Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эки-ономика

Интервенция, дефолт
жана 22 млрд.

Кыргызстандын экономикасы үчүн эң бир жагымдуу мезгил - бул жаздан күзгө чейинки аралык. Анткени, жыл сайын дал ушул маалда, АКШ долларынын сомго карата расмий курсу ылдыйлап, өтө төмөнкү деңгээлге жетет. Экономика үчүн жагымдуу дегенибиз, бир жагынан АКШ долларынын курсу төмөндөшү менен инфляция өлчөмү өзүнөн өзү азайса, бир жагынан арзанчылыкка кыйыр да болсо таасирин тийгизет. Үчүнчүдөн, өлкөнүн тышкы карыздарын төлөө үчүн долларды да ушул мезгилде сатып алса болот.


Өлкөнүн Улуттук банкы мына ушул абалдан пайдаланып, курсу ылдыйлаган АКШ долларын сатып алып, интервенция жасаганын банкирлер эле эмес, карапайым адамдар деле жакшы билет. Мындай операциялар бир гана жай айларында эле эмес, жазда, күздө, кышта, ар кай мезгилдерде, Улуттук банктын валюта жүгүртүү саясатына жараша жасала берет. Бул өлкөнүн баш банкынын башкы прерогативасы. Мындай валюта-сом операциясын банктар гана эмес, колунда бош акчасы бар карапайым адамдар деле жүргүзсө болот. АКШ долларын курсу ылдыйлаган маалда сатып алып, кийин жогорулаганда өткөрүп ийсе, ортодон оңбогондой эле сумма чөнтөккө шалак этип түшүп калат. Мына жакында эле АКШ долларынын сомго карата курсу 44,3983 (-0,44%) сомду түзүп, кыйла түшкөндөктөн, Улуттук банк 33 млн. АКШ долларын сатып алды.
Ошол эле учурда, АКШ долларынын кожоюну болгон АКШ алапайын таппай жатат. Дефолт болуу коркунучу алдында калган дүйнөнүн эң ири державасы - дефолтту кыйгап өтүү максатында мамлекеттик ички карыздардын лимитин 2,4 триллион долларга көтөрүүнү өлкө парламентинин өкүлдөр палатасынан жана Сенатынан суранууда. Азырынча АКШ Өкмөтүн өкүлдөр палатасы колдоп берди, эми кезек АКШ Сенатында калды. Сенат деле кайда бармак эле, колдоп берет го. Эгер мындай саясый чечим кабыл алынбаганда, АКШ Өкмөтү өз эсептерин төлөй албай калуу коогасы бар болчу. А АКШ дефолт болду дегиче, дүйнөнүн экономикасы кыйроого учурары айтпаса да түшүнүктүү. Өткөн жылдардагы АКШдагы финансы кризисинен улам бүтүндөй дүйнөдө кандай кризистерди жаратканын бүт дүйнө көрбөдүбү.
Азырынча, АКШ бюджетинин кыскарышы 10 жылга созулат деген кеп бар. Бир сөз менен айтканда, финансы жана экономикалык жагынан алганда да дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет болгон АКШ дефолт абалында турганы кайсыдыр бир деңгээлде 19-кылымдын 30-жылдарындагы Американы эске салбай койбойт.
Триллиондор менен сүйлөгөн АКШнын жанында Кыргызстандын бюджетиндеги 22 млрд. сом айланасындагы таңсыктык жарыбаган эле нерсе, бирок тилекке каршы ошонун өзү биз үчүн өтө көп көрүнүп, эмне кылар алапайыбызды таппай, кимден барып карыз сурарыбызды билбей турабыз. Ошентсе да, көңүлдү жубаткан нерсе, бизде азырынча Америкага окшоп, дефолт болуу коркунучу жок. Коркунуч жок дегенибиз менен баалар күн сайын көтөрүлүп, күн сайын өсүүдө.
Чындыгында, баалардын өскөндүгү, күйүүчү жана майлоочу майларды, буудай азыктарын, жадагалса, ширенкени сырттан сатып келип жаткандыгыбыз деле биз үчүн коркунучтуу эмес болучу, кыргыз экономикасынын трагедиясы бизде акча эсептегенди билишпейт. Акчаны кайда жана эмнеге, эмне максатта жумшоону билбей жатышат. Анан калса, өлкөнүн 10-20 жылга багытталган финансы-экономикалык саясаты жок болууда. Айталы, Кыргызстанда бюджет таңсыктыгы десе эле, той-топур, аш, маараке дегендерди токтотуш, Өкмөттөгү штаттарды кыскартыш керек деп чыга калабыз, дефолт коркунучунда турат деген АКШны алабызбы, же жер титирөө менен топон суудан, атомдук станциянын иштен чыгышынан миллиарддаган сом чыгашага учураган Японияны алабызбы, триллиондогон, миллиарддаган чыгым, жоготууларына карабастан, мурдагыдай эле кабагым-кашым дебей, тышкы мамлекеттерге гранттарын берип, кредиттерин берип, гуманитардык жардамдарын көрсөтүүдө.

Демек, мунун өзү биздин экономисттер жана финансисттер дүйнөлүк макроэкономикалык масштабда ой жүгүртө билиши да кажет экенин көрсөтүп турат. Ушул жерден турмуштук бир окуя эске түшөт. Мурда Бишкектин райондорунда акимдин орунбасары болуп жүрүп, анан Нарындын бир районуна аким болуп барып калган бирөө: "Мен Бишкектин бир районунун акиминин орунбасары болуп турганда, бир иш чараны аткаруу үчүн миллиондорго кол койгон учурлар болчу. Бул жакта ошондой эле иш-чарага 10-20 эсе аз каралат экен. Жумуш жүрүп жатат, бирок, аз акчага кол койгонго көнө албай койдум. Туура эмес бөлүштүрүп алгандан чочулайм, ошон үчүн дайыма акча бөлүштүрөрдө орунбасарыман сурайм, же ага тапшырам" деп атпайбы. Анысы кандай, биз улуттук кадрларды өстүргөндө, жалаң эле миллиондор менен ойлонгонду, кандай карыз алабыз деп баш оорутканды гана эмес, миллиарддар, триллиондор менен ойлонгонду да үйрөтүшүбүз керек. Анткени, өлкөнүн бюджетин түзүү да бул чоң искусство, чоң өнөр. Жөнөкөй арифметика да чыгармачылыкты талап кылат. Өзү мындай да, бар акчаны бөлүштүрүп коюу - анча-мынча эсепти билген бардык эле адамдын колунан келет. Ал эми жок акчаны табуу жана бар акчаны туура пайдалануу, иштин көзүн таап жумшоо, ашыкча эле чыгымдарды жасай бербөө бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Мунун өзү көптөгөн жылдык тажрыйбадан тышкары тубаса интуицияны да талап кылат.
Экономика бул чоң искусство десек, анда бизде финансы, экономиканы түшүнгөн чыгармачыл адамдар, таланттуулар барбы, болсо алар кимдер деген суроо өзүнөн өзү жаралбай койбойт.

Бек Мамашов





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??