"Башым ооруп атат,
даарымды бергиле"
деп - ата-энесинин жүрөгүн
зыркыраткан Илиязбек

Ата-эне үчүн баланын кыткылыктаган күлкүсү, эки көзүн жайнатып аман-эсен жүрүшү чоң бакыт эмеспи. Арийне, мындай жүрөктү элжиреткен көрүнүшкө мерездик менен мамиле кылган, кенебес, таш боор адамдардын арабызда жашап жүргөнү абдан өкүнүчтүү. Төмөндө биз баян этип, сиздерге кабардар кылалы деген окуя төрт жашар Илиязбектин тагдыры, адамдык сапатын акчага алмаштырган инсан жөнүндө болмокчу.

Илиязбектин ата-энеси Байтереков Сейитбек жана Абдукеримова Мейликан эженин эки эркек эки кызы бар. Балдардын бардыгы 7 айлык, кызы 8 айлык кесерова жолу менен төрөлгөн. Анткени, эже "гипертония" деген диагноз менен жабыркап, дарыгерлер төрөгөнгө болбойт дешкен. Ошого карабастан, бала үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, жарыкчылыкка алып келип, 1 кг 500 гр. төрөлгөн Илиязбекти ырымдап калпакка багышып, үч жашка эми толуп ата-энеден өз алдынча болуп калган мезгилинде, минтип кырсыктап отурбайбы...
Анда сөз башынан болсун, 2009-жылдын 16-ноябрында Бишкектин Ала-Тоо көчөсүнүн (переулок) №10 үйүн Преверзев Александр Валентинович деген адам сатып алып, кошуналарынан "бул үйгө өзүм жашайм" деп 2 кабат үй куруу жөнүндө уруксат сурай баштайт. Коңшулары курула турган үйдүн долбоорун көрсөтүүсүн сурашканда, ал даяр эместигин жана даяр болоору менен көрсөтө тургандыгын айткан.
Ошентип, 2 кабат үйдүн курулушу башталат. Үйдүн экинчи кабаты башталганда, адатта курулуш болуп аткан жерди тосуп коюу эрежесин сактабагандыктан, коңшулардыкына устачылык шаймандар түшүп кетип турган. Муну Сейитбек байке "балдардын башына бир нерсе түшүп кетпесин тосуп кой" деп бир нече жолу Преверзевге эскертет. Дубалга үйүн жакын салып алгандыктан, бир жолу Сейитбек байкенин бастырмасын жана шифер тосмосун балгарка түшүп кетип, талкалап короодогу балдарга аз жерден тийбей калат. Ошондон соң, курулуп жаткан үй жол тарапка жакын болгондуктан, балдар курулуш тарапка барып кырсык болуп кетпесин дешип, кошуналар жол жакты тосуп коюшун курулуш ээсинен суранышат. Анан ал Сейитбек байкенин дарбазасынын жанына орнотулган өзүнүн темир дарбазасынын бир жак бөлүгүн чыгарып, эч нерсе менен бекитпей экинчи жагына жөлөп коёт. Ал дарбазанын бөлүгүн куруучулар ары-бери жылдырып, курулушка кирип-чыгып жүрүшөт.
Акыры, эки кабат салам деген үйү төрт кабаттуу тамга айланат. Көрсө, А. Преверзев үйлөрдү квартиралык кылып салып, кайра сатып пайда көргөн, "крышасы" бар "чо-оң бизнесмен" экен. Кептин түйүнү мында деле эмес, бирок, бирөөнүн зар какшаганын шылдыңдагансып тоготпогон Александрдын чыныгы жүзү Илиязбек кырсыктаган соң билине баштайт.
2010-жылдын 30-май күнү болжол менен саат эртең мененки 10:30дар чамасында Мейликан эже үйдөн чыгып короо жакка басканда эле аркасынан үч жашар Илиязбек үйдөн чыгып, колуна агасынын ботусун кармап алып, дарбазадан жаңы гана чыккан кезде, дарбазанын жанындагы эч нерсе менен бекилбеген, шамалга калдырап араң турган Преверзевдин дарбазасы кулап, Илиязбекти басып калат да, жерде жаткан бузулган үйдүн талкаланган учтуу бетондоруна бала бети менен тийет. Ошол убакта темир кулаганын, баланын кандайдыр бир аянычтуу кыйкырыгын угушуп, короодо баланын апасы, Кыязбек (улуу баласы), үйдөн Жапаркулов Гүлжигит (кайниси), Омар кызы Гүлназ (сиңдиси) чуркап чыгышат. Көчөгө баары чуркап чыгышып, эки жакты карап, баланы таппай деңдароо туруп калышат. Бир кезде баланын онтогону угулат. Илиязбектин апасы жетип барып эле жанагы дарбазаны көтөрөйүн десе алы келбей, төртөөлөп дарбазаны көтөрүшүп, башынан кан атып, кызыл -жаян болуп жаткан Илиязбекти көрүшөт. Баласын көргөн эне көзү чыгып кеткен экен деп ойлоп, ошол жерден эс -учун жоготот. Мейликан эженин иниси тез жардамды күтпөй эле баланы көтөрүп кошунасынын машинасы менен №3 балдар клиникалык бейтапканага алып келишет да, балага оор операция жасалып 4 күн реанимацияда жатат. Мейликан эже: "баламды көргөндө эле өзүмдү жоготуп коюптурмун, эч нерсе билбейм, эсиме келсем ооруканада сиңдилерим кийимимди которуп атышыптыр, боорум бүт кан. Улуу баламдын айтуусунда дарбазаны көтөрүп, баламды алып чыгып атканда кийимиме кан чачыраптыр, ойлоп көрсөңөр канча кан кетти? Ушул балам негизи жашоону сүйгөн бала. Болбосо, бетондордун арасындагы кичинекей баланын башы бата турган чуңкурчага башы батып кеткен да, колундагы ботусу мойунунда калыптыр. Чуңкурчанын жанындагы учтуу бетондорго бети менен тийсе баламдын эмнеси калат эле? Жанагы ботусту көтөрүп алганын карабайсыңарбы, учтуу бетондун сыныктары мойнун тилип кетсе эмне болот? Ботусу мойнун тосуп калыптыр. Иним баланы бейтапканага кыймылдатпай, түз көтөрүп барганы да жакшы болуптур. Дарыгерлердин айтымында, ошончо аткан кандан бир тамчы кан мээсине тамып кеткенде башкача болуп калмак экен " деп сай-сөөгү сыздай айтып берди.
№3 балдар клиникалык бейтапкананын берген маалыматында Рыспаев Илиязбектин денесине төмөндөгүдөй: "Открытый черепно-мозговая травма, ушиб головного мозга, осколчатый имприсионный перелом лобной кости слева" деген жаракаттарды алган.
Ошол эле күнү, тактап айтканда 2010-жылдын 30-майында Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан А.Преверзевге тиешелүү темир дарбазанын бир бөлүгү эч нерсе менен бекитилбегендиги такталып, протоколго түшүрүлүп, сүрөткө тартылган жана Байтереков Сейитбек байкенин арызы боюнча текшерүүлөр башталат. Илиязбек реанимацияга түшкөндөн үч күн өткөн соң, 3- июнда эсине келген А. Преверзев курулуш ишин Октябрь РИИБи токтотуп койгондугунан материалдык чыгымдарды өзү көтөрөрүн мойнуна алып, нотариалдык түрдө милдеттеме берет. Ошентип, 8-июнда "Керек болсо, чет-өлкөлөргө да алып барып дарылатып берем" деп Сейитбек байкени алдап, Октябрь РИИБне тосмо арыз жаздыртат. Тосмо арызды жаздырар менен дарылоого кеткен чыгымдарды төлөбөй кача баштайт. Ал эми, баланын ден-соолугу бычактын мизинде калат. Акыры, телефон чалган жабырлануучуларга орой сүйлөп, "мен бош эмесмин", "бир жерде отурам" деген жоопторду берип, өчүрүп салат. Кийин Илиязбектин атасы барып жолукса: "Наши люди такие вопросы решает сидя по телефону. Куда хочеш, туда обращайся" деп мыйыгынан күлүп басып кетет.





Жакында, баланын ден соолугун текшерткенде дарыгерлер "Эпилепсияга айланып баратыптыр" деген диагноз чыгарышыптыр. Учурда баланын маңдайкы былчыранып сынып кеткен баш сөөгү жок, мээни тери эле каптап калган. Караган адамга баланын мээсинин соккону билинип турат. Саламаттык сактоо министрлигине да арыз менен кайрылышканда, алар "Бала он сегиз жашка чыкмайынча, майдаланып кеткен сөөктүн ордуна эч нерсе коюуга болбойт. Он сегиз жашка чыкканда гана, баш сөөгү толук калыбына келгенде "титан же пластик" коюлат" дешкен. Илиязбек он сегиз жашка чыккыча он төрт жыл бар. Ага чейин баланын ден-соолугу кандайча өзгөрүп кетет? Бала-бакча баланын жоопкечилигин алуудан баш тартууда, "кичине бала жыгылат, бир нерсени сүзүп алышы же балдар оюнчук менен чаап жибериши мүмкүн " деп. Мектепке барганда кандай болот?


Азыр Илиязбекти ата-энеси ар алты ай сайын ооруканага жаткырып турушу керек. Бирок атасы Сейитбек байкенин айтымында бала ал убакка чейин чыдабай, ооруканага жатып калууда жана дайыма дары менен жүрөт. Керек болсо дары иче турган мөөнөтүнө жетпестен эле, башым ооруп атат даарым бергиле деп 4 жашар Илиязбек ата-энесинин жүрөгүн зыркыратат. Ал эми врачтар дарымды көп бербегиле, баланын бөйрөктөрү отуруп калат деп эскертишүүдө. Илиязбек үч жашында бала-бакчадагы тарбиячыларды таңгалткан сүрөттөрдү тарткан, 7 айлык төрөлсө да зирек бала болгон. Ата-энесинин сөзүнө караганда, азыр кээде өзүнөн-өзү телевизор, двд баарын өчүргүлө, тынч отургула деп кыйкырып ыйлап, анан диванга барып артты карап жатып алат экен. Баланын келечеги кандай болорун эч ким айталбайт ата-энеси болсо "Бизге А.Преверзев моралдык да, материалдык да чоң чыгым келтирди. Бирок, акча табылат го, балабыз жакшы болуп кетсе эле болду" дешет. Айтмакчы, Илиязбек ооруп калган 1жыл 3 айдан бери апасы Мейликан эже үйдөн, көчөдөн баратып эле тогуз жолу эс-учун билбей кулап калган. Сейитбек байке болсо 1993-жылдан бери жүрөк оору боюнча каттоодо турат. Акыркы кезде жүрөгү кескин начарлап кеткенин дарыгери тастыктап, выписка жазып берген. Ошентип, А.Преверзевдин шалаакылыгынын айынан бир баланын тагдыры бүдөмүк абалга келип, бир үй-бүлөөнүн үстүн кара булут каптоодо. Сейитбек байкенин үй-бүлөөсү кайрадан Октябрь РИИБне арыз менен кайрылууда. Эми, сотторубузга ыйман, адилеттүүлүк келип, акыйкаттык орундайт деген тилек менен бул темага дагы кайрыларыбызды эскертип жыйынтыгын күтө туралы. Азыр сот тармагын тазалайбыз деген чоңдордун дымагынан канчалык деңгээлде майнап чыккандыгын ушул иш менен коомчулук, журналисттер журтчулугу көз салып турабыз.

Нурайым
Рысмамбетова