Аңызга айланган кримавторитет

Рысбек Акматбаев
- ал ким? "Робин Гудбу", же...

Быйыл Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй союзга аты белгилүү кримавторитет Рысбек Акматбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө беш жыл толду. Эсил кайран Рысбек Акматбаев 2006-жылдын апрелинде Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо атаандаштары көп болгонуна карабай, утуп алган эле. Бирок, Рысбек мандатын алууга жетишпей калды.

Кыргыз бийлиги, асыресе укук коргоо органдары аны кримавторитет катары атаганы менен эл арасында Рысбек Акматбаевди кыргыздын "Робин Гуду" катары эсептешет. Өз мезгилинде Рысбек тарыхта кала турган адам, анын жасаган иши Байтик баатырлар сыяктуу эле ооздон оозго көчүп айтыла берет деген пикирлерди, көзкараштарды да укканбыз. Мындай пикирлердин жүйөсү бар болчу. Рысбек Акматбаевди элдин кыргыздын "Робин Гуду" атаганы, ал 2005-жылдын октябрында жана 2006-жылдын мартында Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингдерде кыргыз бийлигине колун кесеп, "Мен Кыргызстандын жана анын элинин байлыгын кимдер уурдаганын, кимиси канча алганын жана ал мамлекеттен жана элден алган байлыктар кайда экенин жакшы билем. Эгер мен депутат болуп калсам, мамлекеттен жана элден уурдагандарды кустуруп, Кыргызстанды бир жыл аралыгында тышкы карыздарынан кутултамын" деген. Кыргыз бийлигинин алдым-жуттумдугунан, эч качан тойбостугунан жана карасанайтылыгынан жедеп-тажап бүткөн жана акыркы он беш жылда каткан нан жеп олтурган элге, анан да ачка олтурса да, намысчыл, мекенчил элге Рысбектин сөздөрү майдай жаккан. Рысбектин айланасында аңыз сөздөр мурдагыдан чоң сөзгө айланган.
Бирок, Рысбектин бул бетке чапкандай чындык сөзү - анын өзү үчүн өз башын өзү баталгага коюу менен барабар болгонун айта кетүүгө тийишпиз. Кыргызстанды акыркы жыйырма жыл аралыгында талап-тоноп келаткандар бир эле күндүн ичинде ачкөздүк жана ар-намыссыздык, бетсиздик менен топтолгон байлыгынан ажырап калууну кааламак эмес. Рысбек өзү үчүн да, өзүнүн жакындарынын өмүрү үчүн коркуп коюуну билбей, тике сүйлөгөнү абдан таңгалычтуу болучу.
Бирөөлөр аны саясатка аралашкысы келген деп айтышат, башкалар аны бир тууганы депутат Тынычбек Акматбаев үчүн өч алгысы келген деп жоромолдоп жүрүшөт. Бирок, кандай болгон күндө да, Рысбекте мекенчил сезим күчтүү болучу. Ал акыркы жылдардагы элдин күндөн күнгө жакырланган турмушун көрүп алып, ага көз жумуп кое алган эмес. Канчалык белгилүү кримавторитет болбосун, эл кайгысына анын жүрөгү түткөн эмес. Бир жагынан уулу өлүп, бир жагынан иниси өлүп жатса, анын баары кошул-ташыл болуп кетти го дейбиз.
Рысбектин жеке өзүнө кол салардын алдында 2006-жылдын мартында он күндүн аралыгында, анын тобунун үч активдүү мүчөсүн жок кылышты. Ушул жагдай деле, Рысбекке сак болуу керектигин ойлондургандыр. Бирок, алдырарда жаздырар деп коет эмеспи. Ал өз өлүмүнүн алдын алалган жок. Же буга чейин өлүм менен миң мертебе бет келишип келген неме өлүм туурасында ойлогон да эместир.
...Рысбек каза болгон Көк-Жар айылындагы ок атылган мечиттин жанына келген оперативдүү-иликтөө тобу ал жерден автоматтын 30-31 огун табышты. Эгер автоматтын ок салган магазинине отуз ок гана батарын эске алсак, Рысбекти эки автомат менен атышкан. Бирок, милиция кызматкерлери Рысбекти бир эле адам атканын, бирөө машинада олтурганын жанында карап турушкандай айтышат. Ким билет, алардын да өз чындыктары бардыр.
Рысбекти жерге бергенден кийин, ал өлгөн жок деген версиялар да айтылып келатат. Мечиттин жанында каза болгон адам анын түгөйү - "двойниги" деген да ар кандай сөздөр бар. Чындыгында, Рысбектин турмушунда көп эле табышмактуу окуялар болгон. Анын Рысбек деген авторитетке жетишинде атайын кызматтардын катышы да бар дегендер жок эмес. Ал өмүр бою алар менен байланышын үзгөн эмес деп да айтышат.
Биз ар кандай версияларга, эл арасында айтылган аңыз кептерге комментарий берип олтургубуз келбейт. Биз билгенден, 2006-жылга чейин анын өмүрүнө эки жолу куралдуу кол салуу болуп өткөн. 1996-жылы Рысбек Бишкектеги "Чинсон" ресторанынан чыгып келатканда, "Муха" гранатомету менен атышкан. РПГ-18 - "Муха" аталган бул гранатомет менен адатта танктарды атышат. Ал жолу милиция органдары Акматбаевди аткан киллер тууралуу кандай версияларды айтты билбейбиз, бирок, адистер Акматбаевди атууга буюртма бергендер аскер адамына кайрылган болуу керек деп айтышат. Анткени, РПГ-18 - "Муханы" бардык эле пистолет, автомат аткан адам колдоно албайт. Жөнөкөй адам колдонсо да, жок дегенде бир-эки жолу атып машыгып көрүш керек.
Рысбек Акматбаевге экинчи кол салуу 2000-жылдын июнунда болду. Анын артынан аңдыган киллерлер Акматбаев олтуруп бараткан машинаны Боом капчыгайынан кууп жетип, Рысбекти бутунан жарадар кылышкан. Акматбаев өзү окуя болгон жердеги камыштарга кире качып кутулуп кетип, анын жансакчысы ошол жерден каза болгон. Ал эми машинанын айдоочусу эки күндөн кийин ооруканадан каза тапкан. Бул жолу аны өлүмгө Рысбек Акматбаевдин сөөк өчтү досу "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев буюртма берген дешет.
2005-жыл Рысбек Акматбаев үчүн оор сыноолордун жылы болду. 2005-жылдын жазында табышмактуу жагдайларда Рысбектин он гүлүнүн бир гүлү ачылбаган 10-класста окуган баласы каза болду. Ошол эле жылдын күзүндө иниси Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевди Молдовановкадагы жаза өтөөчү колонияда депутаттык ишмердигине байланыштуу кыдырып жүргөн жеринен өлтүрүп коюшту.
Төрт жыл издөөдө жүргөн Акматбаев баласынын табышмактуу өлүмүнөн кийин, 2005-жылдын жай айында ошол мезгилдеги өлкөнүн башкы прокурору Азимбек Бекназаровго келип, буга чейин ИИМ тарабынан ага карата коюлган кылмыш иштерине өзүнүн эч кандай тиешеси жок экендигин айткан.
Рысбектин ысымы элдин оозунда "Робин Гуд" делип, аңыз менен айтылса, укук коргоо органдары аны криминалдык авторитет катары баалашат. Азырынча да ал тууралуу тигил, же бул пикирди айтуу эртерээктик кылат. Кандай болгон күндө да ал ири спорт меценаты катары белгилүү. 2005-жылдын декабрында КР фехтование федерациясынын президенттигине шайланган. 1995-96-жылдарда анын демөөрчүлүгү менен Чолпон-Ата шаарынын негиздөөчүлөрүнө арналган мемориал курулган. Анын меценаттык иштерин айта берсе толтура.
Рысбек азыр арабызда жок. Бүгүн качандыр бир убакытта Рысбек менен чогуу сүрөткө түшүп койгондорду жок кылуу аракетин көрүп жатышат. Укук коргоо органдарынын мындай аракеттери алардын алсыздыгын гана көрсөтөт. Өлгөн арстандын терисинен да коркот деген ушу. Ал эми Рысбекти, иниси Тынычбекти жана анын баласын өлтүргөндөр эмгиче табыла элек. Арадан мынча жыл өтүп кеткенден кийин табылышы да күмөн.
...Жогорку Соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Бакытбек Рысалиев Бишкек шаардык соту Максат Абакиров боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырганын билдирди. Максат Абакиров 31 жашта. Ал 2010-жылдын сентябрында камакка алынган. Темир тордун ары жагында олтурганына бир жылга жакындап калды. Көпчүлүктүн, асыресе, балыкчылык шайлоочулардын эсинде болсо керек, Абакиров Рысбек Акматбаевдин көзү өткөндөн кийин 2007-жылы Балыкчы округу боюнча парламенттик шайлоого катышып, жеңишке жеткен болучу. Милиция кызматкерлери арасында Максат Абакиров маркум Рысбек Акматбаев баштаган уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары таанымал экени белгилүү. Абакировго "курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн" деген айып тагылуу менен кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 17-июнунда Биринчи май райондук соту аны 2 жыл 3 айга эркинен ажыратуу тууралуу чечимин чыгарган. Кылмыш дүйнөсүндө "водолаз" деген лакап ат менен таанымал Абакиров учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

А.Бостон