдун жол кырсыгын уюштуруучулар жана Өмүрбек Осмоновду өлтүрүүгө кылмыш чөйрөсүнүн алты өкүлү (Алманбет Анапияев, Бакыт Байжанов, Кенешбек Матмусаев, Ильгиз Аттокуров, Талантбек Чолпонбаев, Фурхат Джуманов) тартылыптыр.

Адахан
Кимсанбаевдин
карааны калдайып чыгып...
Кулак делдейтчү жаңылыкты Мелис Турганбаев өзү журналист журтчулугуна шардана кылды. Анын белгилешинче, буйрутма өлүм тууралуу ошо кездеги чиновниктердин жоон тобу кабардар болгон жана эми алар жоопкерчиликке тартылышы керек. Булардын катарында агездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы да бар. Журналисттер тактоо иретинде: "Ошол мезгилде Коопсуздук кеңешин Адахан Мадумаров жетектегенби?" деп сураганда Мелис мырза: "Ооба" деген так кесе жообун узатты.
Аргасыздан жакаңды кармайсың. Бүгүн минтип бакыйган бир партияны - "Бүтүн Кыргызстанды" башкарган, келечекте президент болом деген Адахан Кимсанбаевич неге бул окуяны билсе да билмексенге салып, эки жылдан бери тымпыйып унчукпай жүрдү экен? Ушул сыяктуу бүйүр кызыткан суроолордун жандырмагы жакын арада чечилер. Себеби, Мелис мырза тергөөнүн жүрүшү боюнча так маалыматтарды берип турарын бизге убада кылды...

Абай КАПАРОВ




  Сөздөн ишкеби?

Өкмөт баштаганын таштабашы керек
Кыргыз өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүп, элдин турмушун оңдоо жаатында кылган аракеттери жаман эмес. Экономикалык реформаны ишке ашырып, мамлекеттин казынасын толтуруп, натыйжалуу экономикалык башкаруу системасын калыптандыруу боюнча кылып жаткандары сөз кылууга арзыйт. Мына аз күн мурда эле 40 улуттук долбоордон куралган 2012-2014-жылдарга карата өлкөбүздүн өнүгүүсүн белгилеген программаны ишке киргизди. Автору өзү экен. Грузиядан экономикалык реформасынын атасы делген Каха Бандукидзени чакырганы да бекер эмес окшойт. Сыягы, анын тажрыйбасынан бөлүшүп, баалуу кеп-кеңештерин алган болсо керек. Долбоорлордун жалпы баасы 8 млрд. 300 млн. доллардын башын чапчыйт. Ушуга арналган өкмөт жыйынында Өмүрбек Бабанов долбоорлор алдыдагы үч жылга карата экономикалык жактан өнүгүүнүн локомотиви болушу керектигин айтты. Салык жыйнамдарынын көлөмүн көбөйтүп, жаңы жумушчу орундарын пайда кылуусу зарыл. "Кыска мөөнөткө өнүгүүнү караган программанын башкы максаты бюджеттеги дефицитти кыскартуу. Биз ага жетишебиз. Азыр дефицит ИДПга карата 8,1 %ды түзөт. Программа иштей баштаганда 2 эсеге азайса, 2014-жылы 2,2 %ды түзүп калышы керек" деп айтты өз сөзүндө. Мындай кыска убакытта кайсыл акчанын, кайсыл кирешенин эсебинен дефицит көлөмү азайышы мүмкүн деген суроо пайда болбой койбойт. Ага кантип жетишүүнүн жолдору да ушул эле программада айтылат. Биринчи кезекте министрлик, ведомстволордун чыгымдары 20%га кыскартылат. Жалпы улуттук паспортту жасоо жаңы компаниянын мойнуна жүктөлсө, уруксат берүүчү лицензиялардын саны кескин кыскарганы жатат. Мамлекеттик тейлөө кызматтарында тартип орнотулуп, жарандарды жөн эле тоногон кызмат көрсөтүүлөр кескин кыскартылып 300дөйү гана калат. Расмий маалымат боюнча мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 20 миңден ашат экен.
Булардан сырткары автоунааларды техникалык (атайын эл ташуучу, жүк ташуучу автоунаалардан башкалары) кароодон өткөрүүнү жокко чыгарып, өлкөгө келген туристтердин санын арттыруу максатында 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат бериле баштайт. Визасыз жүрүү режими 57 өлкөгө карата киргизилип, мунун натыйжасында 2013-жылы туристтердин саны 30%га көбөйсө, 5 жыл аралыгында туристтердин агымы 2 эсеге өсүүсү күтүлөт. 3 жылдан кийин туристтерден түшкөн киреше 2,5 млрд. сомго жетиши керек. Бул курулай эле кыялдардан чыккан нерсе эмес. Туризм тармагынын азыркы абалынын негизинде эсептелип чыккан көрсөткүчтөр.
Программада ошондой эле мамлекеттик мүлктөргө болгон мамиле түп тамырынан өзгөртүлөрү айтылат. Эгерде буга чейин мамлекеттик өндүрүш объектилери талаш, тартып алуу, басып алуулардын себепчиси болуп келген болсо, мындан ары бюджетке киреше түшүрчү объектилер катары эсептелет. Өкмөт мындай объектилерди ири инвесторлордун колуна өткөрүү менен алынган кирешенин суммасын көбөйтүп, жумушчу орундарын түзүүгө басым жасай баштай турган болууда. Ага бир мисал, ушул жылдын аягына чейин Мегаком компаниясынын мамлекетке тиешелүү акциясы сатылганы жатат.
Кыска айтканда, Өмүрбек Бабанов иштеп чыккан бул прог-раммада экономикалык натыйжалуу жагдайлар, шарттар каралгандыгын байкоого болот. Бул жигит эми экономикалык идеяларын турмушка ашырууну өзү колго алып, башында өзү туруусу зарыл. Көзөмөл, талап күчтүү болсо, программада айтылгандарды ишке ашыруу толук мүмкүн.

Айзада Осмонова





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??