Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Кудай ай!

Качан оңолор экенбиз?
Ооганстанда ондогон жылдардан бери согуш жүрүп келатканы бардыгына маалым. Тынччылыкты кимдер гана каалабасын. Алар деле тынч жашап, башкалардай өмүр сүргүсү келет да. Чындыгында эле карапайым оогандыктар согуштан жедеп бүтүштү. Бирок, элитасынын, эл башкаруучуларынын дүйнөпөрөстүгүнөн улам, далай жылдар мурун тутанган согуш оту аягына чыкпай, өчпөй келет. Албетте, караңгылык, билимсиздик да кедергисин тийгизбей койгон жок. Сабатсыз жаштарды акчалуу дин кызматкерлери өздөрү каалагандай колдонуп, жеке кызыкчылыктарын аткартып келишүүдө. Бул эч кимге жалган эмес. Мына ушунун кесепетинен согуш оогандыктардын канына терең сиңип, күнүмдүк көрүнүшкө айланып баратат. Апыртып айтканда төрөлгөн баласы автомат кучактап түшөт экен. Дегеним, азыр алардын арасында бийигирээк дөбөчөгө чыга калып, учуп бараткан вертолеттун барасына эки учуна таш байланган арканды ыргытып, абадан кулатып түшүргөндөр, баатырдай сезилип калыптыр. Көрсө, барага аркан ороло түшүп, айланбай калат экен да, кулайт тура.
Ал эми Германияда болсо кыз жигит эмес, эки эркек чыпалактарынан жетелешип басып, көчөдө туруп алып кадимкидей кумарлуу өбүшүп жатканы кадыресе көрүнүш экен. Алар үчүн бул көнүмүш нерседей болуп калыптыр. Эч ким таңыркабайт, жаман көзү менен карабайт. Жакында Германиялык эки турист Кавказга саякаттап барышкан экен, аларды жергиликтүү эл коноктоп, жакшы сый көрсөтүшүптүр. Анан кавказдыктарды билесиз да, тамшандырган винолорун куюп, (абдан күчтүү болот эмеспи,) ал катуу таасир берген өңдөнөт, баягы эки конок винодон улам уурттап отуруп, абдан кызышып, кармана албай калышканбы стол үстүндө, жергиликтүү элдин көзүнчө экөө эзилишип баштаптыр, оңбогурлар. Мындайды көрбөгөн каны кызуу кавказдыктар экөөнүн колу-бутун таңып, тумшуктарын сындырып, тоодон ылдый тоголотуп жиберишиптир. Таза кандуу, намыстуу деп ушуларды айтсак болчудай. А биздечи? Бизде болсо, эки эркектин ээрчишкени немистердей эле көнүмүшкө айланып бараткансыйт. Алардын клубу борбор калаанын чок ортосунда жайгашканы айтылып келет. Атургай, ага үлкөн саясатчылардын бир даары барары дагы каңшарланууда. Айтор, уят-сыйытты, адеп-ахлакты жыйыштырган, аталадай аралашкан заманды куруп алдык. Бул бир деңиз.
Жогорудагы жоболоңдуу жоруктар башка элдердин канына сиңсе, бизди шайлоо деген мээнет чырмап алганы өтө өкүнүчтүү болуп баратат. Калп эмес, каныбызга сиңип бүттү. Шайлоо дегениңдин атасын таанытып, энесин окутуп баштадык. Жыл сайын шайлоо. Шайтан оюндардын аки-чүкүсүнө чейин изилдеп, калчап, өздөштүрдүк. Добуш алуунун түрлүү жолдорун таптык. Сатып алмай, атып алмай, уурдап алмай, коркутуп алмай, туугандашып алмай койчу деги, баары бар. Шайлоонун дүйнөлүк демократиялык стандарттары, биз үчүн "чепуха" болуп калды. Ооз көптүрө ошол дүйнөлүк шайлоо стандарттары тууралуу сүйлөп, аны бетке кармаганыбыз менен бер жакта өзүбүз билген намазыбызды окуй беребиз. "Эй, мобуга салып койчу" деп, чөнтөгүн кызарта койсоң, эртеси баары беш. Шайлоо десе энебиз эркек туугандай сүйүнгөнүбүзчү. Саясат жыттанган берүү болсо, уктабайбыз. "Парламентти көрдүңбү, мен түңкү төрткө чейин уктабадым" деп ооз көптүрө сүйлөйбүз. Бечара кыргызым.
Мына эми президенттик шайлоо болот деп күпүлдөп эле атабыз, күпүлдөп эле атабыз. Эки адамдын башы бириккен жерде эле шайлоонун сөзү. "Кандай болор экен, ким жеңер экен" деп үйүнөн алысты көрө албай элейгендер, "мобул биздики, түштүктүкө десе, э койчу, аның тиги уруудан да" деп кыжылдашкандар, "ким көбүрөөк берсе ошону шайлайт элем" деп, мурутун ушалагандар жүрү. Акыйкаттуу өтсө экен, таза шайлоо болсо экен, калыс адам келсе экен дегендер дээрлик жокко эсе. Кыскасын айтканда касиетибизди жоготуп баратабыз десек болчудай. Болбосо, кыргыз деген улуу калк эмес беле, кыргыздын кыргыздыгын сактап турган улуу нерселери бар эмес беле. Алар кайда? Аттиң дейсиң. Бармагыңды тиштейсиң. Башка айласын таппайсың. Түшүнүгүбүз кыздардын кыска көйнөгүнөн ашпай калды. Эртең мененкиден баштап, кечке чейин ошону көрүп, ошону гана ойлонобуз. Терезеден шыкаалап, өтүп баратып кылчайып, көздүн кыйыгын таштай коюп. Ай, бечара кыргызым.
Албетте, үмүт менен ишенич өлбөсө экен деп тилейсиң. Улуу салттарыбыз кайра жанданса, кыргызымдын намысы ойгонсо дейсиң. Үмүтсүз шайтан дегенди эстегенде, дагы күтө турайынчы дейт экенсиң. Бирок, кыргыздар күтүп эле келатат. Эки төңкөрүш болду, өзгөрбөдүк. Үмүттөр эки ирет тепселенип калбадыбы. Азыр ажолукка аттангандар дагы жакшы нерсени ойлоп жатканынан күмөнүм бар. Эптеп-септеп президент болуп алсам болду дегендер. Кимисине барба, убаданы мол берип, асмандагы айды аперем дейт. Кийинкисине жооп даяр "бул деген саясат да" деп, жылуу-жумшак, сыпаа сүйлөшөт. Анан күйбөгөн жериң күл болот да. Урайын десең соттолосуң, камаласың... Өзүңдү өзүң сооротосуң. Саясатта бардык ыкманы колдоно берсе болот экен да. Эмесе, ошол талапкерлер эптеп-септеп көбүрөөк добуш алыш үчүн, кандай ыкмаларга барары туурасында божурайлы. Санап берейин, салмактуу кылып.

Таш талканы
чыккан үгүт иштери
"Оо-мийн" деп бата тартып, "старт" бергенге чейин эле кээ бир эрендер аттарын камчылап, көмүскө үгүт иштерин баштап ийишти. Мыйзамды буйтап өтүшүп, же тебелеп-тепсеп деп койсок да болчудай. Шаардын көчөлөрүнө жарнактарды каз катар тизип ташташты. "Чабал өрдөк мурда учат" десе мурдагы кыргыздар уялышчу экен. Азыр болсо баары бир, бузулган заманга шылтап, табактай болгон бетти сыйрып ташташты. Биздеги беттер калың да. Кызарбайт. Сыйрысаң түгөнбөйт. Жарнактарда сонун сүрөттөр, кооз сөздөр бажыраят. Жакшылап карасаң, аркасында аламанга аттангандардын кулагы кылтыйып көрүнүп туру. Президент болчу адамдар уялбай артына жашынып алган. Ал эми старт башталган күндөн тарта, ар бир гезит, радио-теле ошондой эле интернет айдыңы талапкерлердин жалындуу сөздөрүнө, ишенимдүү түшкөн сүрөттөрүнө кайнап чыгат. Кыргызстанды түрө кыдырмай башталат. Бул добуш алмайдын күнгөй гана бети.

Медалдын экинчи бети,
акча жана арак
Добуш алуунун Кыргызстанда кеңири жайылган түрү - акча жана арак таратмай. Уялбай эле ушул жол менен добуш алса болот бизде. Бир бөтөлкөгө келечегин сатып ийгендер биздин өлкөдө жарымынан көбүн түзөт. А акчага келгенде, албай кое албайбыз. "Сунган колду суутпа" деген сөз бар. Берип атса, кантип албайсың. "Бир чайнасаң, май чайна" дешип, жаныңдагылар деле койбойт эмес-пи. Демек, капчыгы калыңдын шансы көп болору турган иш. Шайлоодон өткөндөн кийин ал акчаны кайра эки эселеп сыгып алат деген сөздү уга берип кулак тешилип бүткөн. "Э, алса ала берсин, "эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө" дешет. Бардык региондо ушундай. "Кайда барсаң Мамайдын көрү" дегендей эле кеп. А саясатчыларың куу да. Элди кекиртектен кармап, жумурусун жуктап коет. Болду, добуш даяр. Ай, бечара кыргызым...

Кызмат үчүн таймаш
Административдик ресурс дегениң, добуш алуунун эң ишенимдүү ыкмасы. Муну бийликтегилер гана колдонот. Атаандашы какшап атса да, чыркырап атса да, каратып туруп жасайт. Көгөрүп, көшөрүп туруп жасайт. Көрдүңбү дегенсип, мактаныч менен кылат. Биздин менталитет. Сөзсүз түрдө шайлоо астында губернатор, акимдер, мэрлер, ректорлор ж.б. сөзсүз түрдө алмаша баштайт. Жок эле дегенде бешөөнүн белин мертинтишет. Ушундан улам, шайлоо дегендин аты чыгары менен ар ким тааныш издей баштайт. Кимге эле жетекчилик кызмат жакпасын, ким жылуу креслодон жылмышып кеткиси келсин. Ошон үчүн бардык областтардын губернаторлору, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрү, мектептин директорлору, милициянын начальниктери, ооруканалардын жетекчилери бардыгы кол алдындагыларын кууруп, добуш топтоонун амалын көрүшөт. Анан канча топтой аларын "доложит" этип, бийликти чеңгелдегендерге бөжөңдөшөт. Байкуштар десе.

Жаңыча шайлоо,
жаңы технология
Жакынкы убактан бери, тактап айтканда былтыркы парламенттик шайлоодо добуш алуу үчүн жаңы технология колдонула баштады. Бул ыкма бардыгынан эффективдүү десек жаңылышпайбыз. Шайлоо ишиндеги революция десек болот. Бул ыкма мындай колдонулат. Адегенде, шайлоочуларга арагын да, акчасын да беришет. Оозу мурдунан чыккыча. Бирок, алардын ичинде сатып кетмейлер бар да. Далайларды сызга отургузуп, көчүгүн ташка койгулатып. "Ооба, силер айтканга добуш бердим" дегени менен өз билгенин жасап салышып. Жанагы ыкма дал ушуларга арналат, колдоруна фотоаппараты бар уюлдук телефондорду карматышат. Добуш бересиң, сүрөткө түшүрөсүң дешет. Добуш бергениң анык экендигин далил менен көрсөтөсүң, ошентип. Ушу кезде, бараандуу эле талапкерлердин бирөө чет жактан 50 миң уюлдук телефон алып келип койгондугу тууралуу маалымат тарады. Не дейбиз, кыйын болду кыргызга.

Колу бутун таңалыбы?
Мына ушундай. Бул биз билгендери гана. Мындан тышкары дагы толгон токой ыкмаларды колдонушат, оозду ачырып. Айтор, шайлоо дегенди ар бир жылы өткөрө берип, таза эле көнүп, кыныгын таап алдык. Упчу эмген козудай. Суроо туулат, качан татыктуу адам шайланып, токтоор экен. Мыйзамда көрсөтүлгөн убакка чейин. Дегеним, 2005-жылы парламенттик, жайында президенттик шайлоо болду. Кийинки жылы референдум өтүп, парламентти шайладык. Дагы эки жыл өтпөй 2009-жылы президентти шайладык. 2010-референдум, парламенттик шайлоо болду. Быйыл 2011-жылы кайра президенттик шайлоо. Кийинки жылы парламент тарайт деп жатыр. Болбосо, келген ажо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрөт дешүүдө. Айтор, күн кур эмес дегендей, же "ат тезегин кургатпай" шайлоо өткөрүп жатабыз. Элдин акчасы жалаң шайлоого кетүүдө. Булардан эл пайда таптыбы? Ойлонууга мезгил жеттиби дейм.

Мирлан
Өмүралиев



кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??