Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Маанилүү маек

Турусбек Мамашев, коомдук ишмер:
"Бизге азыр Манас керек. Айкөлдү эңсеп турабыз"
(Башталышы 6-бетте)
- Ошол демилге боюнча айтыңызчы?
- Дүйнө жүзүндөгү балдарга белекти кайсы жерден таркатса тез жетээрин изилдеп, математикалык жол менен эсептешсе Кыргызстанга туш келиптир. Ааламдын ортосу Кыргызстан деп айтылган сөздөр чындыкка дал келип, илимий негизде аныкталат. Муну бизге кайнаса каны кошулбаган швед окумуштуулары далилдеп жатса да ишенбей турабыз. Алар минут, секундуна чейин такташкан. Ош облусунун, Кара-Кулжа районундагы Терек деген айыл деген бүтүм чыгарышкан. Биз ошол маалыматты дүйнөгө жайылтканга аракет жасадык. Жыйынтыгын берди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келип, жер ортону Кыргызстан экенине ынанып кетти.
- Касиет демекчи, Сиз жашооңузда кандайдыр бир өзгөчө белгилерди байкадыңызбы?
- Биз Манас атанын эстелигин ачканда күн бүркөлүп, кичинеден себелеп турган. Үстүндөгү ак кездемени тарткан кезде күн жаркырап тийип, чайыттай ачылып кетти. Ошол жердегилердин бары айтты, Жараткандын касиети, нуру төгүлгөнүн. Таң калыштуу нерсе болду. Бул биздин жерге Кудайымдын көзү, назары түшүп турганынын белгиси. Мен көп жерлерде болдум, бирок Кыргызстан башкача, өзгөчө экенин жүрөгүм менен сезем. Биздин жердей касиетке бай жер, башка жакта жок жок десем жаңылышпайм. Манас дагы бизге бекеринен берилген эмес. Чалкыган Манас баяны эле эмне деген керемет. Дүйнөдө ага теңдеш эпикалык чыгарма жоктугу эле эмнеден кабар берип турат.
Манас атабыздын айкелин орноткондон кийин Таластын Карөөл-Дөбөсүндөгү Манас атабыздын күмбөзүнөн топурак, Каныкей энебиздин булагынан суу апкелип, ырымдап чачып койолу деген сунуш айтышканына макул болдум. Апкелип суусун сээп жатканда дагы бир касиетке күбө болдук. "Карагылачы" деп калышты, ошол маалда асманда канаттуу ажыдаардын келбети тартылып калыптыр. Сүрөткө тарттык. Булут экен дедик. Жарым сааттай туруп, жоголуп кетти. Булут болсо жоголбош керек эле дедик. Муну көп адамдар көргөн.
- Кыргыздын сырын кантип ачсак болот?
- Бизге бүгүн бир жакшы башчы керек. Манас атадай адам зарыл. Мындан сырткары ар бирибиз пейлибизди оңдогонго аракет кылсак. Дегеним, бүт негативде жашап калдык. Гезит, теле койчу деги бардыгында эле терс нерселер. Мындай болгон жерде оңолуу өтө кыйынга турары айтпасак да түшүнүктүү. Улут болуп ширелүүнү ойлонсок. Майда нерседен баштасак. Мисалы, бир дагы кытай башка ресторандан тамак ичпейт. Себеп, бир юан болсо да кытай алсын деген принцип бар. Биздеги ынтымактуу улуттардын деле көпчүлүгү өз улутунан болгон таксисине, же чайханасына барат. Көрдүңүзбү, философия деген кайда жатат. Бизчи, "э ошонукуна баргыча башкасына эле кирейин" деп, майда түшүнүктөн чыгалбай келебиз. Мына ушуга окшогон кичине, бирок маанилүү маселелерден баштап, чоң масштабдагы идеологиялыны, саясатты жолго койчу Манас керек болуп турганы талашсыз чындык. Ошого суусап жатабыз.
- Кыргыз жери, эли дейсиз, тили жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Кыргызча сүйлөгөндөн намыстанган жаштардын мууну өсүп чыкканы мени абдан өкүндүрөт. Ата-бабасынын эне тилинен жийиркенген адамдардан эч нерсени күтүүгө болбойт. Кээ бир кыргыз окумуштуулары орус тили илимдин тили деп, эне тилдин кунарын качырып жатышат. Мына ушинтип, ар кимди ээрчип, өзүбүздү өзүбүз тааныбай жүрсөк каяктагы өнүгүү болот? Негизинде түрк тилдеринин ичинде эң байы кыргыз тили. Бардыгында биздин тилдин маңызы жатат. Тил дегенимдин себеби, ошону менен аң-сезим, жүрөк туюму калыптынат да. Ушуну түшүнбөй келебиз. Муну ар бирибиз ойлонууга, акыл калчаганга мезгил жетти. Тажикстан менен Өзбекстанды мисалга тартпай эле койоюн, Казакстанда азыр бүт ММКлары казак тилинде сайрашууда. Башка тилде сүйлөсөң душман катары көрөт. Жаштарын карасаңыз жалаң казакча сүйлөшөт. Суктанасың.
- Бардыгы барып эле жетекчиге, башкаруу системасына такалып келет. Биздеги башаламан коомдо кээ бир улутчул интеллигенция уруу түзүлүшүнө кайтсак, үч уруудан турган партия түзсөк деп келет. Ал жолго барууну кандай көрөсүз?
- Менин көзкарашым тескери, ага кошулбайм. Бул кайрадан артка кетүүгө барабар эмеспи. Андайга жол берсек кыргыздын келечеги жоголот. Бөлүнө берген жакшылыкка алпарбайт деп кесе айталам. Азыр сен айткан үч уруу эмес, анын да майдаларына түшүп кеттик. Атургай бир эле уруу ата-жотого бөлүнүп алды. Мисалы, мен моңолдормун. Айылга барсам "сен кайсы атасынан таркагансың" деп жатышат, ичара бөлүнүп. Тиги атадан тиги таркаган, биз мынданбыз деп жиктелүүдө. Бул жакшылыкка алпарабы? Эч качан. Манас атабыз бөлүнгөндү, чачылганды жыйнап кетти. Эми Манас атабыз бириктирген, чогултканды тозутуп, айкөлгө каршы чыкканыбыз туура болобу?..
- Кыргыз айылын курушуңузга эмне себеп болду?
- 2009-жылы болуш керек эле, Туризм министри үч фирманы чакырып, Стамбулдан дүйнөнүн 27 журналисти келатат. Эки күн жүрөт, биздин өлкөнү рекламалайт, силер ошонун коноктоп бергиле деди. Макул болуп, аларды тосуп алык. Эртеси Көлгө жөнөдүк. Жолдогу "холодный вода" дегенге жеткенде "токтоткула" дешип чуркурап калды. Токтотсок, эки боз үй тигилип турган экен баса калышып, тасмага, сүрөткө укмуш эле тартышты. Бир саатка жакын жүрдүк. Анан көлгө барып эс алдырып узатып жибердик. Бир айдан кийин бизди министр чакырып, мына бул гезит, журналдарды жөнөтүптүр, көргүлө деди. Карасак, жанагы эки үйдү чыгарышкан. Тешик, кир, жыртык. Идиштери жуулбаганына чейин жазышыптыр. Англис, немис, түрк тилдеринде жазылган экен, ар бирин котортуп окудум. Мааниси мындай, Кыргызстан деген өлкө бар экен, анда кыргыздар жашайт. Көчмөн калк экен, алар момундай үйдө эптеп эле жашайт, цивилизациядан артта калган деп жазышыптыр. Абдан намысыма тийди. Жүрөгүм ооруду. Ошол жылы ар кайсы региондон ижарага алып 32 боз үй тиктирдим. Бээлерди апкелип саадырдым. Кыздарга шөкүлө кийгизип, энелерге элечек кийгизип, уздарга сайма сайдырып, бир бугумдан чыктым. Анан ойлонуп жатып, кышы, жайы тигилчү ушул кыргыз айылын курууну чечтим. Бизге келген коноктор консун, кыргыздын ким экенин таанып билсин деген максат менен жасаттым. Муну көргөн кытай премьер-министри: "Кыргыздар кичине эл эмес турбайбы. Силер улуу эл экенсиңер. Мынабул үйдүн турушу философия, маданият, тарых. Кытай эли да мындай байлыкка ээ эмес" деген. Ал эми айылды толук куруп бүтө элекпиз. Келечегинде мындан да жакшы, нукура кыргыз айылын курабыз. Келген туристтер, меймандар кыргыздын жашоо турмушуна таазим кылгангандай деңгээлге жеткирсем деген оюм бар.

Памир МАНАС








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??