Абдылдажан Акматалиев:
"ПРЕЗИДЕНТТИК ТИЛ СЫНАКТА ТАЛАПКЕРЛЕР
КЫРГЫЗЧЫЛЫК КЫЛЫШУУДА"
(Башталышы 4-бетте)

- Оозеки сүйлөөдө талапкер өзүнүн Президенттикке талапкер катары программасын айтуусу керекпи?
- Ошол үчүн Президенттик кызматка талапкер болуп жатпайбы! Программасы болбосо Президенттикке талапкер болуп эмне кылат?! Коомчулуктун айрым бир мүчөлөрү, болбосо комиссияда эле отурган мүчөлөрдүн кээ бирлери талапкердин кыргыз тилинде сүйлөп койгонун жетиштүү деп эсептеп жатышат. Андай эмес. Талапкер мамлекеттик тилде өзүнүн Президенттик программасын ачык-айкын, түшүнүктүү, эң башкысы мазмундуу кылып айтып да, жазып да бериши керек. Телеге канчалаган каражат кетип жатканын талапкер эске алып, пайдалана билүүсү зарыл. Түз эфирди күтүп отурган көрүүчүлөр талапкерди программасы боюнча таанып-билип, кийин шайлоо учурунда ойлонууга жардам бермек. Көпчүлүк талапкер жыйырма жылдык тарыхтагы кемчиликти айтып салганына маашырканышат, тилдеринен чаң чыгат. Кемчиликтерди элдин баары эле көрүп, байкап келе жатат. Менин оюмча, Президенттик орунга талапкер эң алды менен, непадам эртең өзү Президент болуп калса, мамлекетти кантип өнүктүрүп-өстүрөт, кандай жол менен келечекке барабыз, кантип туңгуюктан, кризистен чыгабыз, сырткы жана ички саясатыбыз кандай болот, элдин турмуш-тиричилигинде жылыштар болобу, - сыяктуу ондогон суроолорго жооп бериши керек да! Мен талапкерге добуш бергенде анын жазуусунда да, оозеки сүйлөөсүндө да ушундай маселелер чагылдырылып жатканына көңүл бурам.
- Эмне үчүн комиссияда кээде бир пикир болбой, ачакей болуп жатат?
- Демократиянын көрүнүшү. Ар бир комиссия мүчөсү өзүнүн толук укугун пайдаланып жатат. Мурдагыдай бийликтен кысым жок, пикирин ачык-айкын, эркин, жашырбай айта алат. Анын үстүнө 2000-жылы жазуу, сүйлөө жана окуу талаптарына бир эле корутунду чыгарылчу: "билет же билбейт" деп. Азыр болсо үч талапка үч жыйынтык чыгарылып, анын экөөнү билсе эле өтүп кетип жатпайбы? Ошондон улам талапкерде "мен бирөөсүнөн өтпөсөм да, экөөнөн өтөм" деген туура эмес пикир туулууда. Бул жобонун чийки экендигин көрсөтүп турат.
- Эл ичинде да көп түшүнүксүз суроолор болуп жатат, бир сабакты билбеген абитуриент экзаменден кулайт, студент болбойт да деп...
- Мен бул пикирге толук кошулам. Президенттик кызмат орунга талапкер үч талапты бирдей билгенде гана талапка жооп бериши керек. Болуптур жакшы окусун, жакшы сүйлөсүн, а жазуу ишинде отуз ката кетирсе, кантип мен Президенттикке жарайт деп айта алам. Ошондуктан, мен бир принципке туруп үч талапты билгенди "билет" деп бүтүм чыгарып жатам. Жободо деле талапкер жаза билиши, сүйлөй алышы, окуй алышы керек деп жазылып турат. Ушул жерде жыйынтыктын механизми ачык болбой калган. Биз бардык талапты терең талдап чыккандан кийин гана бир эле чечим кабыл алышыбыз керек, антпесе бир эле адамдын өзүндө эле эки башкача бүтүм чыгып жатат. Логикалык жактан алганда биз өзүбүзгө өзүбүз каршы болуудабыз.
- Мамлекеттик тил сынагында талапкерлер дагы кандай кемчиликтерди кечирип жатышат?
- Кыргызчылык, кенебестик. "Кыргыз болсом, кыргыз мектепте окусам, кантип эле кыргыз тилин билбейин" - деген ойго жетеленип жатышат. Ошондон улам жазууда орфографиялык, пунктуациялык, стилдик каталарды кетиришүүдө. Беш ката кайдан келип чыкты? - деп сурашууда. Мектеп окуучуларына он катага, абитуриентке жети катага "эки" коюлат. А Президент алардан көп ката кетирүүгө акысы жок да! Президент эң биринчи сабаттуу болуш керек, сабаттуулук көбүнчө жазуу ишине байланыштуу. Кур чечендиктин кереги жок.
- Абдылдажан агай, жакында Көзкарандысыздыктын 20 жылдыгын белгиледик. Айкөл Манастын, залкар Айтматовдун эстеликтерин коюп койдук. Сизге жактыбы?
- Негизинен коюлганы жакшы болду. Ар бир нерседен кемчилик издей берсек, "сүттөн да кара так тапса болот". Ар ким өзүнүн баамында кабыл алат. Бул окуя элдин духун, ар-намысын ойгото түштү. Манас, Айтматов эстеликтери жөнүндө оюмду, ички сезимимди поэтикалык формада билдирип, басма сөздөргө сунуш кылдым. Жакында окурмандар таанышып калар. Кеп Айкөл Манастын, Улуу Айтматовдун рухун биз жан дүйнөбүзгө сиңирип, алардан руханий азык алып, мамлекетибиздин келечектүүлүгүн камсыз кылууда турат.
- Сизди Манас ордени менен куттуктап коёлу. Кубандыңызбы?
- Албетте, маңдай тер менен келген сыйлык-сыймыкка кантип сүйүнбөй коё аласың?! Анын үстүнө Манас менен Айтматовдун эстеликтери ачылып жатканда символикалык көрүнүш болду. Мен "Манас" менен Айтматовго ак дилден кызмат өтөп келдим. Коомчулук жакшы билет. Сагынбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин, Мамбет Чокморовдун, Багыш Сазановдун, Ыса Жумабек уулунун, Уркаш Мамбеталиевдин ж.б. ондогон варианттарын түзүп чыгарууга катыштым, каражат издеп чыгардым, ондогон макалаларды жаздым, чет тилдерге которууга камкордук кылдым, жүздөгөн илимий конференцияларды уюштурдум. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө Чыңгыз агайдын бир кездеги пикирин 1992-жылы март айында бир жыйналышта айта коём деп Президенттен кагуу жегеним да эсимде. "Эл адабияты" (30 томдук), "Залкар акындар" (10 томдук), "Кыргыз адабиятынын тарыхы" (7 томдук), "Кыргыз тилинин сөздүгү", Айтматовдун чыгармачылыгы ж.б.у.с. фундаменталдуу эмгектерге катышып, жазып, жетекчилик кылдым. Көзкарандысыздык мезгилден кийинки руханий боштукту толтурууга аракет жасадым. Бул эмгектер элибиздин илим, билимин тереңдетүүгө, улуттук дөөлөттөрдү билүүгө, түшүнүүгө, аң-сезимдерин ойготууга зор роль ойноду десем жаңылышпайм. Сыйлык-сыймык асмандан келип түшкөн жок мага. Мээнеттин үзүрү, жүзүм жарык. 20 жылдан берки эмгектерди санасак, Өкмөттөн бир тыйын албай 600дөй китеп чыгарыптырбыз, бул деген 1 тонна эмгек. Ал эми руханий жагы баа жеткис. Сыйлык үчүн иштебей, сыймык үчүн иштешибиз керек. Менин бул жөнүндө төмөнкүдөй бир ырым бар эле, окуп берейинчи:

Досум менин, сыйлык
алсам кубандың,
Рахмат сага, сүйүнүчтү
уладың.
А бирок бил, эл эмгектен
эскерет, -
Сыйлык эмес, сыймыгына
жубангын.

Сыйлыгынын көптүгү
үчүн мактаба,
Сыйлыгына кошоматтап,
актаба.
Элдин көзү көрүп турат
бардыгын, -
Досум менин, калп
жеринен жактаба.

Ак эмгекти берсең
эли-жериңе,
Берекетин бир күн
сөзсүз аласың.
Жүзүң жарык - сыйлык
сени издесин, -
Сыйлык эмес, сыймык
менен каласың.

- Манас эстелигинин астында "Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым" - деп жазылып турат. "Манас" эпосунда чын эле кездешеби?
- Кездешет. Бир эмес бир нече жолу, бир топ варианттарда ар түрдүүчө айтылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдо "Өзүм касиеттүү жан болдум, кырк эки жыл кан болдум, Кулаалы жыйып куш кылдым, Кулдарды жыйып журт кылдым" делет (Инв. № 543). "Кулаалы салып куш кылдым баатыр, Курама жыйып эл кылдым баатыр" дегени да бар (инв. № 582). Бакай да, Көкөтай да айтат. Ал эми Манас керээзинде эстеликте жазылып тургандай айтат.
- Манас орденин алгандар "Манас" эпосун билет деген ойдосузбу?
- Ал эми өздөрүнө байланыштуу. Бирок, орден алгандан кийин эпосту окуулары сөзсүз керек деп эсептейм. Манасты окубай, билбей туруп Манас орденин тагынууга моралдык укугу жок го. Үй-бүлөлүү, бала-бакырасы, тууган-туушкандары "Манасты" сурап калышса, билбей турса, туура болбойт го?! Кээде ойлоп коём, Манас орденин алгандардын үйлөрүндө деги "Манас" эпосу бар болду бекен? - деп. Дегеним, 1000 нускадагы "Манасты" тарата албай турабыз. Кээде Манас ордени менен сыйлангандар Манас жөнүндө теңирден тескери сүйлөп отурушса, күйбөгөн жериң күл болот экен. Манаска каршы болгондор да бар. Манас орденин алгандар "Манасты" жайылтууга эмне үчүн активдүү катышышпайт. Бул моралдык жоопкерчилик да. Манас ордени менен "Манас" эпосуна өмүрлөрүн арнап коюшкан манас-таануучулар Самар Мусаев, Кеңеш Кырбашев, Эсенаалы Абдылдаев, Райкан Сарыпбековдор, Раиса Кыдырбаева, Айнек Жайнаковалар сыйланышса болот эле. Кейигеним, Манас орденин даражаларга бөлүштүрүүнүн өзү туура эмес. Ленин ордени деле бирөө эмес беле?! Мисалы, Манас орденинин үчүнчү даражасын алган киши биринчисин алса, экинчиси кайда калат, анда анын кереги эмне?! Андан көрө "Манас", "Семетей", "Сейтек" деп кабыл алынса жакшы болмок. СССР учурунда Орден "Славанын" үч даражасын алган адам Баатырга тете болгон. Акырында айтарым, Манас орденин адамдын көп жашаганына, башка улуттан экендигине, бийлигине, кызматына, байлыгына, тааныштыгына жана жерине карап берүү болбошу керек. Бийликтеринен пайдаланышып Манас ордени менен өздөрүн сыйлап жибергендер да тарыхта кездешкен. Ушинтип сыйлыктын кадыр-баркы кетип жатпайбы?! Эң башкы принцип - бул эмгек. Эмгек кылсаң сыйлык ал. Болгондо да өзү үчүн эмес, эл, коом үчүн кызмат кылуусу эске алынышы керек. Эмгекти коргоо да керек экен. Эмгектин үзүрү кайтып турса, ал адам дагы мамлекет үчүн ак эмгегин аябайт. Ошондо өлкөбүз гүлдөйт.

Маектешкен
Зулпукаар Сапанов