Абийир жана акча

Сотторду
сорттойлубу же соттойлубу?

Коомчулукта азыр негизги окуя болуп, Кыргыз Республикасынын "көз карандысыз" сотторун шайлоо процесси болууда. 20 жылдан бери мамлекеттин коррупциялашып, криминалдашып, кландашып кетишине жол берген так ушул бийлик органын, сот органын кайрадан реформалоонун алкагында өтүп жаткан бул иш чара сыртынан караган адамга чыныгы демократиялык тандоо болуп жаткандай туюлганы менен ичине баш баксаң, "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" таризинде иштин кетип жатканын көрөсүң.

Чын-чынына келгенде, бул иште ушунчалык табышмактуу нерселер оголе көп кездешет. Айталы, эл арасында айтылгандай, эң эле биринчи, ошол караны кара, акты ак деп, тараза ташын тең кармай турган, абийир менен ыйманды жогору коюп, убал менен сооп деген нерселерди баамдай турган сотторду тандоочулардын өздөрү кимдер? Алардын баары ушул убакка чейин чындыкты чыркыратып кармап, коррупция менен криминалитетке ор казып келген ак жүрөк баатырларбы? Албетте, бул суроого жооп берүү абдан кыйын. Ошол тандоочулардын арасында да кайсы бийлик келбесин ошол жактын камчысын чаап, карапайым элдердин кайгысына каарман болгондор жок эмес. Мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыкты ат чабым алдыга койо бергендердин бар экендигин жарандык коомдун өкүлдөрү көзгө сайып көрсөтүшүүдө. Ооба, ошол тандоочулардын таза эместиги өткөн жумадан бери келе жаткан сотторду тандап алууда ачык көрүндү. Себеби, ошол ишмердигинде эч бир кынтыксыз, абийри таза, эл дегенде эт бетинен кетет" деп тандоодон "татыктуу" өткөн соттордун арасында кечээ Президент өзү буйрук чыгарып кызматынан ыргыткандар, "Мегаком" ишин Максим Бакиевдин пайдасына чечип бергендер эч уялбай эле койкоюп отурушат. Демек, биз артык кылабыз деп атып, тыртык кылганыбызды түшүнсөк болот. Баягы эле катуу камчы, кызыл кулак, кошоматчы сотторду сорттоп алып жатыптырбыз.
Канчалык жашырып-жаап, сырды бекем кармоого аракет кылган менен ошол сотторду тандоо ишиндеги жоболоңдуу жоруктар сыртка жел менен кошо тарап, азыр коомчулук эртең мамлекетте мыйзамдын үстөмдүгү орноорунан үмүттөрүн үзүп олтурат. Айталы, бул иште баягы эле коррупция орун алып, бул жердеги "ишке киргизилген" акчалар миллондогон жашылбай суммаларга чыгыптыр! Угушубузга караганда мунун баары кокустук эмес, алдын ала көрүлгөн аракеттер, атайын жүргүзүлүп жаткан операция имиш. Эми буга ким ишенип, ким ишенбейт ар кимдин өзү иши деңизчи, бирок, бул сотторду сорттоо ишине баягы эле эски бийлик, реваншист күчтөрдүн таасири аралашып, ири каражаттар ошол эртең өздөрүнө ишенимдүү кызмат кыла турган кадрларга атайын таркатылганы айтылууда. Себеби, эртең буга чейинки баардык мыйзамсыз деп эсептелинип келген иштер, анын ичинде ошол эле Бакиевдерге козголгон иштердин баары ушул тандалып алынган "таза" соттордун колуна келип түшөт. Акыркы чечим так ушул Жогорку Соттун судьялары тарабынан чыгарылат. Бул жерге кайсы бийлик болбосун таасирин көрсөтө албай калышы толук мүмкүн. "Биз эл тарабынан шайланып келгенбиз" дешип, ошол жерде оор делген иштин баары теңирден тескери чечилип, Кыргызстанды ушул ахыбалга алып келген, элди атып, жерди сатып, мамлекеттик стратегиялык объектилерди менчиктештирген тараптар сүттөн ак болуп чыкпайт деп ким кепилдик берет?!
Ушул жагынан алганда, учурдагы кызматта иштеп жаткан соттор менен жарандык коомдун чок баскандай чыркырап жатканы бекеринен эмес. Андыктан сот органын мындай жол менен реформалоо кечээки революция менен түздөн-түз каршы келип, мамлекетте соттор баягыдай эле аты жана заты менен калаарына мүмкүнчүлүк түзүлдү десек туура болчудай. Муну байкагандай, Президент Роза Отунбаева дагы кечээ депутаттар, ошол сотторду тандоо кеңеши жана башка тараптар менен жолугушуу өткөрүп, "соттордун кандай жол менен шайланып жатканын өзүм көзөмөлгө алам" таризинде ич күптүсүн чыгарып алды.
Жогорку жагдайларды карап отуруп, анан бизге бир ой келет. Ошол өздөрүн өздөрү шайлап аткандар да, аларды тандап аткандар да, тандоону тааныбай жаткандар да 20 жыл бою ушул системанын бит-сиркесин сыгып, жакшы жаманы аралашып калган, москолураак айтканда "ак ит, кара ит, баары бир ит" кейпин кийип калгандар. Буга албетте, ошол сот тармагындагылар арданышы мүмкүн, бирок, коомчулуктун пикири ушундай. Кайда барба соттордун калыстыгы жоктугун айтып эле бышактаган энелер, күңгүрөнгөн аталар. Укук коргоо органдарындагы, тактап айтканда оперлер, тергөөчүлөр жана сот, прокурорлор ортосундагы коррупция менен чырмалган кылмыштуу чынжырчанын азабынан акыркы мезгилдерде он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жигит-кыздардын бейкүнөө кыйылган жандарынын себептери аныкталбай, аларды аркы дүйнөгө узаткандар шапар тээп басып жүрүшпөйбү?! Же болбосо чыныгы кылмышкерлердин ордуна колунда акчасы, жанында жогору жакта иштеген тууганы жок, эптеп кара жумуш менен күн кечирген бир байкуштардын балдары камалып, адамдын оюна келгис кыйноолордун айынан жасабаган кылмыштарды мойнуна алып, жаш кезинен эле бу жалганчылыктан түңүлүп, психологиялык жактан өлүккө айланып, ак жерден абакта жаткандардын саны канча?!
Ошондуктан, ошол арттагы жыйырма жыл ичинде сот болуп эмгектенгендердин баарын "андай кыйын юрист экенсиңер, адвокат болгула" деп иштен айдап, ордуна юридикалык жогорку окуу жайларды жакшы көрсөткүчтөр менен бүтүп аткан жаш кадрларды алып келип койсок абдан дурус болор эле. Ооба, азыр заманга жараша, жаштардын ой жүгүртүүсү да башка болуп, заманбап ойлонгон, юридика илиминин ичегисин чубаган жаштар ондоп саналат. Аларга азыркы кырдаал айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан аларга мамлекет шарт түзүп берип, "мына сот тармагында 10 жыл иштейсиң, мобул жашап жаткан үй сеники, 15 жыл иштейсиң, айлык акыңа баланча пайыз кошулат" деген стимулду коюп, коомчулуктун көзөмөлүн алалычы, кандай иштеп беришээр экен. Жаш кадрлар мурунку муунга окшоп, бекер акчанын кыныгын алган эмес, таасирлүү тааныш-тамыр күткөн эмес, буга кошумча азыркы жаштардын дээрлик 70 пайызы улуу муунга караганда алда канча ыймандуу. Демек, кан жаңырабы? Реформа болобу? Албетте болот!
Эгер азыркы бийлик апрелдеги сөзүнө туруп, чындап эле коомдук-саясий турмушка, мамлекеттик машинага жаштарды тартаары анык болсо, дал ушул кадамга барышы зарыл. Антпейт экен, кайсы бир күнү ошол өздөрү "төгөрөгү төп" деп аткан соттордун алдында сурак берип калышы мүмкүн эмеспи?..

Тынчтык Алтымышев