Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мирланбек Байгончоков:
"Кыргызстан насыяларды жеңилдетилген гана
шартта алып жатат"

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик карыз маселелери көптөгөн ушак-айыңды жаратып, кызыл кулактык кылууга себеп болууда. Катардагы карапайым жарандар эле эмес, айрым парламентарийлер да өлкөнүн тышкы карызы жөнү жок эле өсүп жатат жана бул жөнүндө маалыматтар коомчулуктан жаап-жашырылууда деп айтып чыгууда. Бул маселеде иштин чыныгы жагдайы кандай? Бул тууралуу бизге Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков баян куруп берди.

- Мирланбек Конушбекович, бул маселеге кызыгдар болгон коомчулук мамлекет сырттан канча карыз алгандыгы жөнүндө так маалыматты кайдан ала алат?
- Андан жеңил эч нерсе жок. Бул маалыматтар Кыргызстанда эч кандай жашырын сыр эмес. Ал тургай алар республиканын каржы министрлигинин сайтында ачык-айкын жайгаштырылган (www.minfin.kg). Интернетти пайдалана алган ар бир адам өз алдынча текшерип көрүп, буга ынанса болот.
- Сандарды көргөнүбүз - бул жакшы, бирок аларга туура баа бере билүү да керек эмеспи. Ошондуктан, мүмкүн болсо КРдын тышкы карыздарынын өлчөмү жана түзүмү акыркы жыл ичинде кандайча өзгөргөндүгүн чечмелеп берсеңиз?
- Кыргызстанда азыр эки тараптуу да, ошондой эле көп тараптуу да 115 кредиттик макулдашуулар боюнча милдеттенмелер бар. Эки тараптуу макулдашуулар боюнча негизги насыячылар Россиянын, Япониянын, Кытайдын, Германиянын өкмөттөрү болуп саналышат. Көп тараптуу макулдашуулар боюнча болсо биздин насыячылар - Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Азия банкы.
Эгерде биздин өлкөнүн карыздарын сандар түрүндө айта турган болсок, анда 2011-жылдын 1-июлуна карата ал 2 миллиард 702 миллион долларды түздү. Өткөн жылдын 1-июлуна карата алганда бул сан 2 миллиард 400 миллион доллар болчу. Башкача айтканда, карызыбыз өстү, бирок өтө көп эмес.
Бул маалыматтарга баа бергенде эки жагдайды эске алуу керек. Биринчиси, бул жеңилдетилген насыялардын саны. Кыргызстан алган насыялардын 90%ы жеңилдетилген насыялар. Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнүн саясаты бүгүнкү күндө ачыктан-ачык бир гана максатты беттейт: жеңилдетилбеген насыяларды таптакыр албоо керек, жогорку жеңилдиктегилерин гана алуу керек. Калган он пайыз эгемендиктин алгачкы күндөрүндө алынган экен. Ал кезде биздин каржы министрлиги жеңилдетилген шарттарда кантип карыз алууга болорун али биле элек кези эле.
Жеңилдетилген насыя деген эмне? Алардын туруктары (ставкасы) жылына 0,75%дан, 3% га чейин болуу менен 20-40-жылда кайтарууга чейин берилет. Экономист эмес жөнөкөй адамга түшүнүктүү болгондой кылып айтып көрөйүн: банктан жылдыгы 20% эмес 2%дык насыя алып көргүлөчү. Сизди жөн эле шылдыңга алуулары мүмкүн. Анткени адатта бул турук инфляциядан төмөн болот. Ал эми өкмөт өлкө үчүн мындай насыяларды алып жатпайбы.
Экинчиден, карыздын өлчөмү менен ички дүң продукттун ортосундагы шайкештикти карап көрөлүчү. Нагыз "карыз катастрофасы" бизде 1999-2000-жылдары болгон. Анда карыздын өлчөмдөрү ИДПдан 130%га ашып кеткен. Башкача айтканда, мамлекет насыячыларга бир жыл ичинде өндүргөндөрүнүн бардыгын берсе да, карызынан кутула албайт болучу. Биз бул карыздарды тейлегенге шайыбыз жок эле. Мына ушул өтө коркунучтуу болгон. Бир жыл мурда карыздын өлчөмү ИДПнын 55,6%ын түзгөн, бүгүн дагы деле ошондой десек болот - 58,1%. Бирок буюрса биздин ИДП тезирээк өсүүдө, демек, бул шайкештик мындан да жакшы болот деп үмүттөнсөк болот.
- Анын үстүнө, өлкөбүз акыркы жыл бою кайтарымсыз донордук жардам да албадыбы?
- Эң туура. Бизге ар түрдүү эл аралык уюмдар жана өлкөлөр Түштүктөгү трагедиялуу окуялардын кесепеттери менен күрөшүүдө жардам беришти. Донорлордон бардыгы болуп бюджетти колдоого биз гранттар түрүндө 41,6 миллион доллардын тегерегинде алдык. Ошондой эле донорлор менен ар түрдүү конкреттүү инвестициялык гранттык долбоорлор: автожолдорду реконструкциялоо жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бирок бул жардам кайтарымсыз болгондуктан ал мамкарыздын түзүмүндө эсепке алынбайт.
- Кыргызстан жыл сайын карызын тейлөөгө - пайыздарды жана негизги насыяны төлөп берүүгө канча акча коротот?
- Быйылкы жылы бул максатта 4,3 миллиард сом коротуу пландаштырылган, анын ичинен 2,2 миллиарды - пайыздар боюнча төлөмдөр, калганы болсо насыялардын негизги суммаларын кайтарууга жумшалат. Биринчи жарым жыл ичинде, мисалы, мамлекет 2,2 миллиард сомдун тегерегинде төлөп берди. Биз зарыл взносторду өз убагында төлөөгө дайыма аракеттенебиз.
- Өкмөт жыл аягына чейин сырттан дагы кандай карыздарды алышы мүмкүн?
- Биринчиден, Кытайдын Эксимбанкы менен 20 жылга 208 миллион доллар Датка-Кемин подстанциясын жана электр берүү линиясын курууга жеңилдетилген насыя берүү боюнча макулдашуу колдоо тапты. Ал жылыга 2% (кошуу 0,5% комиссиялык төлөмдөр) менен берилет. Муну соопчулук деп айткым келбейт, бирок, бул Кыргызстан үчүн абдан ыңгайлуу шарт. Долбоордун мааниси айтпасак да түшүнүктүү - бул өлкөбүздүн энергокоопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мамказынага кыйла киреше алып келет. Түндүктөгү керектөөчүлөр башка өлкөлөр аркылуу эмес, электр энергиясын Түштүктөн түз алып калат.
Дүйнөлүк банк төмөндөгүдөй инвестициялык долбоорлорго 60 миллион бөлөт: ирригациялык тутумду кайра түзүүгө жана өнүктүрүүгө, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кайра түзүүлөргө жана башкаларга. Дагы 30ду бул банк биздин жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүбүздүн жыйынтыктары боюнча жыл аягына чейин бюджетке колдоо көрсөтүүгө бермекчи. Биринчи жарым жыл ичинде бардыгы болуп 396,3 млн. АКШ доллары суммасына сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, анын 67,1 грант түрүндө, 329,2 насыя түрүндө.
- Эгер туура түшүнсөк, ЕврАзЭСтин насыя берүүсү бир катар шарттар менен коштолобу?
- Ооба, айрым шарттар белгиленген. Алардын башкысы башка өлкөлөрдүн алдында биздин өлкөнүн мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелеринин жоктугу. Бизде Россия менен Белоруссиянын алдында ушундай мөөнөтү өтүп кеткендер бар болчу. Биз бул шарттарды аткардык: Россия алдында мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелерибизди толугу менен жаптык, Белоруссия менен атайын макулдашуу түздүк, бул азыр аткарылууда. Ошондой эле биз КР территориясына Евразиялык банктын келиши тууралуу макулдашууга кол коюубуз зарыл.
- Күндөлүк турмушта, адам банктан насыя алган учурда, андан күрөө талап кылышат. Өлкө менен бул кандайча жасалат?
- Бизден эч ким күрөө, мисалы кайсы бир алтын чыккан жерди же телевышканы бер деп талап кылбайт. Ошол эле учурда Өкмөт насыяны өз учурунда тейлөө жана кайтарып берүү боюнча өзүнө милдеттенме кабыл алат.
- Айрым бир саясий чөйрөлөрдө "насыяны деген өкмөт популисттик саясат жүргүзүү үчүн алгысы келет" деп айтканды жакшы көрүшөт. Аларга кандайча каяша айтса болот?
- Мен быйыл Кыргызстан Эл аралык валюта фондунун үч жылга эсептелген программасына кирүү жөнүндө макулдашуу түзгөндүгүн белгилеп кетким келет. Башкаларын айтпаганда да, бул деген ЭВФ биздин бюджеттик саясатыбызды өзүн актаган саясат катары тааныгандыгын билдирет. ЭВФтин программасы бизди тартиптештирет деп айтсак болот. Бул кадыр-барктуу эл аралык каржы түзүмүнүн адистери врачтардын, педагогдордун, соцкызматкерлердин айлыктарына кошумчаларды алдын ала баалашты. ЭВФ өлкө эч нерсе менен камсыздалбаган акчаларды жөн эле басмадан чыгарып баштабастан, кирешелердин кошумча булактарын табары менен макул болду.
Анын үстүнө ЭВФ менен макулдашуу башка эл аралык уюмдар үчүн лакмус кагаздай иштейт - "эгерде ЭВФ Кыргызстан менен иштешип жатса, анда ал жакта кырдаал туруктуу, биз да кошулсак болот экен" дешет.
- Өлкөнүн карыз алышынын зарылдыгы барбы?
- Дүйнөдө эч кимге жана эч нерсе карыз эмес өлкөлөр өтө аз. Эч нерсе албай койсо болобу? Мүмкүн, болот. Бирок бул бүткүл элге, бүткүл экономикага белди бек бууш керек дегенди түшүндүрөт. Анын үстүнө экономикага инвестициялар менен кан жүгүртүү керек. Анын тез өсүүсү үчүн ага кошумча каражаттарды салуу керек. Буга карыз каражаттардын эсебинен жетишүүгө болот.
Ар кандай бизнес насыяларга муктаж, аларды алгандан коркпош керек. Катардагы адамдар ипотекалык кредиттерди алгандан коркушпайт (айткандай, мамлекет тышкы инвесторлордон алганга караганда салыштырууга мүмкүн болбогондой кыйла жогорку пайыздар менен). Экономикада да жалпысынан ушундай эле көрүнүш.
Эң башкысы, жакшы ойлонулган экономикалык саясат болушу зарыл, ошондой эле биз андан ары коркунуч жарала турган сызыкка жетпешибиз керек. Азырынча биз бул сызыктан алыспыз жана сырткы карыз менен кырдаал жакынкы келечекте олуттуу татаалдашат деп түкшүмөлдөөгө эч кандай негиз жок.

Маалымат булагы:
www.akipress.kg
09.08.11. 17:12









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??