"Акыр заман келерде, аксакалдан нарк кетет"

Санжырачы Сарыгулов кыргызды талкалайбы?
Кыргыз десе оозунан көк түтүн булоологон, коомчулук мурдараак алтын чатактарына аралашкан адам катары тааныса, акыркы мезгилдерде санжырачы, тарыхчы катары билген Дастан Сарыгулов деген мырза бар. Анын айткандарына кулак төшөсөң андан мекенчил, андан улутчул адам жоктугуна ынанасың. Бирок, биз бир гезитке берген маегин окуп, төбө чачыбыз тик турду. Кыргыз, улут деп жүргөн адам ушундай пастыкка барып жатса, калганы эмне болот? Ушинтип, уруу урууга бөлүп, бир бүтүн элди бөлгөндү качан токтотобуз. Дегенибиз, уруунун катыгын берген Д.Сарыгулов агабыз: "Санжыраны биринчиден мындай деп баштайынчы, ичкилик кыргыз менен карым-катнаш эл болуп калганына 1300-1500 жыл болуп калды. Ушул мезгилдин ичинде оңу дагы, солу дагы ичкиликтен кыз алып, кыз берип, аралашып, бир эл болуп калды. Бирок, байыркы алты миң жыл тереңдикти карасак, оң менен сол кандаш, ичкилик кандаш эмес" дейт. ("Де-Факто" 26.02.08) Эч нерсе дей албай турубуз. Кыргыздын уңгусун ойлогондордун арасынан буга жооп берчүлөр чыгар бекен?






  Теңир-Тоо жаңырып...

Нариман
ойлонобу?
Президенттик жарышка чыгат-чыкпайт, барат-барбайт болуп аткан Нариман Түлеевди сүрөп, талапкерлигин коюуга үндөгөн теңиртоолуктардын 500дөйү Нарын шаарында чогулуп, "эне эр уулун элдик болсо экен деп төрөйт. Ошондуктан ойгон Нариман! Эл намысына туруп бер Нариман! " деп кайрылуу жолдошту. Эртеси Нарын, Ысык-Көл жана Талас өрөөнүнөн бириккен жамаат Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, Нарикени президенттик жарышка түшүшүн өтүнүп, "бир да чиновник Түлеевдей Нарынга жардам берген жок, Куйручуктун тоюна 500 миң сом жеке өзүнүн атынан бөлүп берди, бизге менеджер керек, президенттикке талапкерлердин арасында эч нерсени билбеген адамдар жүрөт, биздин Нариман алардан төөлүк өйдө" дешти. Н.Түлеев болсо президенттикке чыгаар-чыкпасын жоро-жолдоштору, жакындары жана эл менен кеңешип, чечээрин билдириптир.






 "Май" баскан көздү ушалап...

Өмүркулов кечээ ойгонду
Ак-Жар жаңы конушундагы маселени убагында чечпегени үчүн Бишкек мэри Иса Өмүркулов менен Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов өкмөттөн сөгүш укту. Анткени, Ак-Жар конушун Бишкек шаарына өткөрүү тапшырмасы ушул жылдын башында берилгенине карабай тапшырма аткарылган эмес. Жарым жыл зарыга күткөн акжарлыктар суу, жарык, жер маселесин чечүү талабы менен нааразылыкка чыгып, борбордун четиндеги чоң жолду бууп отурушат. Буга качан гана премьер кийлигишкенден кийин Бишкек мэри кыймылдап, конуш Бишкек шаарынын карамагына өтөрүн билдирди. Өкмөттүн маалыматы чын болсо, сөгүш алган бийлик өкүлдөрүнө эки күндүк мөөнөт берилди. Эгерде конуштагы маселелерди чечүү талабы аткарылбаса, катаал чара көрүлүшү ыктымал.





  Эсине келишер бекен?

Сөөмөй көрсөткөн "сөгүштөр"
Гезитибиздин мурунку чыгарылышында Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов темир жол куруу үчүн бир канча кенди кытайларга берүү токтому чыкканын ооз көптүрө жарыялаганын билдирген элек. Биз жазгандай эле алешемдик бар экен. Ошол күнү бул эргулга өкмөт жетекчиси сөгүш жарыялады. Алмаз Атамбаев: "Мен андай токтомго кол койгон эмесмин жана эч качан кол койбойм. Бизге, албетте, темир жол керек, бирок, мындай схема, мындай жол менен эмес" деди. Ошондой эле Премьер-министр Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстандын бюджетине көптөгөн киреше алып келүүчү пайдалуу кен байлыктар жайгашкан жерлерди табууну иштеп чыгуу үчүн аукцион өткөрүү ишин кечеңдетип жатканын да билдирди. Суроо туулат, Эсенаманов мырза ыргылжың иштегени аз келгенсип, түрдүү билдирүүлөрдү жасашынын артында эмне жатат? Шайлоо алдында Замикең бирөөлөрдүн тапшырмасы менен өз жетекчисинин кадырын кетирүүнү максат койгон жокпу дегендей. Айтор, эмнеси болсо да Алмаз мырза мындай адамдар менен иштешүүдө дыкат болуп, мындан аркы келечеги бар-жогун эртерээк ойлонсо дээр элек.