Аргасыздан айтат экенсиң

Кыргызстан үчүн
ким жана эмне
коркунучтуу?..

Акыркы эки жумадан бери алдыдагы президенттик шайлоо, президенттикке көрсөтүлүп жана өзүн өзү көрсөтүп жаткан талапкерлерге болгон кызыгуу, сонуркоо четте калып, кыргыз коомчулугу Дубайда кармалды деген Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевди талкуулап жатышат. Азыр эрикпеген кишинин баары эле өзүн өзү президенттикке көрсөтүп жатышат, талапкерлердин саны өскөн сайын аларга болгон кызыгуу ошончолук бат тарап баратканы мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бирок, жогорудагы тирукмуш, алда канча кооптуу экени талашсыз.

Дүйнөнүн эң ири державасы болгон АКШ президенти Барак Обаманы бүшүркөткөн Камчы Көлбаевден Кыргызстандын айрым саясатчылары эмне үчүн чочулап, шайлоого чейин анын көзүн тазалагысы келгенин түшүнүп жатабыз. Мунун өзү, кыргыз бийлигин мыкчып тургандардын жана эртең-бүрсүгүнү бийликке келем дегендердин айрымдарынын жууса кеткис шакмары бар экенин тастыктап тургандай. Сыягы алардын эмне "кара" иштери бар экенин, кайсы жерден колдорун бокко малып алганын Камчы менен Алманбет жакшы билет десек болот. Ошон үчүн алар кыргыз саясатчыларынын лөктөрүнүн кокосуна сайылган тикен болуп туру. Болбосо, Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевдин персонасын анчейин дүйнөлүк масштабда саясатташтырбасак деле болмок.
Ошол эле наркотрафик маселесин, Барак Обаманын Камчы Көлбаевди наркобарон деп атаганын алалы. Кыргыз укук коргоо органдары "вор в законе" атаган жана Кыргызстандагы наркотрафикти көзөмөлдөп турат деген Камчы Көлбаев акыркы жарым жылда Дубайда жатты. Мындайча айтканда, Кыргызстан менен эч кандай байланышы болгон да жок. Камчы Көлбаевдин тобуна тиешелүү делгендердин баарын четинен кармап, алар да убактылуу кармалуучу жайларда олтурушат. Бирок, ошол эле учурда, Кыргызстан аркылуу Ооганстан апийими, героини ташылбай калдыбы? Жок, тилекке каршы ташылып жатат. Эгер Барак Обама наркобарон атаган Камчы Көлбаев жана анын тобунун мүчөлөрүнүн акыркы жарым жылда бул ишке тиешеси жок болсо, анда кимдер Кыргызстан аркылуу өткөн наркотрафикти көзөмөлдөп жатат? Чындыгында эле, бул таңкалыштуу жагдай. Акыркы бир жылда Кыргызстанда баш көтөргөн бир да кылмыштуу топ жок да, бирок биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн наркотиктерди ташуу жолу ошол бойдон эле калууда. Наркотиктер байма-бай ташылып жатат, мурдагы көлөмүнөн ашса ашты асти кемиген жок. Андай болгондо, Кыргызстандагы чыныгы наркобарон ким деген суроо жаралат? Ким? Бул бир деп туруңуз!!!
Экинчиден, кримдүйнө деп жатабыз. Укук коргоо органдары Кыргызстанда кеңири белгилүү төрт-беш кримтоптору бар деп айтып жүрүшөт. Алар кайсылар экенин коомчулук деле жакшы билип калды. Өткөн жылы парламенттик шайлоо учурунда, белгилүү эле саясатчыларыбызды коштоп жүргөн моюндары буканыкындай буржуйган, эңгезердей капкара тишине чейин куралданган жан сакчыларды кимдер деп атоого болот? Себеби, партлидерлердин жанынан чыкпай котолоп, коштоп жүргөн бери дегенде төрт-беш, болбосо он-жыйырмадай жан сакчылар, саясый партиялардын офистеринин алдында автомат менен куралданган кең далы жигиттер кримдүйнөдөгү кайсы бир кримтопко тиешелүү эмес экенине эч кандай кепилдик жок экени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, кыргыз саясатчыларынын айрымдарынын жан сакчыларынын кримтопторго түз да, кыйыр да байланышы болуп келгени бизге турмуштук фактылардан улам белгилүү. Анда, саясый партия лидерлери ээрчитип жүргөн жан сакчылар кимдер? Куралдар кайдан жана кимдин уруксаты менен берилген, дегеле курал көтөргөн жан санчылар курал көтөрүп жүрүүгө укуктары барбы, буга эч кимдин башы ооруп да койгон жок. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына ат салышкан саясый партиялар мыйзамын да, башкасын да уруп ойношподу. Саясый партия лидерлери саясатчыны эмес, бизге Чеченстандан ооп келген талаа командирлерин эске салып турду.
Үчүнчүдөн, Кыргызстан үчүн ким жана эмне коркунучтуу? Коррупция коркунучтуубу, же кримдүйнө коркунучтуубу? Укук коргоо органдары кримдүйнө ар бир комокко чейин салык салат, бизнесмендерди эле эмес, карапайым адамдарды да талап-тонойт дейт, эмне салыкчылар комокторго чейин кирип-барып, ай сайын сол чөнтөккө акча чогултуп турбайт бекен? Чогултушат. Бажычылар жон териңди сыйрып албайт бекен, сыйрып алат. Милиция көчөдөн кармап, паспортуңду текшеримиш этип, 50-100 сомуңду кагып алабы, кагып алат. Болбосо, "менин милициям" "мени коргобой" эле чөнтөгүңө наркотик, же акча салып, сындырбайт бекен, сындырат. Мындай карасаң, салыкчы деле, бажычы деле, милиция деле, прокуратура деле, сот деле жарым бандит болуп жатпайбы. Мыйзам менен мыйзам эместин чегин кантип ажыратабыз?
Кыргызстандын байлыгын сыртка ташып, 2-3 млрд. АКШ долларына карызга олтургузган Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияев эмес, Кыргызстандын мыйзамдуу президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев экенин эч ким деле танбаса керек деп ойлойбуз!!! Же жалганбы? Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны - Кытай менен Казакстанга криминалитеттер карматтыбы, же Кыргызстандын мыйзамдуу бийлигиби? Сөздүн ток этээрин айтканда, Кыргызстан үчүн ким жана эмне коркунучтуу?..

Бек Мамашов