Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Геосаясат

Барак Обама
феноменби же...
Күтүлбөгөн
президент
Мындан бир канча күн мурда АКШнын 44-президенти Барак Хуссейн Обама өзүнүн жарым кылымдык мааракесин белгиледи. Буга байланыштуу шаан-шөкөттөр да өткөрүлгөн жок, маараке ээсине шериктеш өлкөлөрдүн лидерлери өзгөчө жылуу каалоолорун деле билдиришпеди. Муну күтсө болмок, анткени, христиан дүйнөсүндөгү ак расадагы өлкөлөрдүн жетекчилери Обама 2008-жылдын 4-ноябрында АКШнын президенти болуп шайланганда тымызын жактырбоо менен кабылдашып, "дагы башкача болуп кетеби" деген үмүттө бир нече күнгө чейин аны куттуктабай күтүп турушкан. Россиянын президенти Д.Медведев болсо таңдангандай кабыл алган. Обама президент болуп шайлангандан кийин АКШнын Батыш Европадагы жакын шериктештери мурдагы Билл Клинтонго, кичүү Джордж Бушка умтулушкандай аны менен өзгөчө жакын мамиле түзгөнгө аракеттенишкен жок. Эгерде Билл Клинтондун Батыш Европага жасалган ар бир иш сапары триумф катарында кабылданып турса, Барак Обамага карата батыштагылардын андай эйфориялык маанайлары байкалбайт.
Обаманын президент болуп шайлануусу АКШнын саясый элитасындагылардын көпчүлүгү үчүн да күтүүсүз болгондугу талашсыз. Ачыгын айтканда, Обама АКШдагылар үчүн сапаттуу тандоого мүмкүнчүлүк жок болуп, кырдаал аларды бурчка такап салганда согушчул Джордж Буш кичүүнүн агрессивдүү саясатынан жадагандар андан да агрессивдүүлүгү менен айрымаланган, республикалык партиядан талапкер Джон Маккейнден чочулашып, "кирпинин жанында кашкулак да болсо жымсал көрүнөт" деген таризде аргасыздан ага добуш беришкендиктеринен улам шайланып калган.
Обама Иллинойс штатынын сенатору (1997-2005-жж.) болуп жүргөндөн тартып Джордж Буш кичүүнүн тышкы саясатын, өзгөчө Ирактагы согушту катуу сындап, президенттикке талапкер болгондон тартып, Ооганстандан АКШнын аскерлерин чыгарып кетүүнүн зарылчылыгын айтып келсе, Президент болуп шайлангандан кийинки 2009-жылда тескерисинче 47 миңге көбөйтүп, жалпы санын 70 миңден ашырган. Америкалыктарда катардагы сенатор же конгрессмен деле, же алыстагы Ютага же Вермонтко окшогон бир кичинекей штаттын губернатору деле президент болуп шайланып калуусу, ал шайлоонун жүрүшүндө ар кандай популисттик билдирүүлөрдү жасай бериши мүмкүн, бирок аларда иш жүзүндө негизги маселелердин көбүн президенттин айланасындагы тажрыйбалуу кеңешчилер, жардамчылар,коргоо министрлигинин бириккен штабындагылар, эксперттер чечишет. Алар Обама президент болуп шайлангандан кийин оңой эле аны Ооганстандагы аскерлердин контингентин көбөйтүүнүн зарылчылыгына ынандырып коюшкан.

Нобель сыйлыгы
эмне үчүн берилди?
Дүйнөлүк коомчулук үчүн 2009-жылы 9- октябрда же Обама президент болуп иштегенине бир жыл толо электе ага "эл аралык дипломатияны жана адамдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү өзгөчө аракеттери үчүн" деген формулировкада Нобель сыйлыгынын ыйгарылгандыгы кутүүсүз болду. Адатта Нобелдик сыйлыктын кайсыл номинанты болбосун ага жетүү үчүн адамдын ондогон жылдарга созулган чымырканган эмгеги талап кылынат. Сыйлык бериле турган беш чөйрөнүн бириндеги эмгеги менен Бүткүл дүйнө жүзүнө таанылгандардын арасында деле аны албай өтүп кетишкендер аз эмес. Анын үстүнө ал көбүнчө бир нече жолу көрсөтүлгөндө гана ыйгарылат. Алсак, М.Шолоховго жетинчи жолу көрсөтүлгөндөн кийин Нобелдик сыйлык ыйгарылса, Айтматов түбөлүк талапкер болуп жүрүп өтүп кетти. Нобелдик комитеттегилер сыйлыкты державалардын аракеттеги биринчи жетекчилерине эң эле сейрек ыйгарышат. Ага чейин АКШнын эки президентине же Теодор Рузвельт менен Вудро Вильсонго гана президент болуп иштеп жаткан убактарында бул сыйлык берилген. Ал эми Обамага Нобелдик сыйлык президенттик штандартына кыстырмадай эле кошулуп берилип калгандай болуп калды. Ошондуктан Обамага сыйлыктын эмне үчүн берилгендиги жөнүндөгү маселе азыр да көтөрүлүп, ал ага кокустан эле берилип калды дегендей ойлор айтылып келүүдө. Чындыгында эле ошондойбу?
1862-жылы АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн бир нече жылдык талаш-тартыштардан кийин конгрессте ким кайсыл жерлерди иштетсе, ал ошолорго ээлик кыла тургандыгы жөнүндө комстед-акты деген документти кабыл алдыртып, кулчулукту жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал жарандык согуш менен коштолуп, акыр аягында Линкольндун өмүрүн да алган.Бирок, юридикалык жактан кулчулук жоюлуп, каралар менен актар тең укуктуу деп жарыяланган менен факты жүзүндө анын толук ишке ашышы үчүн туптуура 146 жыл талап кылынды. 2008-жылдын ноябрында Африкалык эмигранттын баласы, африкоамериканец Барак Обама улуу державанын президенти болуп шайлангандан кийин гана Авраам Линкольндун идеясы толугу менен ишке ашты. Биздин оюбузча, Обаманын 2007-жылдын 10-февралында Иллинойс штатынын Спрингфилд деген же А.Линкольн 1858-жылы кулчулукту жоюу тууралуу тарыхый сөзүн сүйлөгөн жерде биринчи ирет президенттикке ат салыша тургандыгын билдиргендиги да кокусунан болбосо керек. Нобелдик комитеттегилер Обамага сыйлыкты ыйгарууда биринчиден, анын мына ушул улуу миссияны аткаргандыгын негиз кылып алышса, экинчиден, ал согушчул Джордж Буш-кичүүнүн агрессивдүү саясатын улантпайт деген үмүттө болушкандыгын айтуу зарыл. Негизинен азыр Обама ал үмүттү актоодо. Ооганстандагы абалды толук турукташтырып, коалициянын аскердик күчтөрүн алып чыгып кете албаган менен ал жаңы согуштук аракеттерди баштаган жок. Мурдагы убактарга салыштырганда Обаманын тушунда АКШнын администрациясынын тымызындан чет өлкөлөрдө ар кандай түстөрдөгү революцияларды уюштуруу иштери күчөгөн менен тышкы саясаты кыйла жумшаргандыгын ким деле болбосун көрүп турат.

Кайра шайлана
алабы?
2012-жылы ноябрда АКШда кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлөт. Барак Обама ал шайлоодо өз креслосун сактап калуу үчүн күрөшө тургандыгын билдирди. Бирок, анын кайра шайланууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрү барбы?
2009-жылдын октябрында жана 2010-жылдын январында жана апрелинде коомдук пикирди үйрөнүү үчүн жүргүзүлгөн социологиялык сурап билүүлөрдө Барак Обама жарым кылымдагы президенттердин ичинен "рейтинги эң төмөн президент" деп табылган.Бул аракеттеги президент үчүн эң жаман баа.
Ага Обаманын өлкөнүн саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо тармактарын реформалоодо популярдуу эмес чараларды ишке ашыргандыгы, Ооганстан маселесин бир жаңсыл кыла албагандыгы себеп болгон. АКШнын ички, сырткы карыздары мурда болуп көрбөгөндөй көбөйүп, өлкө дефолттук кырдаалга тушугуп, андан конгресс менен бирдикте карыздардын максималдуу планкасын көтөрүү аркылуу чыккандыгы, башка валюталарга салыштырганда доллардын курсунун төмөндөп кеткендиги да анын популярдуулугунун төмөндөшүнө түрткү бербей койбойт. Буга өткөн шайлоодо Обаманын көп жагынан кысталыш кырдаалдан улам жеңишке жетишкендигин, андай ыңгайлуу жагдайдын алдыдагы шайлоодо болушу күмөндүгүн кошсок, Обаманын кайра шайлануусунда активдерге караганда пассивдердин басымдуурак экендиги ачык болот.
Кандай өлкөдө болбосун шайлоонун жыйынтыгында талапкердин базалык электораты чоң рол ойнойт. Республикачыл талапкерлер салт болуп калгандай дайыма ири ишкерлерге жана чоң бизнестин өкүлдөрүнө, түпкү тектери ак сөөктөрдөн болуп келгендерге таянышат.Илимий, чыгармачыл интеллигенциянын, чакан бизнестегилердин жана жөнөкөй кызматкерлердин, жумушчулардын жана дыйкандардын, эмигранттардын көпчүлүгү демократтардын электораттары болуп саналышат. Бул жагынан алганда Обама туруктуу, ишенимдүү электораты жок саясатчылардын катарына кирет. Чоң бизнестин өкүлдөрүнөн аны жактагандар аз, христиандар да аны толук өзүбүздүкү деп эсептешпейт, анткени анын теги мусулман, эс тарткыча мусулмандардын колдорунда тарбияланган, анан баптист болуп кеткен. Жадегенде ага африкоамерикалыктар, бизче айтканда негрлер да толук ишенишпейт,анткени, ал ата бабалары кулдукка келген негрлерден эмес, АКШга окуу үчүн келген аристократ негрлерден. Ошондуктан аны америкадагы негрлердин көпчүлүгү өзүбүздүкү деп эсептешпейт дешет. Мына ушулардын бардыгын суммалаганда АКШда Барак Обаманын кайра шайлануусуна ишенгендерден күмөн санагандар көп дешет, көз карандысыз эмес эксперттер.

Папан Дүйшөнбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??