Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эрден эрдин неси артык?..

Марат дагы аттанды
Акыркы бир айдан бери алыс-жакынды түрө кыдырып, эл аралап, өзүнүн тарапташтары менен жолугушуп кайткан Марат Султанов колдоочулардын катмары калың экенине көзү жеттиби, айтор президенттикке аттанууну чечти. Эки күн мурун Бишкекте өзүнүн тарапташтары менен үлкөн жыйын өткөрүп, кеңири масилет кургандан кийин, алдыдагы кадамдары, президенттик жарыштагы негизги карманган ой-максаттары тууралуу айтып берип, көпчүлүктүн биротоло ишенимине ээ болду. Чогулгандар бата беришип, ажолукка аттандырды. Мына эмесе деп, марттыгына салган Марат мырза 600гө чамалаган элди "Дасмия" ресторанына ооз ачырып, рамазан айын көркүнө чыгарды.





"Ар-намысчылар"...
Жапаровдун таарынычы
жазылабы?
Президенттикке талапкер болуп катталган үлкөндөрдүн бири, экономист-каржычы Акылбек Жапаров ушу тапта Кыргызстанды кыйын абалдан чыгарып кетүү боюнча реалдуу программасын бышыктап, шайлоо алдындагы платформасын жазыш үчүн Ысык-Көлдүн бир тынч бурчунда жатыр. Шайлоодо ага ачкенедей асылгандардын өзүнчө эле армиясы бар экенин билип, бир чети ден-соолукту чыңдап, нервди калыңдатып алууну эп көрсө керек. Ал арада "Ар-намыстын" анабашчысы Феликс Кулов да партиясынын жыйынына катуу даярданып, анда Жапаровдун талапкердигин колдоого алуу менен таарынычын жазууга ниеттенип жатканы айтылууда. Эркекче убада кеткенден кийин аткарууну эп көргөндөй. Мурунку курултайда деле Феликс Акылбекти колдоорун ачык билдирген. Эмне болорун, кантип чечерин ушул жумада байкайбыз.


Ала-Белдин ар жагында
Ага-ини
жолугушуусу болду
Ушул жуманын башында ордолуу Оштун айтылуу бир хансарайында президенттикке талапкер болгон Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин ага-инилик жолугушуусу болгону айтылууда. Парламенттик шайлоо маалында ортосун кара мышык аралаганы, ошондон бери жолугушпай калганы каңкууланып келген. Айрым учурда бири бирин сындаганы да айтыла калганы элдин эсинде. Ортого аксакалдар түшкөнбү, же дагы бир башка себептерден уламбы, айтор эки тараптын тер чачкан аракети менен жолугушуу орун алыптыр. Кандай мунасага келгени азырынча белгилүү боло элек. Адахандын буга чейинки так кесе айткандарына таянсак, ал тандем тууралуу темага дегеле кирбейт. Буга кошумча Камчыкенин деле кечирим сурап, шайлоодо биригели дей турган жөнү жок. Анда эмнени сүйлөшүштү экен?




Баягылар эле...
Таза соттор тандалдыбы?
Далай талаш тартышты жаратып, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн эле. Ага чейин С.Жапаров менен А.Келдибеков тирешкенине күбө болгонбуз. Атургай, Садыр мырза кайрылуу жазып, бардыгын өзү тазалачудай түр жараткан. Бирок, акыр аягында "баягы" эле талапкерлер тандалып, "былыктардын" тизмеси тизилген болчу. Ошондо "Ата-Журтчулар" тар чөйрөдө жеңишке жеттик деп кудуңдаганын укканбыз. Бул туура эле болгондой. Себеби, аталган кеңеш канчалык деңгээлде таза сотторду тандаганына жакында күбө болдук. Анда президентке жолдонгон талапкер соттордун тизмесине көз чаптырып көрүңүз.

Жогорку соттун судьялык
кызматына талапкерлердин тизмеси
Абдрахманова Күлүмжан Усеналиевна - Бишкек шаардык сотунун судьясы, Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна - Жогорку соттун судьясы, Арапбаев Нурсейит Макенович - Жогорку соттун судьясы, Акыев Арзыбек - Ош шаардык сотунун судьясы, Арстанбаева Диляра Эркиновна - Жогорку соттун судьясы, Апаитова Кадычахан - Жогорку соттун судьясы, Байтикова Эльмира Турдакуновна - Бишкек шаардык райондор аралык соттун экс-судьясы, Байзуллаева Жаухарат Хаджимуратовна - Свердлов райондук сотунун судьясы, Боронбаева Дильфуза Салимовна - Чүй облустук сотунун судьясы, Давлетов Айбек Абубакирович - ЕБРР/ИДЛО эл аралык долбоорунун кызматкери, Жумашов Кабылбек Огонбаевич - Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары, Жунушалиев Залкарбек Сулайманкулович - Чүй райондук сотунун судьясы, Жаманкулова Бурулкан Төлөгөновна - Жогорку соттун судьясы, Исаков Абиджан Исакович - Панфилов райондук сотунун төрагасы, Курманова Гульнара Карпековна - Ленин райондук сотунун судьясы, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович - Жогорку соттун судьясы, Мухамеджанов Абылай Жумакадырович - адилет министри, Максимбекова Дильбара Ибрахимовна - Жогорку соттун судьясы, Масыбаев Толембай Жакыпбаевич - Жогорку соттун судьясы, Осмонкулов Маратбек Аскарович - Жогорку соттун судьясы, Осмоналиев Камиль Турдубекович - Жогорку соттун судьясы, Оморова Максуда Мадиевна - Ленин райондук сотунун төрагасы, Суталинова Гульзар Абдыбековна - Жогорку соттун судьясы, Сыдыков Космосбек Аскарбекович - Кадамжай райондук сотунун судьясы, Турганбеков Канатбек Турганбекович - Жогорку соттун судьясы, Токтомамбетов Эркинбек Божокоевич - Жогорку соттун судьясы, Уметалиева Галина Дүйшекеевна - Чүй облустук сотунун судьясы, Шерматов Мырзамамат Ташиевич - Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары, Эсенканов Качыке - президенттин Аппаратынын соттук орган бөлүмүнүн эксперти.

Конституциялык палатанын судьялык
кызматына талапкерлердин тизмеси
Абдугапаров Абибула Абдугапарович - Жогорку Кеңештин соттук-укук маселеси боюнча бөлүмүнүн башчысы, Айдарбекова Чынара Аскарбековна - Адилет министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын начальниги, Курбанова Чынара Жалиловна - Конституциялык соттун экс-судьясы, Мамыров Өмүрзак Жакыпович - Конституциялык соттун экс-судьясы, Мусабекова Чынара Абдыбакасовна - Конституциялык соттун экс-судьясы, Нарынбекова Айсалкын Өмүралиевна - Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары, Өскөнбаев Эмиль Жолдошевич - "Паритет" адвокаттык конторасынын башкы директору, Сабирова Ранахан Азатовна - транспорттук прокуратуранын прокурорунун орун басары, Сабырова Кундуз Жумадиловна - Юридикалык академиянын юстиция жана адвокатура кафедрасынын деканы, Сооронкулова Клара Сыргакбековна - Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Юридикалык институтунун мамлекеттин жана адам укуктарынын тарыхы кафедрасынын доценти, Чилдебаев Таштемир Абазович - Конституциялык соттун аппаратынын мурдагы жетекчиси.

Талапкерлердин арасында таза эместери барлыгын айтып, редакцияга өлкө жарандары келе баштады. Эгер бул тизмедеги судьялыкка талапкер болгон адамдардан жапа чеккендер болсо, биз менен байланышсаңыздар болот. Кимдин ким экенин билдирип, Күлчөтайлардын жүзүн бирге ачалы!






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??