Өмүрбек Суваналиев, ИИМдин экс-министри:
"Жеген-ичкендердин баарын иликтеп, тактап, кустуруп, камаш керек"
- Өмүрбек мырза, Кыргызстан өз жолун табалбай, олку-солку болуп жатышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Чынында эле Кыргызстан олку-солку кырдаалда турат. Жыйырма жылдыктын босогосунда жетээр чегине жеттикпи деген да ой келет. Себеби, эки ыңкылапты баштан кечирдик, экинчисинде кан төгүлдү. Жыйырма жылдын ичинде эки улуттун ортосунда эки жолу кагылышуу болду. Анын себептери, күнөөлүүлөрү аныкталган жок. Жаап-жашырмай, айыптууларды калкаламай, коргомойлордун кесепетинен олку-солку болуп келебиз. Мисалы, бир кезде демократиянын аралчасы аталып, дүйнөнү дүңгүрөткөнбүз. Бирок, тез эле андай атактан кол жуудук.
- Эмне үчүн?
- Себеби, бийликтеги жетекчилер калп айтып, коррупциянын сазына батып калышты. Ошонун кесепетинен бүгүнкү абалга келдик. Азыр алдыбызда шайлоо турат, абал күндөн күнгө курчууда. Саясатчылардын бары активдүү фазада иштеп жаткан кези. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Анткени, кечээле үзөңгүлөш болуп, "өлсөк да бирге, камалсак чогуу болобуз" деп касам ичкен кишилер бөлөк-бөлөк лагерлерде иштеп, бири бирин жамандап жатышат. Бири экинчисин ууру атап, тигиниси мунусун көп жеди деп абийирлерин ачышууда. Мунун аягы бийлик талашка апкелип, өлкөнүн тагдырын булар кайра бычактын мизине коюшу ыктымал.
- Аларга эмне жетишпей жатат?
- Чындык, тазалык, мекенчилдик жетишпей жатат. Мисалы, министр Жетим-Тоо, Сандык кендерин Кытайларга берилди десе, премьер-министр "сөгүш" гана берип жатат. Бул туурабы? Көптөгөн мамлекет биздегидей оор кырдаалды башынан кечирген. Ошол маалда бийликтеги жетекчилер акты ак деп, таза иштегендери мамлекетти кризистен сууруп чыккан. Анан калпты шыпыртып, коррупциядан кутула албаган жетекчилер өлкөнү тозутуп же биротоло бечел кылышкан. Ушулардан улам айта алам, бизге чындык жетишпей жатат.
- Жыйырма жылда эменелерге жетиштик. Өстүкпү же артка кеттикпи?
- Эгемендүүлүктү биз күрөшпөй, кан төкпөй алдык. Бул Жараткандын бизге жасаган белеги болду. Ооба, 1997-жылга чейин бир багытта өнүгүүнүн үстүндө болдук. Президент бийликтин жана үй-бүлөсүнүн "заложнигине" айлангандан кийин элди алдоо башталды. Анан Конституция өзгөрдү, бийликте түбөлүккө калуу амалдары күчөп, так талашмай башталды. Шайлоолор бурмаланып, ыпластык күч алды. Ошондон бери бир дагы таза шайлоо өткөн жок. Жыйынтыгында бийликке түк ишенбеген, билим менен бийиктикти багындыргысы келбеген криминалдашкан муун өсүп чыкты. Аны кайра тарбиялоо, "таман акы, маңдай тер" менен оокат кылууга үйрөтүү өтө оор болорун баса белгилегим келет. Анткени, алар крим чөйрөдөгү авторитеттерди туу тутуп, зомбулук менен жан баккан заманда чоңоюшту. Ошондой эле жок жерден Түндүк-Түштүк деген нерсени чыгарышты. Ошол негизде соодалашууну баштап жатат кээ бар саясатчылар. Бул уят нерсе. Бир элди экиге, регионго, уруу-урууга бөлүү - бул чыккынчылык. Кайсы нерсе болбосун бириккенде гана өсүү, өнүгүү, ынтымак болот. Бөлүнгөндө тескерисинче, тозуу, жоголуу болот. Саясатчымын, элдин каймагымын, тарыхчымын деген немелер ушуга түшүнбөгөнүнө таң калам.
- Алакандай өлкөбүздө мындай бөлүнүүлөрдөн сырткары, диний да ажырымдар пайда болууда. Диний экспанция жүрүүдө десек да аша чаппайбыз. Булардын коркунучу жокпу?
- Абдан туура суроо. Албетте, кайсы өлкө болбосун экономикалык, саясий кризиске тушуккунда терс күчтөрдүн бары кыймылга келет. Ошонун ичинен эң коркунучтуусу - диний экстремизм десек болот. Эгер булар көбөйүп баш көтөрсө, жоготуу өтө кыйын. Биз, 2006-жылдарга чейин экстремисттик уюмдардын бир тобун жок кылганбыз. Бирок, түп тамырынан кыркыла элек. Ооба, азыр түрдүү диндердин диний экспанциясы жүрүп жатат. Тилекке каршы, мамлекет туруктуу позициясын билдирип, чечкиндүү чара көрө элек. Себеби, бардыгы акчадан башы чыкпай калды. Ошол эле ажылыкты караңыз, миллиондогон долларлардын чатагы уланууда. Ыңкылаптан кийин молдолор сабалды. Бардыгынын талашканы байлык болуп жатат. Мына ушуларды тартипке салып, диний багытты кылдат карап көзөмөлдөбөсө, келечегинде чоң жаңжалдарды, уруштарды, атургай согуштарды жаратуучу нерселер диний экстремизмде жатат.
- ИИМ криминалды жоготуу үстүндө иш алпарып жатканын айтышууда. Канчалык деңгээлде жоготушту? Деги эле жоготсо болобу?
- Мамлекет криминалды жоготууну кааласа, 24 сааттын ичинде тыптыйпыл кылса болот. Анын жолдору бар. Анан "биздегидей" күрөшүү менен жыйынтык болбойт. Теледен согуш жарыяладык десе, четөлкөгө чыга качып, телефон аркылуу башкара берет. Уюшкан кылмыштуулукту, криминалды жоготуш үчүн эң алды коррупциялык схеманы, көмүскө экономиканы токтотуш керек. Дегеним, Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан, Максимдин коррупциялык схемасынан 7-апрель ыңкылабы болду дешкен. Бүгүн коррупция менен күрөшкөн киши барбы? Убактылуу өкмөт, андан кийинки бийлик эмне үчүн күрөшкөн жок? Апрелден кийин "тигини кармайбыз, муну камайбыз, кармап берсеңер мынча акча беребиз" деп бакылдап атышпады беле. Кана, (?) ким камалды? Булар күрөшкөндү билбейт, күрөшүү колунан келбейт. Болбосо, бүт бийлик колунда турган Убактылуу өкмөттүн колунан келмек. Эми ууру, коррупционердин барын парламентке киргизип алгандан кийин булар кантип күрөшөт? Күрөшөбүз деп калп айтып жатышат. Айтарым, эл кууганга чейин эки президенттей кызматка жабышпай, тезирек кетишсин.
- Коррупция менен күрөшүүнүн таза жолдору барбы?
- Коррупция менен күрөшүүнү президент башташ керек болчу. Тилекке каршы, Роза Отунбаеванын ага эрки жетпейт. Ошондуктан, эми үмүттү келе турган президентке байласак болот. Күрөштү кантип башташ керек? Тээ Акаев мезгилинен бери жоголгон алтын, Жайсаңбаевдин 18 миллионунан баштап, карызга келген 2 млдр. долларды жеген, ичкендердин барын иликтеп, тактап, кустуруп, камаш керек. Андай кылмайынча, коррупция менен күрөшөм деген сөзгө эл ишенбейт. Муну эрктүү адам гана кылбаса, көпчүлүгү кыла албайт. Себеби, булар бирине бири демөөрчү, жардамчы, куда-сөөк болуп чырмалышып бүткөн. Бийликке бири келсе бири кетип, кумурсканын уюгундай болгондорду жазалаш керек. Ошондо бир натыйжа болот. Антпесе, мурунку коррупционерлер, жегичтер элди бузуп жатышат. Шайлоолорду ыпластыкка айланткан ошолор. Депутат, министр болуп алышты. Азыр талапкер болуп жатышат. "Акчам көп, элди сатып алам" деп ачык айтышууда. Эмне деген деңгээлге жеттик.
- Демек, Сиздин оюңузча элдин бийликке болгон ишенимин алып келүү үчүн коррупционерлерди жазалаш керек. Дагы кандай жолдору бар?
- Коррупционерлерди жазаламайынча экономика дагы көтөрүлбөйт. Грузиядан келген К.Беникудзе: "Грузияда экономиканы көтөрдүк. Экономиканы көтөрөрдүн алдында коррупция менен чындап күрөштүк. Эгемендүүлүк алгандан берки маселелердин барын көтөрүп, жегендердин акчасын төлөтүп, камачусун камадык" дейт. Айтканы чын. Жада калса Шеварднадзенин туугандары 2 миллиардга чукул долларды төлөштү. Биз да ошентип төлөтүшүбүз керек, ансыз болбойт.
- Грузияда криминал тыптыйпыл болгонуна ишенесизби?
- Мен ишенем. Чогуу окуган балдар менен сүйлөшүп турабыз, маалыматым бар. Чындап эле криминалды жоготушту. Кызыгы, эң көп ууру, уюшкан кылмыштуу топтор СССР боюнча Грузияда болчу. Ошону бир жаш жигит токтотту. Сайрандаган жок, иш үстүндө болуп, аягына чыкты.

Зулпукаар Сапанов