Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Камчы Сарыбаев,
ди-джей, актер,
ата, шоопур
"Тууй ата. Эркекче айтайынбы!.."

Окурмандарыбызга атайын, анча - мынча эс алыш үчүн, бүгүндөн баштап жап жаңы рубрикабыздын тушоосун кесип жатабыз. Рубрикабыздын чоо жайы боюнча кыска - нуска маалымат бере кетсек: Шоу бизнес дүйнөсүнүн, алардын ичинен Спорстмен, Артист, Куудул, Актер, Ырчы, Бийчи, деги эле мамлекетибиздеги атактууларыбызга ар кайсы тармактан не обычный суроолорду берип (мисалы: спорт, техника , карьера, саясат, үй-бүлө жана башкалар), анча - мынча мазесин чыгарып турмай. Биздин берген суроолорубузга "жок", "айта албайм", анан "билбейм" сыяктуу жоопторду татыксыз жана керексиз деп кабыл алабыз,. Эң кызыктуусу "Таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат жазасын"демекчи, аягында маектешкен адам кийинки сандын кандидатын, коногун, өзү сунуштайт.Бүгүн Камчы байке менен маектешкен соң эстафетаны кимге бергенин окусаңыз эмки саныбыз мындан да кызыктуу болооруна көзүңүз жетет.

Техника
- Камчы байке мен сиздин айдаган машинаңыз жөнүндө сурайынчы. Эркектердин баш оорусу, арманы, көздөгөн максаты, сыяктуу эмеспи. Кандай машина айдайсыз ?
- Жапондордун Германияда жасалып чыккан "Мазда 626 Кронос" деген тулпарым бар.
- Маздаңыз канча аттын күчүнө барабар?
- Так... азыр.... эгер 626 болсо?, анда менимче 600 аттын күчүнө барабар го ?..
- Айтсаңыз эмнеге ушу тандап келип машинанын моторунун күчүн, аттын күчүнө салыштырып коюшкан? Мисалы эмнеге буканыкына же эшектикине эмес, сөзсүз аттыкына?
- Ишенесиңби? Мен да бул жагдайды ойлоп көрүп бир чети сүйүнгөм. Биринчиден эшекти карасаң? Башы даңкайып, кулагы шалпайып, бою кодоюп, өзү да атчалык чуркай албай өзүнчө эле мөңкүй берет го? Эми ошону элестет, машинага салыштырып атканыңды? Жүргөнүнөн баштап, пипилдегенине чейин такыр башкача болмок.
Ал эми торпокко же букага салыштырбай коюшканы да, бир чети сонун болгон. Анткени бука өзү тоң моюн болот да, аларда гидравлика деген неме такыр жок . Анан шашпаай басып кунаажындарын толуктап коюп тамакка тойгонун билбей гүшүлдөп - бышылдап жүрө берет эмеспи. Маңыроо да мал болот атасынын көрү. Мисалы шашып айылга баратсаң жолдон капысынан алдыңан чыксынчы?.. Жолду кадимкидей пробка кылып салышат. Кыргызым айткандай МАЛ да. Ал эми атка салыштырганы туп туура. Атты каалсаң ары бери чапкылайсың. Жолдо кетип бара жатып чарчаганда, ээрин шыпырып түшүп, алдыңа салып, уктап алсаң да ылайыктуу. Эшек менен букага караганда өңдөрү да сулуураак болот эмеспи. Кыргызда макал бар, "ат адамдын канаты" деген. Ал эми эшек менен бука атка салыштырмалуу адамдын болгону, малдары. Эшек да жада калса малдын катарына кирбейт. Жумуш эле иштегени болбосо. Дагы бир окшоштугу атты да, машинаны да, дүңү менен же союп сатсаң кете берет.

Карьера
- Эфирден элди чоочутуп, көнүмүш адатка салып сөгүнүп алган күндөрүңүз болду беле?
- Эми сөздүн ачыгын айткан туура да, мен эфирде отурганда мени 6 же 7 адам угуп жатса анда байкамаксанга салып ашата кетсең болот эле. Эгер билбесең,.. биздин аудиторияда беш миллиондон ашык угарман бар. Кээ бири койчу, малчы агалар менен аталар, кээ бири тигүүчү эжелер анан жеңелер, жада калса тестиер балдар менен бешикте бөлөнүп жаткан наристелер, анан менин өзүмдүн эле көлөмүм мынча болуп турса, баягы жерден, баары бүтүп сөгүнүп кирсем эл эмне дейт??.. Бирок ушунча сурап калдың бир окуяны айтып берейин. Кечээ жакында "Таңкы тополоң" рубрикасын берип жатып, бир жаш баланы тамашалап атканбыз, "жигит сабыр кыл эми, сенин сүйгөнүңдү ала качып кетиптир, таш түшкөн жеринде оор болот демекчи отуруп калган имиш" десем "отурса отуруп калды, да эй энесин ошонун" деп эсти оодарып салды. Анан мен эмне кылаарымды билбей тамашага салып ой бул баланын тартиби жок го ыя кантет демиш болуп, музыка бере салып анан отуруп алып бир топ күлдүк.

Макал - ылакап
- Кыргызда мындай макал бар. эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт. Эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт, деген. Ушул боюнча ой жүгүртүп, чечмелеп берсеңиз.
Эми мындай, азыркы убак менен айтканда жанагы кубалашып түшкөндөр менимче бири - бирине карыз болуш керек. Же ортосунда талашкан бир нерсеси бар. Ошону үчүн кубалашып түшөт да, же болбосо жамандан эмнени гана күтүп болбойт? Бирин - бири сабап, сүйрөп деле түшүшү толук мүмкүн да.
Ал эми жакшылардын кудалашып түшкөндөрү абдан туура, негизи ата бабаларыбыз түптөлгөндөн бери эле сөз баккан, сөздүн кадырын, улуулугун, сөздүн таамайлыгын жана кыскасы менен нускалуусун абдан сактап келишкен. Сен тууганыңа сырыңды айтып толугу менен ачыла албайсың, тартынасың уяласың, аяйсың. Досуңдан болсо кордонуп, сактанып ага деле сырыңды ача бербейсиң. Кудаң менен сырдашып, кобурашып кааласаң тамашалашып дегендей, анткени ортодо кыз бар, уул бар дегендей анан ойлойт да кой айтып койсом кызым же уулум уят болуп калат деп. Бул мындайча айтканда гарантия сыяктуу да.

Жазуучулар жөнүндө
Мидиндин "эшек дептери" деген жыйнак боюнча маалыматыңыз барбы? Ал эмне жөнүндө?
- Тууй ата. Эркекче айтайынбы?
- Ооба.Кандай болсо, ошондой.
- Анда кеп мындай. Мен бул китепти толугу менен окуп чыккам. Китепти жаман деп айтуудан алысмын. Анткени менин курагымдан анан бизден улуулардын 90 пайызы окуган болушу керек. Азыркы жаштарды айта албайм. Ал китептен да адам баласынын күнүмдүк жашоосу үчүн үйрөнүүчү нерсе абдан көп. Мен бул дүйнөдө адам болуп жаралган соң, жамандын да жакшынын да өзүм үчүн керектүү жана пайдалуу нерселерин алганга үйрөнүп алгам. Мидин Алыбаев бул жашоонун абдан керектүү жана пайдалуу нерселерин туура жана так чагылдырып бере алган акынардын бири, деп эсептейм. Китептери да акындын позициясын айгинелеп турат.

Саясат
- Максим Бакиев менен Данияр Үсөновду кармап алсаңыз эмне кылмак элеңиз?
- Аларды кармап алсам карызымды төлөтмөкмүн. Ал экөө мени эле канчалаган миң сомдорго отургузганын бир гана кудай билет. Канча жолу телефон менен сүйлөшүп, 60 тыйындан тартуу кылып аттым, канча жолу МАИчилерге түшүп ыраазы кылып жүрдүм, төлөгөн налогдорумчу?. Мен эле эмес кемпир чал, ага-ини, эже - карындаш, жада калса 5 жаштагы ымыркай бала да жумушта жүргөн атасына же апасына "айо ата кандай? Кашан кейешиң"? деген болсо.. анда ал балага да Бакиевдер 60 тыйын карыз деп эсептейм. Машинага жүктөп келип бир подвалга камап туруп, тандап жүрүп эң таза иштеген патриот милициянын колуна салып бермекмин "жолдон кайра акчасын алып туруп коё бербей, сотко чейин жеткире көр" деп. Мунун баарын элдин катышуусунда кылмакмын.
- Камчы байке эмки санга конокту мага сиз тандап беришиңиз керек. Тандап берээрде бир кыргыздын макалын айтып, ошол макалыңызга уйкаштырууңуз абзел.
- Шайтандын чоңунан эмес, кичинесинен корк дейт. Анын берекесинин баары мурдунда. Мен үчүн эмки санга эң татыктуусу "Миң кыял FM дин продюссери Тынчтыкбек Кожобеков".

- Маегиңизге чоң рахмат.
Эмки саныбыздын коногу Тынчтыкбек Кожобеков
Даярдаган
Алмазбек Карыпов
pressa312@mail.ru




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??