Мирлан Баеков, ырчы:
"Шайлоодо кимди колдоп ырдаарым белгисиз..."

Кыргыз шоу-бизнеси мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы жетишкендиктер менен коштолуп келе жатканына күбө болуп келебиз. Ошондой калк сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, сахнадан өз ордун таап келе жаткан дагы бир жаш ырчыбыз бизде мейманда. Ал Мирлан Баеков.

- Мирлан аздыр-көптүр эл оозуна алынып, атың чыгып келе жатат. Чыгармачылыгыңдын чыйыр жолунда кандай жаңылыктар болууда?
- Жаңы ырларды жаздыруу менен алектенүүдөмүн. Ошондой эле азыр "Каниет ыры" аттуу ырыма клип тарттыруудабыз. Клиптин башкы каарманы болуп аксакал куудул агабыз Келдибек Ниязов ойноодо. Анткени, ырындагы айтылган саптар Келдибек агайыбыздын басып өткөн эмгек жолуна үндөшүп кетет экен.
- Айтмакчы, калп айтпасам азыркы сен ырдап жүргөн "Каниет ыры" аттуу ыр эски ыр беле?
- Ооба, аталган ыр эски ыр, обону Гүлмира Айдосова деген эжекебизге таандык, ал эми сөзүн ким жазганын билбейт экенмин.
- Ырчы катары атың элге таанылгандан бери Мирлан Баеков жана "Жоролор" куудулдар тобу болуп элге жакшы маанай тартуулап келесиңер. "Жоролор" тобунан бөлүнүп өзүнчө, жеке ырчы катары чыгайын деген оюң жокпу?
- Ал жөнүндө ойлонуп көрбөптүрмүн. Чындыгында мен ырчы катары элге тааныла электен бери эле "Жоролор" тобундагы балдар менен чогуу басып, чогуу туруп бири-бирибизге көнүп калганбыз. Менин ырчы болуп чыгышыма да ошол балдардын салымы чоң, чыгармачылыктын түйшүктүү жолунда "жеңилимди жерден, оорумду колдон алган" "Жоролор" тобундагы балдар десем жаңылышпайм.
- Ким болбосун коомдо болуп жаткан саясатка кызыгуу менен карайт эмеспи. Сурайын дегеним кайсы саясатчынын жүргүзгөн саясатына баа бересиң?
- Башынан эле Ө. Текебаевди баалап келем. Азыр деле ошо кишинин күйөрманымын.
- Демек, алдыдагы шайлоодо жактырган саясатчыңды колдоп ырдайт экенсиң да...
- Жок, тигини же муну колдоп ырдайм дегенден алысмын. Азырынча шайлоодо кимди колдоп ырдай турганым чечиле элек. Сунуштар болуп атат, ойлонуп көрөбүз го.
- Өзүң обон да жаратасыңбы же жөн гана аткаруучусуңбу?
- Өзүмдүн жан-дүйнөмдөн чыккан 5-6 обонум бар. Буюрса эми ошол ырларымды жаздырып элиме тартууласам деп турам.
- Жашың 29га келиптир, качан үйлөнөйүн деген ой бар. Балким, айрым сахналаштарыңдай болуп үй-бүлөңдү жашырып жүргөндүрсүң?
- Жок, андай эмес. Эгерде үй-бүлөм болгондо жашырбай эле айтмакмын. Кудай буюрса быйыл күздө үйлөнсөмбү деп турам.
- Жүрөктүн ээси табылган го дейм...
- Ооба, мурда бир сүйлөшүп жүргөн кызым бар эле. Негедир тил табыша албай таарынышып кеткенбиз, тагдырдын буйругу менен кийин ал кызга кайра жолугуп калдым. Жолуккан күндөн бери эски таарынчтарды унутуп, кайрадан эски сүйүүбүздү улаганбыз. Ошол кызга баш кошсомбу деп турам.

Баарлашкан: А. Алиев