СМС-пикир
Рысбек агабыздын башы аман болсо, ал биз үчүн баарын кылмак! Келгиле патриоттор, көлдүктөр Балыкчыга Р.Акматбаевдин айкелин тургузалы! Көлгө келгендер кимдин жерине келгенин билип, көлдүк баатырды көрүп турушат.
0551 9191ХХ

Мен кыргыз элимди жана Кочкор жеримди улуу Рамазан айы менен чын жүрөктөн, ыкластан куттуктайм. Элим ынтымакта жашап, биримдикте өмүр сүрүүсүн каалайм. Бар бол Кочкор сiti. (Нарындык кочкор!!!)
0702 9109ХХ

Расул Гамзатов бир чыгармасында, "эртең эне тилим жоголорун азыр билсем, аны көрбөй бүгүн өлүп калганым жакшы" деп жазган экен. Келгиле кыргыз туугандарым эне тилибизди сактайлы да, барктайлы. Качанкыга чейин тилибизди жерип жүрө беребиз.
0700 5678ХХ

Төкмө акыныбыз Аалы Туткучевге ийгиликтерди кааламакчымын. Сизди элин сүйгөн, жерин сатпаган акын деп сыпаттап билем. Элге өзүңүздүн карыбаган чыгармаларыңыздарды арнап жүрө бериңиз. Сизди Токтогул, Жеңижок ж.б. тарыхыбызда калган эл акындарынын жолун улап кетет деп терең ишенем. (Асылнур)
0700 2412ХХ

Элим ушул сасык саясатты токтотолучу. Ар бир адам саясатчы болуп кетти го. Азыр күз да кирип келе жатат. Түшүм жыйнайлы, кышка кам көрөлү. Саясат деп жүрүп кышында оозубузду ачып отурбайлы. (Дыйкан)
0778 5648ХХ

Ушул билими жок сотторду ким тандап, ким сунуш кылып жатат. Бизде качандыр бир мезгилде акыйкаттык, калыстык деген орнойбу. Бийлиги да, соту да, андан башкалары да таза иштеп, ак сүйлөгөндү качан үйрөнүшөт. Баары эле жегич боло береби. (Адилеттүү Сот)
0770 5362ХХ

Менин кошунам салыкчы болуп иштейт. Быйыл жайдын башында там сала баштаган, азыр бүтүрүп жатат. Болгондо да 2 кабат үй. Бизде эмне салыкчылар ушунча көп акча табабы. Эгер ошондой болсо мен салыкчы болуп алсамбы.
0778 7489ХХ

Сүрөттөрдү сүйлөткөн А.Иманалиев ишиңизге ийгилик. Биздин саясатчы, ырчы агай-эжелерибизди сүйлөтүп жүрө бериңиз.
0556 4855ХХ

Азыр сени жактырып жүрөм. Мен ойлойм сени жакшы, акылдуу кыз деп. Бирок чынында сени эки гана жолу көргөм. Ошентсе да мен сени жактырам. Убакыт баарын ордуна коет деп ишенем. (Асылнур)
0700 2412ХХ

Жаштар ата-энебизди сыйлап, урматтайлы. Биз да келечекте Кудайым буйруса ата-эне болобуз. Ата-энени азыр кандай сыйласак, балдарыбыздан да ошондой мамиле күтсөк болот. Кеп анда да эмес. Болгону биз, бизди көп кыйынчылыкты көрүп чоңойткон, тарбия берген, адамдардын катарына кошкон ата-энебиздин кадырын билип, жакшылыктарыбызды көрсөтөлү. Аларды таарынтпаганга аракет жасашыбыз керек.
0770 4456ХХ

Бүгүн жумушка бара жатып жашы менден бир топ улуу байкени көрдүм. Ылжып мас. Жаңы баса баштаган балага окшоп, ары-бери темтелеңдеп кетип баратат. Биздин көчөдө ушинтип кезектешип ичишип, темтелеңдешет. Кээде "оптом" ичишет, а күнү көчөгө иттер да чыкпай калат. Кайран агалар, аталар качан аракты коюшар экен. Мени, кыргызды арактан Кудай алыс кылсын. (Акыл)
0770 3954ХХ

Урматтуу бийликтегилер, Манас атабыз менен Ч.Айтматовдун эстелигин орнотобуз деп демилге көтөргөн соң, аны акыр аягына чыгарбайсыңарбы. Кайра элден акча доолабай. Мамлекетте Кыргыздын эки чыгаан Уулуна каражат табылбайбы. Шордуу мамлекет. (Азамат)
0770 5546ХХ

Сүйүктүүм Айсенемге салам. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жылга чукулдап калды. Ошол аралыкта мен сени кантип сүйүп калганымды билбейм. Досторум тамашалап мага Айсенем келин кандай жүрөт деп тийишип калса, койгулачы деп койчумун. Азыр эми, сени сүйөрүм анык экенин билип турам. Сен да мени сүйөсүң, аны билем. (Ренат)
0702 9109ХХ

Банктын кызматкери Айзада мен сени таарынтып алгандан бери өзүмдү акмак сезип жүрөм. Мен сенден кантип кечирим сурасам экен. (Diamond)
0778 7780ХХ

Калкым сен эми бөлүнбө, алыска жылбас кадамың,
Бирдиктүү элде күч да бар, ара жолдо калбагын. (Асылнур)
0700 2412ХХ