Алмазбек Исманкулов, көз доктур:
"Феодалдык өлкөдөн
парламенттик өлкөгө
айлануу оңой нерсе эмес"
- Алмазбек мырза, көз оорунун канча түрү бар жана алардын кайсынысы Кыргызстанда көп кездешет?
- Көздүн кирпик өскөн кырынын эле миңдеген оорусу бар. Андан сырткары көздүн ичиндеги чечекей, карек ж.б. толгон-токой оорулары кездешет. Кыргызстандагы оорулар боюнча айтсак, дүйнөлүк статистика менен бирдей эле, алардан ашып же кемип калган нерсе жок. Негизинен, көздү таптакыр көргөзбөй кое турган ооруга - глаукома кирет. Бул көздүн басымы көбөйүп кеткенде, тамырларга күч келгенде болот.
- Басым дегениңиз, кан басымыбы?
- Жок. Мисалы, суу ичсең ашказанга барат да, ал канга сиңирет, кан бөйрөккө барганда аны тазалап, заараны пайда кылат. Дал ошондой эле адам суу ичкен маалда көздүн ичинде суу пайда кыла турган орган бар. Ал тамырлар аркылуу көздөн чыгып кетиш керек. Тамырлар начар иштей баштаганда суу чыкпай, көздүн басымы өйдө кетет. Ушул өтө зыян. Мындан сырткары "катаракта" деген оору бар. Бул - каректин ары жагындагы чечекейдин оорусу. Адамдын чачы агарганда чечекей бозоро баштайт. Нурлар кирбей, жыйынтыгында адам эч нерсе көрбөй калат. Ошондой эле "сетчатка" деген, көздүн ортосундагы оору менен ооругандар бизге көп кайрылышат.
- Буларды дарыласа болот да...
- Ооба, толук айыктырганга болот. Болгону учурунда, кечиктирбей дарылоо керек. Чынын айтыш керек, 70 жылдан берки союздун саламаттыкты сактоо системасы адамдарды бузуп койгон. Биздикилер көзү көрбөй калганда же буту-колу иштебей шал болуп калганда гана кайрылышат. Бул биздин чоң проблемабыз. Бизге кайрылган пациенттер өтө чоң "осложнение" болгондо, дарылаганга татаал болуп калган кезде келишет. Учурунда дарыласа, жасалган аракет жана дарынын күчү эффективдүү болот.
- Союз боюнча айтып кеттиңиз, ошол системанын медицина тармагында жакшы жана жаман жактары болгонбу?
- Учурунда Советтер союзу экономика жагынан Америка, Европа менен тең тайлашканга аракет кылганын билебиз. Бирок, технология жагынан артта калган. Анткени, дүйнө бири-бири менен байланыштуу болуп, Союздун системасы жабык болгондуктан, карым-катыш болгон эмес. Ошол себептен, алдыңкы технологияларда жана медицина тармагында артта калганбыз. "Ошол учур эң сонун болчу, жакшы болчу" дейбиз. Негизинде сонун деле болгон эмес. Мисалы, Америка, Европа жана СССР мамлекеттеринде он миң адамга канча доктур туура келерин эсептегенде, Союзда көп болчу.
- Эмне үчүн?
- Себеби, технология жок болгон соң, айла жоктуктан элди көбүрөөк окутууга аргасыз болгон да. Мисалы, Кытайда бир ресторанга барсам, официанттар ролик менен тейлеп жүрүшөт. Абдан тез, ыкчам болот экен. Жүз столго бешөө эле жетишип жатты. Ал эми начар ресторандарда тескерисинче бир столду беш официант тейлеши мүмкүн. Союздун системасы дал ушундай болуп калган. Технологиялар жок, жакшыраак болсун деп, врачтардын санын көбөйткөн. Анын жыйынтыгын көрдүк. Союз тозугандан кийин док-турлардын көбү башка кесиптерге өтүп кетти. Жеке медицина жоктугунан улам ушундай болду.
- Союз тозуган мезгилде сиз деле кыйын күндөрдү башыңыздан өткөрсөңүз керек...
- Мен мединститутту бүтүп аткан кезде көз оорулар боюнча Федоров деген кишинин аты чыгып калды. Ал кишинин жазгандарын окуп, кенен билгенден кийин бардым. Барсам, Федоров: "мен Россиялык институтта иштейм, Россиянын каттоосунда тургандарды гана алам" деди. Ал кезде союздун институттары бөлөк, Россияныкы бөлөк болчу, каттоо жок, кирбей калдым. Максатымдан кайткым келбеди. Смоленскиде ишке кирип, аспирантурага тапшырып, алты жыл иштегенден кийин кайра Федоровго бардым. Алты жыл мурун жолукканыбызды эстеп, "аракетиң бар турбайбы" деп, клиникасына кабыл алды. Ал жерде дагы алты жыл иштеп, кандидаттык жана докторлук диссертациямды жактадым. Ошол кезде кайра куруу башталып, чет өлкөгө чыкканга мүмкүнчүлүк жаралды. Федоров аркылуу Аңглиянын эң башкы Оксфорд институтунун көз клиникасына иштегенге жолдомо алып, анда эки жыл иштедим. Анан ошол кезде мен үчүн тандоо маселеси пайда болду. Өмүр бою ошол жерде иштей берүү же өзүнчө клиника ачып, туулган жерге кетүү. Көпкө ойлонуп, Европаны бир сыйра кыдырдым. Маселен, моңголдор кайсы жерде болбосун өмүрүнүн аягына чейин төрөлгөн жерин издеп, таап, ошол жерге оонап, энергия алышат экен. Мен ошого ишенем. Азыр чет өлкөгө барсам, эки жумадан ашык жүрө албайм, кыйналып кетем. Эми бизде деле тазалык, тартип, эрежени сактоо дегендер жок, бирок баары бир өз элиң, өз жериң да, өгөйлөнбөйсүң. Ата-бабабыз макал-лакаптарды бекер айтпаптыр да, "бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" - деген эң туура экен. Ушуларды көз алдымдан жүгүртүп, көп кыйынчылыктар болоруна баш байлап, өз жериме келүүнү туура көрдүм. Ошентип, 1995-жылы көз оорулар госпиталын уюштуруп, алдыңкы технологияларды, аппараттарды аз-аздан ташып, алып келдик.
- Учурда күнүнө канча адам кайрылат?
- Күн сайын 300дөн ашык адам кайрылат. Кээ бир күндөрү 80ден ашык опперация жасалат. Элге жардамың тийип жатканды сезгенде, өзүңдү жакшы сезет экенсиң. Россиядагы бизнесмен тааныштар айтышат. Алар заводду алышып, аны жасалма банкротко учуратып, арзан баада сатышат экен. Ортосундагы пайданы жеке компанияга төктүрүп, жашап жатышыптыр. Алар кейип: "мекенибизди" сатып жатабыз дейт. Албетте, картайганда ар бир адам кандай жашадым, мекеним үчүн эмне иш кылдым деген суроону берет да. Ошондо Ата-Мекенимди саттым, элге зыян келтирдим, миңдеген кишини жумушсуз калтырдым деген жоопторду көз алдынан тизмектөө абдан оор. Бул бардыгына тиешелүү. Мындай статистика бар, адам өлтүргөн киши эгер милицияга кармалбай, камалбай, билинбей калса дагы үч, төрт жылдан көп жашабайт экен. Ар нерсе түшүнө кирип, көзүнө көрүнүп, акыры асынып же үйдөн секирип кетээри айтылат. Ошондуктан, ар бир мекендешимди таза жашаганга, пейилин түз койгонго чакырып кетер элем.
- Демек, кыргыздар таза калк дегенге ишенесизби?
- Башка калкка салыштырганда кыргыздар өтө таза калк. Меймандостугу да бийик. Мен көп эле жерде болдум, биздегидейди кезиктире албадым. Кыргыздар конок дегенде тапкан-ташынганынын баарын берет. Экинчиси эркиндикти сүйгөндүгү. Таза нерсе эркиндикти сүйөт. Муну азыр деле билип жатпайбызбы. Жаныбыздагы өлкөлөрдөн, элдерден айырмаланганыбызды эки жолу далилдедик. Феодалдык өлкөдөн парламенттик өлкөгө айландык. Бул оңой нерсе эмес. Биз эч кимден, эч нерседен коркпойбуз. Кимиси болбосун сындап, айтчусун айта беребиз. Бирок, айкөл калкпыз. Бирөөлөрдү жөн эле басынтып, кордой бербейбиз. Мындай нерсе каныбызда жок. Ал эми тандаган системабыз туура, ушундан тайбашыбыз керек. Шайлоону таза өткөргөндү калыптандыра баштадык, ушундан жазбасак. Алдыдагы президенттик шайлоону татыктуу, ызы-чуусу жок өткөрсөк, дүйнө жүзүндөгү аброюбуз сөзсүз өсөт. Ошондой эле кимиси жеңсе, ошого баш ийгенди дагы үйрөнүшүбүз керек. Демократиянын принциби ушундай, азчылык көпчүлүккө баш иет. Анан ар ким эле өзүнүкүн туура деп эсептей берсе башаламандык болуп калат.
- Өзүңүз белгилегендей президенттиктен парламенттик башкарууга өттүк, биз жеңдикпи?
- Албетте, биз тандаган жол өтө кыйын. Мен мисал менен түшүндүрөйүн; Үй-бүлөдөгү бир бала өзү туруп, төшөгүн жыйнап, бети колун жууп, эртең мененки тамакты жасап, ата-апасына берсе, бул чоң нерсе. Парламенттик система ушуга багыттайт. Анан кайсы бир баланы урушуп жатып тургузуп, айтып жатып төшөгүн жыйнатып, суранып жатып тамак жедирсең, бул жаман нерсе. Президенттик система мына ушундай. Бир адам тур десе туруп, отур десе отурушуң керек, андан коркуп, ошого гана карап жашашың керек. Мисалы, 200 - 300 жылдык тарыхты карасаңыз, андай жол эч нерсеге алып келбептир. Сталиндин жолу Россияны алсыратты. Азыр Түндүк Кореяны караңыз. Тоталитардык система жакшылыкка алып барбайт экен. Албетте, парламенттик системада ар ким өзүнө тартып, талаш-тартыш көп болушу мүмкүн. Бирок, башаламан сыяктуу көрүнгөнү менен мындан алгылыктуу жол жок. Биз эми, бирөөнүн пикирин сыйлаган, көпчүлүктүн тандоосуна көнгөн маданиятка жетишибиз керек. Жана мен мисал келтирген баладай ар бирибиз айттырбай өз ишибизди жасап көнсөк, чоң жетишкендиктерге жетебиз. Албетте, ар бирибиз ички тартипти өздөштүрүшүбүз зарыл. Дааратканага баргандан кийин бирөө айтпаса да, карап турбаса да колубузду жуугандай. Мен Германияда бир жолу эртең менен келатсам, светофор кызыл күйдү эле, жанымдагы киши токтоп калды. Бир да машине жок. Бирок, жашыл күйгөнгө чейин күтүп турдук. Мына ички тартип. Дегеним, бирөөнү башкарыш оңой, бирок адам өзүн өзү башкарышы кыйын. Туура тамак жеп, башкаларга үлгү болуп, элге пайда келтирүү деген оңой иш эмес.
- Алдыда саясатка аралашайын деген максатыңыз барбы?
- Биз учурунда бир партияны уюштуруп, иштегенбиз. Ошондо байкап көрсөм тамак жасагандын, унаа айдагандын эрежеси болгондой эле ар бир нерсенин өзүнүн тартиби бар турбайбы. Саясаттын эрежеси мага жакпай калды. Саясатчы болгон адам алдамчы болуш керек экен. Элди алдаганга даяр туруш керек экен. Мисалы, добуш алыш үчүн убада бериш керек. Аткара албасыңды билип турасың, бирок калп айтпасаң болбойт, бул биринчиси. Экинчиси эң жакын кишилериңди сатып кеткенге даяр болуш керек экен. Саясат деген ошондой турбайбы. Ким ушул нерселерге даяр болсо, саясатчы боло алат. Менин жан дүйнөм ага жол бербейт экен. Калп айтсам кыйналам, уктай албайм. Анан жакын адамымды сатып кетсем, анда ооруп калам.
Айта кетерим, мен ишимдин үзүрүн көрүп, элиме пайдам тийип жатат, мына ушуга сүйүнөм. Иштин жыйынтыгын күндө көрүп турам. Мисалы, мамлекетке КГБ өтө керек. Андагы кызматкерлер кээ бирде 30-40 жыл иштеп, ишинин жыйынтыгын көрбөй кетет. Биз болсо эртең менен операция жасайбыз, кечинде жыйынтыгын көрөбүз. Бул - өтө чоң бакыт. Азыр эл аралаганда, коңшу мамлекеттерге барганда адамдар келип кучактап, "сиз мени операция кылгансыз" деп, рахматын айтат. Бул нерсеге жеткен, жетпеген бар.
- Сиздикиндей клиника Орто Азияда барбы?
- Жок. Алма-Ата, Ташкент, Астана, Душанбе ж.б. бардыгы бизге келишет. Биздикинен жакыныракты издесе, Москвада Федоровдукуна барат. Калганы Европада.
- Кыргыздар "жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт. Кой сое аласызбы?
- Кой сое алам. Бирок, биздин иштеген иш өтө назик, анан кылдаттыкты талап кылат. Кыймылдын баарына дыкат болуш керек. Ал эми кой сойгон "грубый" иш. Мага оор учурайт. Эгер эч ким соеалбаган жерге туш болсом, союп берем. Анан бирөөлөр болуп калса, анда мен четке чыгам. (күлүп)
- Жиликтегенди деле билерсиз?
- Ооба. Ата-бабадан калган нерсени билишибиз керек. Ушул боюнча бир нерсени айта кетейин, Орто Азия элдеринин ичинен кыргыздардын хирургиясы эң бийик деп эсептелет. Анткени, ар бир кыргыз анатомияны билет. Кой сойгон өнөр эле эмес, хирургияга ташталган кадам. Мисалы, малды сойгонун караңыз, бир дагы жиликти сындырбайт. Балта колдонбойт. Омурткасына чейин бычак менен чыгарат. Мындайды башка элдер жасай албайт.
- Маегиңизге рахмат.

Зулпукаар САПАНОВ