Атамбаев
ажолукка аттанды
Кечээ жакында, тактап айтканда 14-августта Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Курултайында Алмазбек Атамбаев КРнын президенттигине талапкерликке көрсөтүлдү. Башка айрым партиялардан айырмаланып талапкерлер тууралуу талаш - тартыштар болгон жок. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар А.Атамбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту. КСДПкачылар өз чечимин Кыргызстандын алдында тынчтык жана мамлекеттүүлүктү сактап калуу милдети тургандыгы менен түшүндүрүп өтүштү. Ошону менен бирге бийлик вертикалдуулугун калыптандыруу үчүн бардык аймактардагы шайлоочулардын колдоосуна ээ болгон президент керек деп эсептешээрин курултайга катышкандар баса белгилешти. "Азыркы президенттикке ат салышып аткандардын ичинен мындай талапка жооп бере турган, азыркы премьер-министр, КСДПнын лидери А.Атамбаев"- деп партиялаштары катуу колдоого алышты.
Ооба, чындыгында эле Курултайда белгиленгендей, социал-демократтардын коомдогу орду бекемделди. КСДП лидери жетектеген Өкмөт кыска убакыттын ичинде кыргызстандыктардын турмушуна таасир бере турган бир катар проблемаларды чечүүгө жетишкендигин айтпасак да белгилүү.
Врачтардын, мугалимдердин айлыгы бир канча эсе көбөйдү.|Өлкө түштүгүн энергетика менен камсыз кыла турган "Датка" подстанциянын курулушу башталды. Премьер-министрдин тең салмактуу позициясынын натыйжасында жакынкы коңшулар менен мамиле чыңдалды. Атамбаевдин Оруссия тарап менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында күйүүчү жана майлоочу майга болгон бажы төлөмү алынып салынды. Натыйжада, Кыргызстанда күйүүчү майдын наркы башка көп өлкөлөрдөн алда канча төмөн болуп атат.
Курултайда делегат Э.Эрматов сүйлөгөн сөзүндө: "Атамбаев жогорку кесипкөй, маалыматка ээ, заманбап жетекчи, ошондой эле эң негизгиси ал өтө акыйкат, чынчыл таза адам экенин белгиледи. Премьер-министрдин укуктары чектелүү, бирок өлкөдөгү кырдаалды, элдин биримдигин сактоо үчүн КСДП Атамбаевдин президенттикке талапкер болушун өтө зарыл, деп эсептейт" -десе көпчүлүк аны колдоп-коштоп кетти.
Өз талапкерине колдоо көрсөтүү менен делегаттар, Атамбаевди партиянын үмүтүн актап, экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун оңдооруна ишеним билдиришти.
КСДП лидери өзүнө көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирүү менен алдыда турган шайлоо кампаниясынын тарыхый маанисин белгиледи.
" Бүгүнкү күндө жөн гана шайлоону жеңип чыгуу эмес, элдин биримдигин сактап калуу өтө маанилүү. Кыргыз жергесинде жашаган элди ынтымакка алып келүү зарыл. Бул үчүн азыркы саясый элита эски таарынычтарын унутуп, жеке амбицияларын четке кагуусу зарыл", деди. Өлкөнүн келечеги тууралуу да бир топ оюн айтып " Кыргызстандын жарандары эркин жана бакубат жашаш керек. Элдин эркиндиги жок мамлекет түбөлүк артта калгандын үстүндө болот. Биз өлкөнүн бар байлыгын бир кландын эмес, элдин жыргал жашоосуна жумшала тургандай саясый система курабыз. Калк өз жеринин кожоюн экенин сезиш керек. Ишенип койгула, эгерде бирдиктүү болсок бул реалдуу нерсе!"- деп жыйынтыктады өз сөзүн А.Атамбаев.
Ал эми мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер катары расмий каттоодон өткүчө Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматын уланта берет.
БШКнын календарлык планына ылайык, талапкерлер керектүү сандагы кол топтоп жана мамлекеттик тилден сынактан өткөндөн кийин гана расмий катары катталышат.
Бул процедуралардан 25-сентябрга чейин өтүп, талапкер катары расмий күбөлүк алышат. Андан кийин гана мамлекеттик кызматкерлер кызматын убактылуу токтотушат.

Айпери Кеңешбекова