Учкандын баары бүркүт эмес, урматтуу Султан ака!
Мамлекеттин улуттук идеологиясын канча жылдан бери издеп таппай келе жаткан, кыргыздын Маданият министрин башкарып, бир катар чыгармалары менен таанымал болгон, адамга тике карап сүйлөбөгөн, кулк-мүнөзү бир гана "хоп-майлиге" ыңгайлашкан Султан Раев деген чиновник бар. Ошол мамлекеттик деңгээлдеги замандашыбыз кече дагы бир жолу боорду эзди. Акылмандыгынан алабармандыгы ашып кеткен Сукебиз 31-августта "Айкөл Манас" эстелигинин ачылышында асманды чарк айланган куштарды "бүркүт" атап, андан дагы алардын саны кырк экендигин санап жибериптир. (Ботом, бул минте берсе жалпы кыргызды шерменде кылат го). Кичине алды-артын карап сүйлөсө жакшы болмок, жарыктык. Тантый бергендин да эби бардыр. Каны, жаны таза кыргыз катары эсиңизге салып коерубуз бул:
Бүркүт куштардын ичинен эң эле төрөсү, кырааны. Ал табиятынан бийик тоолордун арасында, ак кар, көк муздун чегинде, бийик аскаларды боорлоп жашайт. Бөксө талаалап, тарп аңдыган дегеле ага таандык эмес. Ал жапайы айбанаттарга аңчылык кылып, ар дайым жылуу кан татыган куш. Жана дагы бүркүттөр эч убакта топ-топ болуп, каргаларга же кузгун, жоруларга, чөкөтаан менен көгүчкөн, таранчыларга окшоп салпактап учуп жүрбөйт. Кайсы кыргыздан сурабаңыз, эки-үчтөн ашык жүргөн бүркүттү көргөн эмес. Эгер ээрчишкен эки бүркүт болсо ал-куштун ургаачысы менен эркеги же бир уядан жаңыдан учуп чыккан уялаш балапандар болушу мүмкүн, бул бир. Экинчиси, ушул үстүнөн карасаң кара түтүн каптап турган, абасы кир, быкпырдай кайнаган шаардын үстүнө кайсыл бүркүт темселеп учуп келсин?! Албетте, биз бул жерден атабыз Манаска эч шек келтиргенибиз жок, тек кана ошол майрамды уюштуруучу дирекциянын жетекчиси Султан Раевдин пикирине жооп узаттык. "Учкандын баары эле бүркүт эмес, сүйлөгөндүн баары эле чечен эмес" дегендей, галстук тагынгандын баары эле мыкты боло бербейт, ушуну билип жүрүңүз, Султан мырза!




Арабдар келди жардамга
Ушу тапта Бишкек-Торугарт жолун оңдоо иши кызуу жүрүп жаткан чак. Эки жылдан бери бул эл аралык мааниси бар, улуу Жибек-Жолу катары тарыхы бар жолду курууга Япония, менен Кытай мамлекеттери кол сунуп, эл аралык келишимдердин негизинде кумурскадай эле иштеп жатышат.Бул долбоорго Араб өнүктүрүү фонду дагы өз салымын кошмок. Бирок, ал ортодо апрель окуясы чыгып, анын аркасы менен Кыргызстандагы саясий абалдын олку-солку болушу араб туугандарды чочутуп турган. Маселенин чиеленген түйүнүн чечүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков жан үрөп, араб досторуна ат тезегин кургатпай каттап жатып, акыры бул маселе оң жагына чечилди. Ошентип, кечээ жакында КРнын каржы министри менен Кувейттик Араб экономикалык өнүктүрүү фондусунун ортосунда 11,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам берүү келишимаи түзүлдү. Бул каражаттын үчтүнө Кыргыз Өкмөтү 6,1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат кошуп, натыйжада Кочкор районунун Сары-Булак чөлкөмүнөн Нарын районундагы Кызыл-Бел айылына чейинки 91 километр жол заманбап деңгээлде курулмакчы. Жыргап эле калат го, наалат айткан нарындыктар...




Эки достун эрегиши
Буга чейин коомчулукта Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков алдыдагы шайлоодо Өкмөт башы Алмаз Шаршеновичти колдойт экен деген каңшаар тарап келген. Ал тургай так ушул маселе боюнча "Ата-Журт" партиясынын ана башчысы, спикердин бизнес жагынан киндиктеш досу Камчыбек Ташиевдин нааразы болуп, кер-мур айтышканын, атургай ачуусу чукул Камчыке кол көтөрүп ийгенин да угуп калган жайыбыз бар эле. Саясат деген жаман нерсе эмеспи, "кулак укса курсак кайнайт" болгон. Коомчулуктагы ушул өңдүү сөздөрдү алдына алгысы келдиби же чыдамы түгөндүбү, айтор, кечээ Камчыке журналисттерге агынан жарылды. Бир эсе досукесине алдыртан эскертүү ирээтинде: "Эгер шайлоодо спикер мени колдобосо, анын партиядан чыгышы тууралуу маселе каралышы мүмкүн. Ал мени колдош керек, анткени, биз бир партияданбыз" деген жыдытмасын жылдырды. Бул коңгуроого ушу тапта Ахмат "ичинен ыйлап, сыртынан күлүп" турган чак. Ары аттайын десе, жаңы досу Алмазга убада берип койгон, бери аттайын десе, достуктан да, партиядан да, спикерликтен да кол жууганы турат. Айтор, эки кайыкты кармаган спикер азыр "тупикте"...




Катя Урумканованын карөзгөйлүгү
Бакиевдердин сүймөнчүк кадры, эски бийликтин убагында Кыргызстандагы жападан жалгыз кубаттуу делген УТРКны жетектеген Катя Урумканова кечээ апрель окуясына күбө катары сурак берди. Баштаганда эле баягы адатын карматып, 7-апрелдеги элдик революцияны тааныгысы келбей, "эч кандай митинг эмес, бийликти атайлап басып алуу болду" деп чакчырылды ал. Анын оюна койсок, Бакиевдер тынч-тык митингине келген элге эле, "мегиле" деп бийликти кармата салмак тура. Кызык. Анан дагы анын Бакиевдин айныксыз коргоочусу болгондугу ушул-Акүйдө беткапчандар элди чекесинен терип жаткан учурда, булар Курманбек Бакиевдин буйругун аткарып, "президент Курманбек Салиевич Бакиев Кыргызстанга өзгөчө кырдаал жарыялады. Элди дүрбүткөн топтор Кыргызстандын жер-жерлеринде ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасап жатат" деген билдүрүүнү УТРКдан кайра-кайра берип, коомчулукту алаксытуунун аракетинде болгону жалган беле? Айтор ал канчалык актанган менен, адилеттиктин орду бар эмеспи...




Чыныбай чыртылдап атыр...
"Жооштон жоон чыгат" болуп, акыркы кездерде СДПКчы депутат Чыныбай Турсунбековдун таскагы күч алды. Чыйралып, саясатка эми түшүнүп калды деп атышат коомчулукта аны. Убагында кыргыз филологиясынын кызыл менен бүтүп, адабият менен алектенген, кийин ишкерликтин ичегисин чубаган бул мырза саясатка кеч аралашканына карабай, бул тармактан да ийгилик жаратууга белсенип киришкендей. Бирок, айрым партиялаштары ар убак анын саясий тажрыйбасынын жоктугун такмазалап, кээде жөн салды маселелерге деле тиши өтпөйт теризинде күнөөлө калганы да бар. Ошентсе да, Чыкебиз ушу сотторду шайлоодо өз позициясына бекем туруп, кесиптештерин жүдөтүп атат. Молодес - деп турубуз.




Жапаров кимге кошулат
Акыркы кездери таскагы катуулай баштаган Жапаров жөнүндө сөздөр арбый баштады. Маселен, тигинин кадры же мунун адамы дегендер бар. Көрсө, бу Жапаровуң тээ Усубалиев, Масалиев учурунан бери тер төгүп келатыптыр. Экинчиси, Акаев мезгилинде жаңы конуштарга 100 миллиондой акча бөлүнсө, Бакиев учурунда 400-500 миллионго чейин ушу жигит жеткирген жайы бар тура. Азыр болсо 200 миллионго жеткире албай убара чегишүүдө. Анан ошондо ат коюшуп, Сабыр Муканбетовго "карышкыр", Акылбек Жапаровго "барс" деген ысым ыйгарышыптыр. Мына ошол жигит азыр миң ойлонуп жүз толгонуп, Адахан Мадумаровго ыктаганы айтыла баштады. Экөө бириксе далайларды шылып түшөт го...