Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын лидери:
"Түндүк-Түштүктү курал кылгандар - кыргыз элинин душманы"
- Аликбек мырза, күздө болчу президенттик шайлоодо түндүк-түштүк болуп бөлүнүү коркунучу жараларын айткандар көбөйүүдө. Сиз буга кандай маани берип жатасыз?
- Эми мындай да, азыр биздин саясатыбызда башаламандык өкүм сүрүп жатканын ким танат. Демократияда бардыгы мүмкүн турбайбы деп түшүнгөн саясатчыларыбыз четтен чыгууда. Буга кошумча саясый теория өнүккөн эмес. Бизде эң ириде саясатчылардын саясый-экономикалык программаларына карабай, алардын сапаттарына баам салбай, биринчи акчасына, жердешчиликке гана карап добуш берүү көнүмүшкө айланды. А программалар да өз кезегинде бири-бирине абдан эле окшош болуп жатат. Ошондой эле, бүгүнкү күндө президенттикке талапкерлердин саны кырктан ашып отурат. Алардын арасында, ар кандай деңгээлдегиси, билими-тажрыйбасы бары да, жогу да бар. Бирок, президенттик кандай жоопкерчиликтүү иш экенин бардыгыбыз эле билгидей болдук. Качып кеткен экөө тең, бир үй-бүлөөнүн жеке кызыкчылыгына иштегендиктин аягы жамандыкка алып бараарын көрсөтүшпөдүбү. Ырас, шайлоодо айрым бир талапкерлер ар кандай ыплас ыкмаларды колдонуп, түндүк-түштүккө бөлүүгө аракеттениши мүмкүн. Албетте, мындай кадамдарга барган талапкер эптеп эле бийликке жетүүнүн аракетин көргөн гана адамдар деп билсек болот. Менин оюмча андай адамдар кыргыз элинин душманы. Элестетсеңер түндүк өзүнчө, түштүк өзүнчө болуп калганын. Бул кыргыз улуту, мамлекети жоголду дегенди эле түшүндүрүп калат. Андыктан мындай кадамдарга баргандарды керек болсо мыйзам чегинде жазалоо керек. Бирок, биздин эл акылман эл, мындайларга жол бербейт жана кимдин-ким экенин жакшы билишет. Айрым бир саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн бөлүнүп жарылууга барбайт деп ишенем. Биздин саясий күчтөр бөлүнүп-жарылбай ынтымакка келишибиз керек. Түндүк-Түштүк элитасы биригип, мамлекеттин жана келечек муундун болочогу үчүн иштешибиз зарыл.
- Башкалардай болуп президенттикке ат салышууну ойлонгон жоксузбу? Же парламенттик шайлоодон кийин көңүлүңүз калдыбы?
- Саясат деген бул оюнчук эмес, бардык нерсени таразалап, талдап анан чечим чыгаруучу нерсе. Ал эми парламенттик шайлоо таза эмес өткөнү эч кимге жашыруун эмес. Ал жерде фальсификация, акча таратмай, административдик ресурсту колдонмой деген сындуу терс нерселер орун алды. Өткөндө бир аксакал айтат, "сен парламенттик шайлоодон өтпөй калдым дебе. Сенин 40 миңдей алган добушуң алда канча баалуу. Себеби, сен административдик ресурс колдонгон жоксуң, бирөөнү коркутуп же акча тараткан жоксуң" дейт. Мен ал аксакалга рахмат айттым. Анан албетте, парламенттик шайлоо бизге жакшы сабак болду. Өз партиябыздын ичиндеги катачылыктарбызы талдап билдик. Ал эми азыр, ушул элүүгө чукул кишинин арасына кошулуп ызы-чуу түшүп президенттикке барам дештин мааниси жок деп эсептейм. Бардыгыбыз таанып билген белдүү саясатчыларыбыз бар эмеспи, ошолор ат салышканы жатат. Айтор, баардыгына эл тараза болсун, саясат бул шайлоо менен эле бүтпөйт. Дагы алдыда көптөгөн сыноолор турат.
- Ошол белдүү саясатчылардын кимисине көмөктөшөйүн деген ойуңуз бар? Атамбаевге же Султановго кошулат деген пикирлер да айтылып жүрөт...
- Мен Атамбаев, Султанов, Мадумаров, Текебаев, Ташиев, Суваналиевди сыйлайм. Башка талапкерлерге да урмат менен мамиле кылам. Ар кимисинин өзүнчө жетишкен жакшы сапаттары бар. Алардын баары менен мамилем жакшы. Бирок, биз адегенде президент болчу киши мамлекетке эмне алып келет ошону карашыбыз керек. Ынтымак алып келеби же элди бөлүп жарабы деген нерсе биринчи орунда турат. Анан жакшылык алып келеби же кыйынчылык туудурабы? Ырыскы береке береби же жакырчылыкка такайбы? Ыймандуулукту туу тутабы же ыпластыкты жайылтабы? Ар бир талапкердин өзүнүн тарыхы, айткан сөздөрү, аткарган иштери бар. Ошолордун баарын талдап келип бир жыйынтык чыгарганыбыз оң. Бүгүнкү коомду моралдык, саясый экономикалык кризистен чыгарып, элди ынтымакта кармап, өлкөнү өнүктүрө ала турганын тандоо зарыл.
- Жардамчыңыз сот жообуна тартылып, жакында акталып чыкты. Бул саясий оюн болуп калдыбы?
- Албетте бул саясый оюн. Эсиңерде болсо, мен ошондо айрым бийликтегилерге сын айтып, өз оюмду билдиргенмин. Анан эле баары башталды. Чындыкка жатпаган окуяны ойлоп табышты да, иш козгоп жиберишти. Болбосо, эмнеге былтыр ошол апрелде эле иш башташпайт. Мен 13-апрелде 2010-жылы "Мегакомду" толугу менен мамлекетке өтсүн деген билдирүү менен чыккам. Ишенбесеңер маалымат сайттардын архивдеринде жүрөт. Эгер чындап эле ошондой кара иштерге аралашкан болсом, "Мегаком" мамлекетке өтсүн деп айтмак белем. Бул жөн гана кара пиар болчу. Бирок, Кудайга шүгүр актын иши ак экен, жардамчым күнөөсүз деп табылды. Сотто күбөлөрдүн бары "Акыйкат үчүн" кыймылынын балдары чындап эле "Мегакомду" коргоп беришкендерин ачык айтышты. "Акыйкат үчүн" кыймылынын балдары ошол революцияга да катышкан, элдин мүлкүн ушинтип коргоп беришкен. Анан ошолорду сот жообуна тарткандары одоно ката болуп калды. "Мегакомдун" кассасынан эки эле киши акча алган экен, Кызалаков менен Худояров. Бирок, кайда эмнеге алып кеткени белгисиз. Анан ал экөөнү жоопко тартуунун ордуна тигиге бергем, буга бергем деген сөздөрдүн негизинде камап отурушат. Айтор, баары жалган жалаа эле болуп чыкты.
- Сиздер түзгөн Улуттук конгресстин акыркы учурда аты-жыты билинбей калды. Жоюлуп кеттиби?
- Биринчиден, кээ бир маалымат каражаттары биз жөнүндө маалымат беришпейт. Мындай эле карасаңар "Мегаком" боюнча каралап башташканда мамлекеттик телеканалдар үч күн тынбай берип алышты, а акталып чыкканда бир да маалымат айтышкан жок. Мына саясат. Бирок, эл кимдин-ким экенин билип эле турат. Бакиевдин убагында дагы ушундай каралаган материалдарды кетиришкен. Кийин анын калп экени билинди. Чындыкка дал келбеген мындай андай маалыматтар айтылып-айтылып кала берет. Керек болсо түрмөгө камап, беш жылга кесип коюшкан. Алардын бирөөсү да атыма көлөкө түшүрө албады. Мен Кудай деген кишимин. Жасалма каралоолор менин беделимди сындыра албайт. Конгресс боюнча айтсам, биз жакшы эле иштеп атабыз. Экономикалык маселелер боюнча, жер иштетүү боюнча долбоорлорду түзүп, бажы союзуна кирүү боюнча сунуш пикирлерибизди айтып жатабыз. Болгону ушул жайда бир айлык каникулга кетип, учурда эс алуудабыз.
- Курултайчыларга аралашып жүргөнүңүз айтылууда. Ал жаатта кандай иш алпаруудасыз?
- Улуу курултайды уюштуруу боюнча комитет дагы эле иштеп жатабыз. Бирок, ал курултай качан, кайсы жерде өтөөрү азырынча сыр боло турсун. Себеби, кыргыз элитасынын ушундай бир терс сапаты бар экен, бири-бирин көрө албай эле иритмей оюндарын баштай беришет тура. Кээде күлкүң келет, элдин пайдасына тийчү идеяларды айтып чыксаң аны элге жеткиргенге жардам беришпейт. Тескерисинче бирөөлөр бизди жамандап жаткан болсо, дароо жарыялап калышат.
- Президент болчулардын кырктан ашып кеткенин кандай кабылдадыңыз?
- Мен мамлекетти ойлойм деген киши амбициясын тыйыш керек. Татыктуулардын арасынан бирөөнү тандаганга элге шарт түзүп берүү зарыл. Бары эле мен болом деп жулунуп жатышат. Бул деген коомдун абдан начар абалда экенинин көрсөткүчү десек болот. Жыйырма жылдан берки башаламан саясат, идеологиянын, ыймандуулуктун жоктугу ушуга жеткирди да. Элден мурун өз кызыкчылыкты бийик койгондуктун белгиси деп билсек болот бул көрүнүштү. Бирок, бийлик деген бул чоң жоопкерчилик. Мен өткөндө бир топ саясатчылар менен жолугушуп аларга айттым. Эгер Аскар Акаевич президент болбой илимдер академиясында иштеп, Бакиев губернатор гана болуп жүргөндө кандай бактылуу болмок дедим. "Эмнеге?" дешет көбү. Себеби, алар өз деңгээлинде иштеп, барктуу бойдон калышмак эле. Аларды бийлик бузуп койду. Алар президент боло алышпасын далилдеп коюшту. Элдин душманы аталышты. Чыккынчы болду. Ошондуктан, президенттик абдан жоопкерчиликтүү иш экенин сезишибиз керек. Саясатчылардын эрки жоктугунан, өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн катачылыктарынын айынан жөнөкөй эл чоң трагедияга дуушар болуп отурат. Демек, элге ооз көптүрө сүйлөгөн неме эмес, жоопкерчиликтүү, саясый жактан да, моралдык жактан да туруктуу, эл үчүн керт башын сайып иштеген президент керек. Дегеле ар ким өзү кыла алган ишти майын чыгара жасаганда бардыгы жайында болот. Карапайым эл бул сапар акчага алданбай, жердешчиликке бөлүнбөй, патриот, таза, ыймандуу адамды шайлап аларына ишенем.

Маектешкен
Мирлан Өмүралиев









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??