Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Түрдүү суроо, түрдүү жооп

"Дүйнө бүтпөгөн суроолордун тегерегинде куралган" деп айтып жүрүшөт. Суроолор бүтпөйт, айтор. Ошол чеги жок суроолордун учугун улап, аты чыккан адамдарга биз да собол узаттык, азыноолак жооп алууга. Анда, абай салып көрүңүздөр.

Эдил Байсалов, укук коргоочу:
- "Жакшы короз-арык болот" дегенге кошуласызбы?
- Эми ар кандай болот да. Ушу короздорго анан короздонгондорго башынан эле жаман көз караштамын (күлүп). Бирок, негизи арык семиздик деген бул адамдын чыныгы жүзүнүн көрсөткүчү эмес го. Арык-семиз деп ошол тоокторго, короздорго иши кылып жаныбарларга карата баа берсек болот. А адамдар таптакыр башка да, жаш кезинде кээ бири арык болот, кийин бара-бара семирет же тескерисинче карыганда арыктайт кээ бири. Бирок семиргенине же арыктаганына эмес, адамгерчилигине, акылына, маданиятына карап жакшы же жаман адам деп баалайбыз го. Негизи тамаша ирээтиндеги эле сөз катары кабыл алсак болчудай. Адам арык же семиз болгону үчүн жакшы, же семиз болгону үчүн жаман десек анда адашып калабыз. Адамдар ар түрдүү, бирок сырткы келбетинен эмес, ички жан дүйнөсүнүн абалынан алардын жакшы же жаман экенин билебиз деген ойдомун.


Асылбек Өзүбеков, ырчы:
- Турмушта ыр көппү же ый көппү?
- Ооуу, турмуш дегениң укмуш нерсе да. Анда ыр деген да болот, ый деген да болот. Сонун бир мезгилдер болот ыр окуп, обон созуп. Бактылуудай сезип жүрөсүң өзүңдү. Бирок ошол менен эле өмүр өтсө кана? Башталган нерсенин аягы да болот дегендей, шарактаган ырлар токтогон мезгили да болот жашоонун. Турмуштун өзүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү өз нугу бар. Сен андан эч качып кутула албайсың. Ал бирде ыйлатат, бирде сооротот. Ошо соороткондо, жаагыбызды жанып ырдап калабыз да. Бирок өмүрдү, турмушту барктап-баалап өткөнгө не жетсин, таң гөрү! Ушул ырлар менен, жакшы китеп менен турмуштун кымгуутунан аз да болсо эс алып калат экенбиз да. Картайып баратканда, "тиги китепти окуп атам, бу китепти окуп атам" деп өздөрүн-өздөрү алаксытып калганы ошо да адамдардын. Бирок, ый көп экенин же ыр көп экенин тең салмактап ким көрдү дейсиң?



Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
- Жашоо-бул театр дешет. Андай болсо сиз кимдин ролун ойноп жатасыз?
- Мен жазуучумун. Жашоомдо жазуучунун ролун ойноп келем. Мен ушу эс тарткандан бери эле "жазуучу болсом" деп кыялданчумун. Классташ балдарым да айтып калышат, Айтматовдой жазуучу болом дей берчүсүң деп. Кудайга шүгүр тилегимди кудай берип жазуучулук ролумду колунан келишинче аткарып жатам. Ушул жазмакерлик талантка ээ кылып койгонуна Жаратканга ыраазымын. Болбосо жазуучулукту атайын чоң окуу жайларда деле үйрөтпөйт эмеспи. Мындай талантты Кудай өзү гана берет, ошондо да баарына эмес. Ырас бул ролго кошуп жашоодо бирөөгө уул, сүйгөн жар, камкор ата болсун деген милдеттүү ролдор берилет экен. Бул жагынан алып караганда, мактана тургандай эле үй-бүлөөм бар. Үч кыз эки уулдун атасымын. Мындайча айтканда милдеттүү ролдорумду да жакшы эле аткарып келе жатат окшойм. Жакындан бери небере жыттап, чоң атанын да ролун аткара баштагам.


Бегалы Наргозуев, экс-депутат:
- Адамдар өмүрдөн тажагандар, анан өмүргө тойбогондор болуп экиге бөлүнөт дешет. Сиз кайсы катардасыз?
- Чындыгында өмүрдөн тажагандык бул өтө коркунучтуу го. Өмүрдөн тажагандар деп бул жашоодон чарчап калган, жанкечтилерди айтса керек. Дегеле андайлар жок болсун деп тилейбиз да баарыбыз. Өмүр, жашоо тажатпасын дейли. Себеби, адам деген өмүргө тойбойт эмеспи. Ошол кылым карыткан диндерге кайрыла турган болсок, ошол эле Куранда, ошол эле Библияда аркы дүйнө, бейиш тууралуу баяндалып жатпайбы. Демек, адам түбөлүктүү жашагысы келет экен да. Ошол бейишке ишенип, бул дүйнө менен жашоо токтоп калышын каалабайт турбайбы. Сен да, мен да, ал да өмүрүнүн узун болушун тилейт туурабы? Өмүрүн улантуу үчүн жанталашып жанын коргойт, жакшы жашаганга аракет кылат. Демек бүткүл адам аттуунун бары, жашоо, өмүр үчүн күрөшүп, аны даңазалап атышса, мен кантип башка жээкте болоюн. Мен ошол өмүрдү барктап, өмүргө тойбогондордун катарындамын да.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??