Кыргызстан көз карандысыз
мамлекет болуп жашагандан бери кандай
жетишкендиктерге жана жоготууларга учурадык?
Самат Чондогоев, студент:
- Жетишкендигибиз бул биздин эгемендүүлүгүбүз. Биз башка мамлекеттерге көз каранды эмеспиз. Өзүбүздүн оокатыбызды өзүбүз кылып келебиз. Биздин уттуруп жаткан нерселерибиз болсо, мамлекетти жана элди башкаруу системасын такыр жөнгө сала албай койдук. Жыйырма жылдын ичинде бир эмес эки президентти айдап чыктык. Эки жолу революция жасап дүйнө жүзүн таң калтырып ийдик. Бул нерселер биздин экономикабызга кандайдыр бир пайда алып келбесе да атыбыз жер жүзүнө таанылып, демократиялык багытта аброй топтоп алдык. Бир эмес эки президентти кууп чыккан өлкө аталып.


Алмаш Көкөева, Талас облусу:
- Биз жакшы нерселерге да жетиштик, эгемендүү өлкөдө жашайбыз, биз эч кимге көз каранды эмеспиз. Биздин сомубуз Өзбекстан менен Тажикстандыкына салыштырмалуу салмактуу. Жада калса биздин сом Казак теңгесинен да күчтүүрөк, бул биздин жетишкендигибиз. 20 жыл ичиндеги баардык мамлекетке тиешелүү завод-фабрикалар жеке менчикке өтүп кетти. Азыр жеңил өнөр жай тармагында эле прогресс бар жана аларга да мамлекет туура мүмкүнчүлүк түзүп бере албай жатат. Алар жасаган товарын же тиккен кийимин сатып же экспорттош үчүн өзүлөрү гана чуркайт. Ошого байланыштуу баасынын наркы төмөндөп мээнети толугу менен акталбай жатат. Андан тышкары эң көп салык, патент, ошолорго тиешелүү. Мындайча айтканда элди эл багып калган заман болуп калды. Акыркы 20 жыл ичинде мамлекетибизге кымбатчылыкты, коррупцияны жана өзүм билемдикти орнотуп койгонбуз. Анан кайдагы өнүгүп өсүүнү айтсак болот?


Бермет Камчыбек кызы, студент:
- Биздин мамлекет үчүн акыркы жыйырма жылдын ичиндеги эң чоң жоготуу деп Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышын эсептейм. Андан тышкары кыргыз элинин канчалаган атактуу залкар жазуучулары, ырчы, бийчи актер, артисттерден ажырадык. Мисалы эгемендүүлүктү алган жылдан бир жыл өтпөй эле 1992-жылы Сүймөнкул Чокморов каза болгон. Эң акыркы мисал кечээ жакында эле Уркаш Мамбеталиев деген улуу манасчыбыз каза болду. Биздин азыркы экономикалык, социалдык, жана материалдык жактан аксап турганыбыз убактылуу эле нерсе, жакшы башкаруучу келип туура принципте 5 жыл иштеп койсо оңолуп кетебиз. Ал эми биздин ушул сыяктуу орду толгус адамдарыбыз каза болуп дүйнө салып жатканы оңдоп түздөп коюуга болбой турган нерсе болуп жатпайбы. Алардын көзү тирүү турган кезинде деле туура мамиле кылбай, барктап мактай албай аттык эле каза болгондон кийин деле кыйратып ийген жокпуз.


Такен Акылбекова,
Эл аралык
университеттин вице президенти:
- Аскар Акаевдин Билим берүү системасында кылган иш аракеттери, экономикабыздын түптөлүшүнө жана коңшу мамлекеттер менен туура мамиледе жашап жатканыбызга эмгеги зор. Ал эми Бакиевге башында абдан ишендим эле, мамлекетибиз үчүн жарытаарлык эч нерсе кылып берген жок. Мамлекетти жалгыз эле ичип жебестен ага - инилерин, балдарын жана балдарынын досторун кое берип койгон, каалашыңарча жеп ичкиле, талап тоногула деп. Мен билим берүү системасында абдан көптөгөн проекттерди жазып жана иштеп чыккам. Көптөгөн өнүккөн мамлекеттерге барып ар кандай адамдар менен иштешип келем. Эң биринчиден биздин өнүгө албай бир орунда турганыбыздын бирден бир себеби кадрдык саясат туура эмес нукка бурулуп кеткен. Биздин университеттен абдан күчтүү жана таланттуу балдар билим алып чыгышат, дүйнөдөгү мыкты университеттерден билим алып кызыл дипломдор менен бүтүп келишет. Анан Кыргызстанга келип жумуш издей келгенде эле татыктуу жумуш орундарда депутаттын иниси, же баласы иштеп такыр бош орун жок. Айласы кеткенде кайра Америкага, Европага, Россияга кетишет да. Эң өкүнүчтүүсү ошондой кыраан кыз жигиттерибизди башка мамлекеттер өзүлөрү чакырып каалаган акчасын, жашаган үйүн жана жарандыгын берип коюшат, анан ал кыйындарыбыз ошол мамлекеттерге иштеп берүүдөн башка айлалары барбы? Биздин мамлекеттен "21 кылымдын кадры" деген проект менен Американын Сан Франциско шаарына 8 студентибиз барып окуп келишкен. Алар абдан жакшы деңгээлде окууларын аякташып келгенден кийин ары бери убара болуп жүрүп көбү кайра эле чет жактарга кетип калышты. Алардын билими азыркы депутаттардыкына караганда абдан жогору жана дүйнө таанууларын, эл аралык жашоо тажрыйбаларын салыштырып болбойт. Эң жөнөкөй мисал, биздин студенттерибиз 6 же 7 тилде кенен сүйлөшсө азыркы депутаттар канча тил билет деп ойлойсуз? Биздин билим берүү системабыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, ж.у.с. коңшу мамлекеттердикине салыштырмалуу абдан күчтүү, мисалы биздин мамлекетте медицина боюнча англис тилинде сабак берилет. Ал эми эң татаал илимдердин бири бул медицина анткени, бул илимде ар кандай терминдер, формулалар бар. Бул илимге физика, химия, биология тармактары тыгыз байланыштуу. Чет элдик студенттер биздин коңшу мамлекеттердин арасынан Кыргызстанды тандап "ушул жакта жакшы окутат экен" деп атайын келишет. Бул биздин 20 жыл ичиндеги утушубуз десем жаңылышпайм.


Токтосун Алтымышев,
Бишкек "Водоканал"
ишканасынын жумушчусу:
- Мен азыркы акыбалды жакшы деп айта албайм. Биз мындан да жакшы деңгээлде жашап кетүү мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мисалы биздин кен байлыктарыбыз, суу, алтын, токой чарба, мал чарба, жана башка экономикабызды көтөрүп кете турган ресурстарыбыз толтура. Биз аларды туура эмес пайдаланып жатабыз. Ушул ресурстардын бири мисалы, Советтер Союзунун учурунда кымындай Кыргызстан эт менен Россиянын көптөгөн шаарларын камсыздап турчу. Азыр бир килограмм эттин арзан баасы 350 сом. Убагында Россия баардык тармакты туура нукка салып аларды колдоно билген. Азырчы?.. "Балык башынан сасыйт" деген жакшы макал бар эмеспи, башчыларыбыз алтыныбызды, суу менен светибизди, завод, фабрикаларыбызды башкаларга сатып салышпадыбы. Мен мындай акыбалга келээрибизди тээ Каркыра жайлоосун Казактарга сатып ийишкенде эле көзүм жеткен. Анан да бизде шайлоо деген неме жаман көп. Элибиз үчүн, экономикабыз үчүн шайлоолор кадимкидей эле чайноо, жеп жутуу сыяктуу болуп калды. Менин оюмча акыркы жыйырма жыл ичинде уткан нерселерибизден уттурган нерселерибиз көп болуп жатат.


Эрнис Осмонов,
Бишкек шаарынын тургуну:
- Биздин мамлекет акыркы убактарда дүйнө жүзүнө ар кандай тескери жаңылыктарды киргизип жатат. Президенттерибиз качып, жөн качпай экинчи президентибиз элин атып качпадыбы. Мамлекетти тономой, чекене жана дүңү менен сатмай болуп калбадыбы. Мисалы дүңү менен суубуз казактарга кетип жатса чекенеси завод менен фабрикаларыбызды кытай менен уйгурлар сатып алып жатат. Чүй өрөөнүндө жер иштеткен жана жери бар кыргыздар дунгандарга караганда аз. Алдыда президенттик шайлоо турат. Менин оюмча эл бул ирээт татыктуусун тандап алат болушу керек, анткени оозу күйгөн айранды үйлөп ичет демекчи бул ирээт саясатчылар элдин башын айланта албайт болушу керек. Анткени 20 жылдагы жашоо практикасы элди алардан(президенттикке талапкерлер) ашкан саясатчы кылып койбодубу. Биздин Кыргызстан өнүгүп-өсүү үчүн туура аракеттерди жасоосу зарыл. Үмүтүм жакшы, кудай буюрса биздин мамлекетибиздин да короосуна гүл өсөөр деген ойдомун.


Суроо салган
Алмазбек Карыпов