Айтты да эй!

"Сырткы коркунуч бул жөө жомок эмес"

Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жакында сүйлөгөн сөзү коомчулуктун көңүл борборуна орноду. Айрым бир эксперттердин пикиринде Кыргызстан үчүн тышкы коркунучтар жок делсе, кээ бирлери эмитен добулбас урууда. Тышкы душмандын образын түзүү азыркы бийликтин шайлоо алдында коомду баш коштурууга багытталган жүрүшү гана болуп саналат. Биз бул жагдайды чечмелөө үчүн саясат таануучу Токтогул Какчекеевге кайрылган элек:

- Премьердин сөзүн четке каккан эксперттер жакшы эле балдар, бирок мен Атамбаевдин бул багытта айткан оюн четке кагууга барбайт элем. Аскер саясат таануучусу катары Кыргызстан үчүн тышкы коркунуч бар жана ал бир эле тараптан эмес экендигин ишенимдүү айта алам. Бул бүгүн эле эмес, 20 жыл мурда Ошто башталган көп багыттуу жана көп катмарлуу иш. Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү, эмне үчүн Ош окуясы капилет эле 20 жыл 10 күндөн кийин кайталанды? Өзбек эли эмгекчил, кетменди сүйгөн момун эл. Өзгөчө согушчандыгы жана агрессивдүүлүгү байкалбайт. Кыргыздарда өзбектер менен диний жактан да карама-каршылык жок. Кыргыздар менен өзбектер мусулман гана эмес, эки эл бирдей суннит бутагына киребиз. Ислам өз тууганына каршы ок атууга катуу тыюу салат. Анан мынчалык мыкаачылык, мынчалык жек көрүүчүлүк эгерде аны атайылап пайда кылбаса, кайдан пайда болду? Анан дагы тышкы оюнчулар керек болгондо биздин жерлерди алып койгону, азыр болсо биздин ресурстарды ээлеп алган фактыларды, эмне билбейбизби? Жок дегенде алтын чыккан жерлерибизди эстейличи. А биздин саясий жана моралдык бузулуунун чегинде турганыбыз, 20 жылда чоң армияга айланып, биздин өлкөнүн кыйроосуна иштеген өкмөттүк эмес уюмдардын чоң ийгилиги. Кыргызстан батыш демократиясы деп аталган, биз үчүн өлүмгө алып келүүсү мүмкүн болгон тузакка түшүп алды. Дагы бир белгилүү факт, азыр биз көрүп жаткан дүйнөлүк картаны кайра түзүү бул долбоорлонуп жаткан чоң процесс, а анын бир бөлүгү борборун Кабул кылуу менен Борбордук Азия рес-публикаларын түзүү болуп саналат. Ага Афганис-тандан башка Борбордук Азиядагы беш республика кириши керек. Мындай Республика эмнени билдирет. Бул баарыдан мурда жаңы углеводороддук запас. Бул бүтүндөй Евразиянын үстүнөн көзөмөл. Долбоор 90-жылдарда эле иштелип чыккан жана азыр активдүү түрдө ишке ашырылып жатат. Ал эми бүгүн Афганистанда болуп жаткан нерселер аскердик аракеттердин театры жана Кавказ жана Борбордук Азияга, андан соң борбордук Россияга аскер бөлүгүн киргизүү гана болуп саналат. Премьер бул жагдайга тынчсызданып жатат жана ал өзүнүн ШКУ, ЖККУ боюнча коллегалары менен сүйлөшкөндүктөн, биздин баарыбыздан көбүрөөк маалымат билүүсү мүмкүн. Ал жакта да дүйнөлүк геосаясат процесстерин жакшы түшүнүшөт деп ойлойм. Андыктан мында Атамбаев 100%ке туура, мен ага кошулам.




  Артур Бакиров, жаш лидер:

"Мадумаров менен Атамбаевдин
ортосунда катуу кармаш болот"
- Артур мырза, жаш саясатчы катары айтсаңыз, Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө жаштарыбыздын орду кандай?
- Бүгүнкү күндөгү саясатыбыздагы жаштардын ордун мындай же тигиндей деп бир жактуу айтуу кыйын. Баш көтөрүп, саясатка аралашып келе жаткан жаштарыбыз жок эмес, бар. Бирок, өзөктүү дагы, өкүнүчтүү маселе ошол жаштарыбыздын бир максаттуу бириге албай жатканында...
- Кайсы гана өлкө болбосун, коомдо жаштардын орду чоң деп келебиз. Тилекке каршы ошол жаштарыбыз саясатка аралаша албай келишет. Мунун себеби, жаштарыбыз бирдиктүү максатка бириге албаганында десек туура болобу?
- Сиз айткандай кандай гана өлкө болбосун жаштардын орду бийик. Муну башыбыздан өткөн окуялар далилдеп берди. Алакандай кыргыз өлкөсү 20 жылдык тарыхында революция жолу дейбизби же төңкөрүш жолу дейбизби, айтор элдин толкуну менен эки жолу бийлик алмаштырды. Мындай көрүнүштөр кимдин күчү менен ишке ашты, албетте, жаштардын күчү менен. Анан эмне болду, биринчи төңкөрүштүн соңунда алмашкан бийлик жаштарды колдоп, ишке тартмак түгүл көңүл сыртын салып койду. Андан кийинки кландык башкарууга каршы чыгып окко учкандардын 95%ы жаштар экенин эч ким тана албайт. Экинчи бийлик деле мурунку бийликтин кадамын кайталамак. Бирок, кийинки төңкөрүштө кан төгүлүп кеткендиктен, ошол учурдагы жаштардын деми, бийликке болгон кыжырдануусу күчтүү болчу. Ошол себептүү жаштарды алдоо максатында "Жаштар иштери боюнча" министрлигин түзүп бере коюшту. Ал министрлик жаштардын эмне көйгөйүн көтөрүп, эмне иш аткарып жатканын эч ким билбейт. Белгисиз.
- Жаштар канткенде өлкө саясатына жакындан аралаша алат?
- Бизде жигердүү жаштар арбын. Тилекке каршы, биригип иш алып баралы дегенди эч кимиси ойлобойт. Баары лидер, баары жетекчи болгусу келет. Ушундай жеке кызыкчылык, жеке амбициянын аркасында биз сыртта калып жатабыз деп ойлойм. Алдыңкы 5-10 жылдын ичинде биз каалайбызбы, каалабайбызбы биздин саясий элита алмашат. Муну мен эле эмес эксперттер да айтышууда.
- Алдыдагы боло турган президенттик шайлоо боюнча пикириңиз кандай?
- Кичинекей кыргыз мамлекети үчүн президенттикке талапкерлердин саны 80ге жетүү бул аябагандай уяттуу көрүнүш. Кыргызстандын 5 миллион эли бар деп айтылганы менен, шайлоочууларыбыз 3 миллионго чукул эле. Көчөдөн келе калып эле мен президент болом дебестен, ошол ажолукка ат салышабыз дегендер "иш тажрыйбам жетиштүүбү, мамлекеттин түйшүгүн тартып кете аламбы?" деген суроолорду өзүнө берсе жакшы болмок. А бул талапкерлердин көпчүлүгү андай кылбай жатат.
- Шайлоо кандай өңүттө өтөт деп ойлойсуз?
- Жеке эле мен эмес, учурда бул суроого жалпы журт түйшөлүп турган кез. Президент боло турган адам биринчиден элге жакшы таанымал адам болушу керек. Менимче бул шайлоодо чоң таймаш болот, талапкерлер көп болгон менен эки-үч эле адамдын ортосундагы кармаш болот деп эсептейм.
- Саясатка жаңыдан тиш салып жаткан экенсиз, сиздин баамыңызда кайсы талапкерлер катуу тирешиши мүмкүн.
- Так талаш таймашы кайсы талапкерлердин ортосунда жүрөөрү азыртадан эле белгилүү болуп калды десек болот. Мисалы, менин оюмча А. Мадумаров, А. Атамбаев жана К. Ташиевдердин ортосунда тиреш жүрчүдөй болуп турат. Негизинен Алмазбек Атамбаев менен Адахан Мадумаровдун ортосунда таймаш күчтүү болору билинип калды. Биз кандай деген күндө да татыктуусун эл тандап алат эмеспи. "Биз иш кылып атабыз" - дегендерди эмес, иш кыла тургандарды тандасак дейм.

Аман Иманалиев