Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кулагыңызга күмүш сырга

Рысалиев мырза
окуп коет чыгаарсыз

Урматтуу Зарылбек мырза, бул макаланы жеке өзүңүзгө кайрылуу менен баштайлы дедик. Себеби, бул жумада редакцияга баш баккан жарандарыбыз, сиз жетекчилик кылган ички иштер тармагындагы айрым бир кызматкерлердин туура эмес иштерин биздин гезитибиз аркылуу ачыктап коюуну эп көрүшүптүр. Кандай туура эмес иштер? Кайсы кызматкерлер деген мыйзам ченемдүү суроо туулары бышык. Анда сөз башынан болсун.

"Түнкү коноктор"
милициядан
коркушпайт экен го...
Чүй облусунун Москва районунда Сретенко айыл өкмөтү бар. Бул айылдын жашоочулары көпчүлүк Кыргызстандын элет жергесинин жарандары сыяктуу эле өз оокаттары менен алек болуп, мамлекеттен жардам күтпөстөн мыйзамдуу жеке ишкерлик менен алектенип келишет. Талас облусунан көчүп келген Осмонкулов Сүйүн ошол өз мээнети менен жашоо кечирип келаткан мыйзамга баш ийген жаран. Ал 2000-жылы аталган Сретенко айылынан атайын жасалган көлмөнү сатып алып ал жерде балык багууга өткөн, 10 жылдан ашык убакыт бою балыктын ар кандай түрүн өстүрүп, жем-чөбү менен камсыз кылып, айтор бул жааттын күнгөй-тескейин жакшы өздөштүргөн экен. Анын таэжеси жана жездеси ага жардам кылышып, кошо балык багышат. Таң эрте туруп жем-чөбүн берип, айланасындагы акыр-чикирди тазалап, кечкисин да көз салып турган ошолор. Бирок, пайгамбар жашынан өтүп калган Осмонкулова Саадагүл жана Охапов Исмаилди кээ бир күндөрү белгисиз адамдар келип тынчын алышчу болгон. Эч кимге кылдай зыян тийгизбей, мыйзамдуу оокатын кылып жаткан адамдарга өздөрүнүн алда канча жаштыгына салып, тоготпой маскаралаган андайларга бул аксакал адамдар акыры көнүп деле бүтүшкөн. Бирок, ар бир нерсенин чеги болот, сабырдуулуктун да, чыдамдуулуктан да. Чектен ашкан жосун болсо, сабырдуулуктун чөйчөгү да чайпалып төгүлөөрү турган иш. Ооба, бул жолу тагыраак айтканда, 22-июлдан 23-июлга караган түнү балык кармоочу көлмөгө түн бир оокумда, шарактап кирип келген жигиттердин жоругу аша чаап кетти.
Бул түнү Саадагүл эже катуу чыккан музыканын доошунан ойгонгон. Кызын, анан чалын ойготуп, өзү барып көлмө жээгине кимдер келгенин карап келмекчи болот. Сыртка чыгып, көлмө тарапка коюлган, кулпу менен бекитилген шлагбаум тосмо сынып жерде жатканын көрүп, ызы-чуу менен сүйлөшүп, бир-биринин атынан чакырып, кыйкырып атканын угуп, болжолу менен он чакты адамды санаган экен. Токтоп турган унаалардын номурларын да караганга жетишет. Бир убакта кемпирине сарсанаа болгон Исмаил аксакал сыртка чыгып, чакырылбаган "түнкү конокторду" көрөт. Аларга барып тынчтык берүүсүн жөн гана суранганына карабай, тигилер ошол жерден аны ур-токмокко алып жиберишкен. Алтымыштын кырына келген аксакалды эңгезердей он бала ортого алып, аялынын, чыркырап ыйлаган кызынын көзүнчө тепкилегени аз келгенсип, "аман калганыңа сүйүн" деп опузалаганга чейин барышкан. Кыргыздын жаш жигити атасындай аксакалга качан кол көтөрчү эле, өздөрү теңдүү жаш жигит эмес, инвалид экенин көрүп турушуп кантип ушуга барышты деп айласыз жакаңды кармайсың. Ушуну менен токтоп калбай Исмаил агайдын "эртеңиңерди ойлогула" деген сөзүнө теригишип, кайра кайтып да сабап, "милицияга кайрыла бергиле, алардын колунан эч нерсе келбейт" деп келекелеп кетишкен экен. Бирок, мыйзамсыздык ушу менен токтоп калса кана...

"Милициянын
колунан эч нерсе
келбейт" дегендер кимдер?
Жогоруда макаланын башында "кандай туура эмес иштер? Кайсы кызматкерлер деген мыйзам ченемдүү суроо туулары бышык" деп баса белгилеп өтпөдүкпү. Эмесе ал суроолордун жообу мындай. Ошентип, катуу ур-тепкиге алынган Исмаил аксакал өзүн начар сезгендиктен ооруканага жатууга аргасыз болот. Бул мыйзамсыз жоруктарга бөгөт койгула деп, анын жакындары жергиликтүү милиция органдарына кайрылышкан экен. Тургунбаев С.К аттуу Москва райондук СО ОВДнын милициянын капитанына барып, алар болгонун болгондой айтып, арыздарын беришкен. Ошол эле убакта ооруп жаткан адамы менен алек болуп жүрүшүп, кийин иштин жүрүшү тууралуу маалымат алганга жетишпей калат. Кийин келишкенде тергөөчү отпускага чыгып кеткендигин айтышып, ал эми Исмаил аксакалдын жакындарына, алардын арызы канааттандырылбагандыгы жөнүндө токтомду (постановление) карматышкан. Кызык жагдай көзгө тартылат. Окуя болгон жерге бир да жолу барып көрбөй, денесине келтирилген залакалардан улам ооруканага жаткан адамдын бир да сөзүн укпай туруп, тергебей иликтебей эле ишти жаап койууга болобу? Эмнеге бул иш өзүнөн өзү токтогон? Орусча жазылган токтомдогу сүйлөмдү сөзмө-сөз келтиребиз. Көрсө, "за отсутствием состава преступления" деп жооп табышыптыр. А бирок, ушул эле токтомдун баш жагында "на замечания хозяина парни по имени Рамазан, Илимбек и Жумабек без причины избили его" деген жери да жүрөт. Керек болсо, "В ходе проверки установлено, что 22.07.2011 года примерно в 2.00-3.00 часов ночи Кожомуратов Алмаз, Сейдалиев Аман, Мирзакулов Шерхан Анарбаевич, Алтынбек. Рамазан, Мукаш Сейдалиев Данияр, Жунусалиев Жумабек и Илимбек на машине "Тойота" и "ГАЗ-69" поехали на пруд" деп жазылып турат. Урматтуу Зарылбек мырза, негизи ушундай жазылышы керекпи? Эч кандай дареги билинбей, дарегин мындай кой фамилиясыз эле Алтынбек, Рамазан, Илимбек деп эле жазып койсо боло береби ушундай маанилүү документти? Кыргызстан боюнча андай Алтынбек, Рамазан, Илимбек ж.б аттарды алып жүргөндөр бир эле Сретенкодо жашайбы же? Кызыгы, ошол ур-токмокко алган үчөөнүн гана фамилиясы жок. Буга не дейбиз? Дегеле мындай кайдыгер иштери менен Тургунбаев мырзага окшогон кызматкерлер тиги жигиттер айтмакчы "милициянын колунан эч нерсе келбейт" деген ойдун жаралышына түрткү берип жатышкан жокпу? Айтор жабыр тарткан тарап мындай жоопкерчиликсиз мамилеге ичтери чыкпай, катуу нааразы болуп турушкан убагы. Алардын колунда ооруканага жатып чыккандыгы тууралуу бардык документтер турса да, бир да жолу ур-тепкиге алган адамдын өзүнөн сурабай туруп, ал-акыбалы менен таанышпай "заключение судебно-медицинской экспертизы не готова" деп арыздын канааттандырылбай калгандыгы албетте өкүнтпөй койбойт. Тургунбаев мырзанын орусча жазылган токтомуна (постановление) карап, өз кезегибизде ага да, ИИМ министри сизге да "безнаказанность влечет еще более тяжкие преступления" деп биз да орусча кыска гана кайрылып коюуну эп көрдүк, жыйынтык чыгаар деп...

Охапов Исмаил,
жабырлануучу:
- Мен болгону аларга барып, эс алсаңар эс алгыла, бирок тынчыраак болгула деп сурандым. Алар болсо, кеп сөзгө деле келишкен жок. Тепкилеп эле жатып калышты. Мен мурда армияда жүрүп травма алып, инвалид болуп калгам. Бир бутум бүгүлбөйт. Алардын бирөөсүнө да катуу сөз айта алган жокмун. Эки жолу тепкилешти. Баарынан кызымдын көзүнчө тепкилегенине ичим ачышат. Бутка тээп жыгып алышып, топуратып атышты. Азыркыга чейин көкүрөгүм ооруп жүрөт. Негизи ушул тегеректе кечкисин балдар көп жүрүп калышчу. Келсең тамеки же башка нерсе сурап калышчу эле, көрсө алар бизди кайтарып жарымы тиякта балык улап жүрүшчү окшойт.

Саадагүл
Осмонкулова,
жабырлануучунун
жубайы:
- Алыстан карап турсам эле, абышкамды сабап башташты. Дароо эле "ээй койгула, милиция келатат, милиция келип калды" деп эле жетип барып сууруп чыгып жетелеп жөнөдүм. Жанагы ГАЗ-69да отургандардын бирөөсү тирүү калганыңырга сүйүнгүлө дебеспи. Андан да "милициянын колунан эч нерсе келбейт" деп бир топ коркутуп өттү. Ал эми тергөөчү болсо окуя болуп жаткан жерге басып да келген жок. Кандай жыйынтыктын негизинде иш токтотулуп калганын түшүнбөй турабыз.

Даярдаган
Мирлан Өмүралиев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??