Күндүн темасы

Манас атабызга арналган айкел Ала-Тоо аянтынан ордун тапты. Эстелик боюнча сиздин ой-пикириңиз кандай?
Кыргызбай байке:
- Аянтта биринчи Лениндин, андан соң Эркиндик эстелиги турду. Эми минтип Манастын айкелин тургузушту. Мен ойлойм, тарыхтын өзүнүн мерчеми болсо керек. Союз доору өттү. Андан кийин эркиндиктин, Бакиевдин доору болду. Манас-тын эстелигинин коюлушун мен колдойм. Бул жакшы жышаана. Айкелдин турушу жалпы кыргыз элинде патриоттуулук сезимин козгоду деген ишеничтемин. Мен да сүйүнүп турам. Кыргыздар эски доордон жаңы доорго багытын түздөп алды деген үмүтүм бар. Эми бул иш шашылыш болгодонбу кемчилиги менен жасалган экен.


Ренат Турдубеков, шаар тургуну:
- Манас атабызга арналып, айкелдин орнотулушу жакшы иш болду. Кыргыз эли абдан кубанып турат десек болот. Муну эл көптөн күтүп, самап келген. Ошентсе да, айтпай кетсем болбой калат, эстеликтин жасалышында бир топ кемчилик бар. Ээрдин кашы жасалбай, ат ээр токуму жоктой сезилет. Манас баатырды арык кылып коюптур. Буга албетте, айкелди жасоого буйрук бергендердин шашмалыгы себеп болууда. Айкел Манас атабызга арналган соң, аны ошол денгээлде жасаганда болмок. Скулпьторлор арасында сынак өткөрүп тандаганда, алардын ортосунда атаандаштык жаралып, анын ичинен иргелип, эң мыктысы жеңип чыкмак. Ал эми, жаңы орнотулган эстеликти жогорку денгээлде жасалып, Манас баатырга татыктуу келет деп айтууга оозум барбайт.


Ашыр Шайырбеков,
Талас областынын тургуну:
- Манастын эстелигин аянтка орнотуу кыргыз элинин самап келгени болгон. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына эстеликтин ачылышы кыргыздар үчүн чоң сыймык болду. Мындар нары бизди Манас атабыздын арбагы колдоп, тынч-тыкта, ынтымакта жашайлы. Манас ар бир кыргыздын атасы. Кыргыздар ата-теги менен сыймыктанып келген. Жалпы кыргыз эли Манас атабыз менен сыймынтанып жашашыбыз зарыл. Ал эми эстеликтин жасалышы жөнүндө айтсам, элде ар кандай пикир айтылгандыктан атайын көрүп кетейин деп келгем. Айкелдин жасалышы купулума толду. Бирок, бир кемчилиги ээрдин кашы чыкпай калыптыр.


Улан Абылгазиев:
- Айкелдин тургузулушу жакшы иш эмес. Ушул айкелдерге кеткен каражаттарды жетим-жесирлердин, карылардын үйүнө жумшаса болмок. Мен эстелик тургузуу иштерине незизи эле каршымын. Ал шариятка, динге туура келбеген көрүнүш.


Жаңыл Курманова, Жети-Өгүз районунун тургуну:
- Жакшы жышаана болуп, Эгемендүүлүктүн күнүнө карата Манастын айкели ачылды. Биз ойлойбуз эң сонун болуптур. Айтып жатышат, эстеликти ачканда, асманда куштар учуп жүрдү деп. Кудайым буйруса, Кыргызстандын келечеги кең болуп, өнүгүп-өсөбүз деген пикирдемин. Эстеликти башында эле орнотуу зарыл болчу.


Токтобек Барпиев, Өзгөн шаарынын тургуну:
- Бул жерге эстеликти көрөйүн деп атайы келдим. Чынын айтсам, айкелдин жасалышы купулума толгон жок. Анын себеби мында жатат: аттын жүгөнүнүн мурунтугу, чылбыры, ээрдин куюшканы жок, ээр орустун ээрине окшоп калган. Атты тизгин менен эмес, чылбыр менен байлайт. Манас тууралуу пикиримди билдирсем, баатыр деген болугураак болуп, элге көрүнүктүү болушу зарыл. Ал эми муну арык кылып, эптеп эле жасап коюптур. Менден да арык экен. Өңү-түсү кыргызга эмес, оруска окшоп калган. Кыргыздын өң-келбети ээндүүрөк келет.