Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргызcтандын элине кайрылуу

Биз, "Кыргызстандын сотторун тазалоо" кыймылынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын сотторду тандап алуу кеңешинин түзүлүшүн жана алардын Жогорку сотко жана Конституциялык палатага сотторду тандоосун көрүп, терең нааразы болуп, оюбузду элге жеткиребиз.

Кыргыз Республикасынын сотторду тандап алуу кеңешин тандоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши одоно мыйзам бузууларга жол берди. Мыйзамга ылайык кеңешке талапкерлердин тизмеси маалымат каражаттарында жарыяланган жок. Жарандык коом өз талапкерлерин көрсөтө алган жок. Депутаттар өз тааныштарын, тууган-уруктарын "жарандык коомдон" деп киргизип коюшту.
Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо кеңеши Жогорку сотко 29, Конституциялык палатага 11 сотту тандашты.
2010-жылдын 12-апрелиндеги Убактылуу Өкмөттүн Декретинде (№2) "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бийликти бир адамдын колунда бекемдөө боюнча аракети 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларга жана К.С.Бакиевдин элге каршы режиминин кулашына алып келди. "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту таркатылсын..." деп турат. Демек, ал соттор оор күнөөсү менен иштен бошотулган.
Бүгүнкү күнү, сотторду тандоо кеңеши тарабынан 2010-жылы жогорудагы Декрет менен иштен кеткен А.Абдугапаров, Ч.Курбанова, Ө.Мамыров, Ч.Мусабеков, ошондогу Конституциялык соттун аппарат башчысы Т.Чилдебаев кайрадан конституциялык палатага сот болуп тандалып олтурат.
Ошондой эле, 2010-жылдын 28-июлунда Президенттин Жарлыгы (№58) менен ишиндеги одоно кемчиликтери үчүн ишинен бошотулган Жогорку соттун судьялары А.Мухамеджанов, Э.Токтомамбетов, К.Турганбековдор кайрадан Жогорку соттун судьялыгына тандалышты. Бул судьялар 2010-жылы ишиндеги одоно кемчиликтери үчүн соттон бошотулган.
Эртеңки күнү А.Мухамеджанов Жогорку соттун төрагасы болуп, А.Абдугапаров Конституциялык палатаны башкарып, Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу боюнча Декреттерин жокко чыгарып, улутташтырылган обүектилерди Бакиевдерге кайтарып бербейт деп ким кепил боло алат? Окко учкан эр азаматтарыбызды атып өлтүргөндөрдү соттобой, бошотуп жиберип, бизди дагы бир жолу кан жуткузбасын!
Урматтуу кыргыз эли! Бакиевдер келе жатат, сак бололу!
Биз Кыргыз Республикасынын Президентинен Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку сотко тандап алынган сотторду Жогорку Кеңешке сунуштабай, кайтарып берүүнү, Жогорку Кеңештин төрагасынан Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо кеңешин таратууну сурандык жана талап кылдык.
Эгерде талабыбыз аткарылбаса, Жогорку Кеңештин депутаттарын 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн жанын берген эр азаматтардын жаркын үмүттөрүн тебелеп-тепседи деп эсептеп, 2011-жылдын 15-августунан тартып массалык акцияларды баштоону жана Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып элдик кыймылдын массалык иш-аракеттерин улантууну чечтик.
Кыргызстандын келечегин ойлогон, калыс соттордун болушун каалаган, кайдыгер эмес жигит, кыздарды катарыбызга чакырабыз! Келгиле, акыйкаттык үчүн бирге күрөшөлү! Соттордун адилетсиздигинен жабыр тартсаңар бизге кайрылгыла, телефон чалгыла, бизге келгиле! Акыйкат сотторду тандайлы!
"Кыргызстандын сотторун тазалоо" кыймылы.
Биздин дарек: Бишкек
шаары, Жибек-Жолу
көчөсү- 445
Телефондор: 939152, 93890 3




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??