Текебаев так талашта
7-август күнү "Ата Мекен" партиясынын кезектеги курултайы болуп, анда жалгыз маселе каралды. Ал президенттикке талапкер тандоо болду. Жыйынтыгында ар кайсы региондон келген 500 делегат Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Кызыгы, курултайга Жалал-Абад губернаторлугунан шыпырылган Бектур Асанов да келип, Текебаевдин пайдасы үчүн талапкерлигин алганын шардана кылды. Бул жигитти эл канчалык колдоор-колдобосу бизге табышмак. Айта кетсек, "атамекенчилердин" арасында президент болууну эңсегендердин саны арбын. Алардын кайсынысы өз күчүн сынап жалгыз аттанып, кимиси Бектурчулап Өмүкөнү колдоп чыгары азырынча белгисиз.


  Ата-бала аскиясы

Каптагаевдерге чара көрүлбөйбү?
2010-жылдагы ажылык сапарды уюштуруудагы коррупциялык иштерге президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаев жана анын уулу Кубанычбек Каптагаевдин катыштыгы бардыгы айтылып келди. "Азаттык" үналгысы аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, ажылык жолдомолорду чет элдиктерге сатуу, учак компаниялары арасындагы тендердеги коррупция ж.б. уюштуруу иштеринен бери дегенде 5 миллион доллар каражат белгисиз жоголгонун аныктаган. Бул ишти дыкат иликтеген депутаттык комиссия Каптагаевдердин түз тиешеси бар экенин аныктап, "Каптагаевдердин саясий, укуктук жана моралдык жоопкерчилигин кароо керек" деген Жогорку Кеңештин токтомун чыгарган. Бирок, ушу күнгө чейин бийлик тарап былк эте элек. Парламенттик өлкөдөгү Жогорку Кеңештин токтомун эч ким аткарбай турганы түшүнүксүз ойго түртөт экен. Ал эми мыкты делген Башпрокурор А.Салянова эмнеге козголбой жатыры десек, анын жөнү башкада экен. Көрсө, "карга карганын көзүн чукубайт" болуп, Аида айым кан кудасын калкалап жатыптыр эй!





 "Эсиң барда этегиңди жый"

Каны бир кыргыз бөлүнбөйт
Күздө болчу президенттик шайлоодо жыйырма жылдан бери эки жээкке секире берип моралдык жактан жешилген саясатчылар аргасыздан регионалдык интриганы саясий куралга айландырарын ички да, сырткы да серепчилер жана байкоочулар айтып жатышат. Чындап эле тереңирээк баам салсаңыз так талашка түшчү саясатчылардын "карамүртөз" жүрүштөрү кимди гана болбосун бүшүркөтүп, баарын кабатырга салууда. Анүстүнө кээ бир басылмалар дагы элдин эртеңин, улуу кыргыздын ынтымагын ойлобостон эки регионду кайраштырганга жан үрөп, чагымчыл маалыматтарды таратып жатканы өтө өкүнүчтүү. Албетте, айкөл Манастын урпактары мындай пастыкка азгырылбашына, амбициясы тоодой болгон саясатчылардын ар бир кадамына туура баам саларына толук ишенебиз. Дегенибиз, регионалдык бөлүнүүчүлүк маселеси оркоюп турганын таасын көрүп, чет бучкагын байкаган айрым адамдар азыр ой калчап, анын алдын алуу чарасын издей баштады. Бул боюнча кеңири маалыматты кийинки сандарда беребиз.




  Интрига суу кечпей...

Маяна-пенсиялар азайбай, көбөйөт
Шайлоо маарасы жакындаган сайын саясий интригалар боркулдай баштаган кез. Өзгөчө Ош, Баткен тарапта дивиди дисктер биринин артынан бири таратылып, эл ичинде түрдүү бузуку оюндар жүргүзүлүп жатканы жашыруун деле болбой калды. Ошол эле маалда кээ бир саясатчылар региондордо жүргөн учурларда карапайым жарандарга пенсия жана айлык маяналардын жогорулашы президенттик шайлоого карата уюштурулган нерсе экенин айтышып, шайлоодон кийин кайрадан айлыктар төмөндөйт деген маалыматтарды таратышканы белгилүү. Эки күн мурун өкмөт жетекчиси А.Атамбаев: "Мындай саясий аракеттер чындыкка жатпайт. Мен ошол саясий күчтөргө айтып коеюн, маяна-пенсиялар эч качан төмөндөбөйт, тескерисинче, жогорулагандын үстүндө болот" деди. Деги ушундай эле болсун дей туралы.




  Салмагы салмоордой

Марат мырзанын ити чөп жеп...
Аламанга аттангандардын арасында бараандуулардын бири болгон, билим, жөндөм, тажрыйба, интеллектуалдык жактан бир кыйла өйдө турган Марат Султанов Түштүктү түрө кыдырып, учурда кайын журту болгон Талас өрөөнүн аралап жүрү. Бу киши капчык жагынан дагы камтама эмес. Эгер Нариман Түлеев менен биригип кетсе, анда такыр эле финансылык көйгөйү чечилет десек болчудай. Дегенибиз менен сырткы байланыштары да жигердүү болуп жатканын эшиттик. Маскөөдөгү үлкөн адамдар менен жолугушуп, алдыдагы жүрүштөрдүн бардыгы такталыптыр. Макең эми токтобойт дешүүдө. Себеби, парламенттик шайлоодо Кулов Медведевдин колун кандай кысса, алдыдагы аламанда Султанов да так ошондой "жарк" эткени туру. Бали дейлик.





 "Эрдиги бар, эси жок"

Азимбектин айласын кетирүүдө
Айтылуу Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Кайсы маселеде сурак бергенин тактай албадык. Акыркы күндөрү оң жээк, сол жээктен жалаң бут тосууларга кабыла баштаган Азикең да жөн жатпай, Аксыны аралап эл менен жолугушууда жүргөнүн эшиттик. Шералы ханды ак кийизге салган жерде Аксынын аксакалдарын чогултуп, масилет куруп жатыптыр. Эгер эл колдосо, батасын берсе, көптүн катарында жарышка түшмөкчү. Ошол эле маалда А.Акаевдер адвокат жалдап, элдешкис душманы болгон Бекназаровго каршы атака баштаганы да белгилүү болду. Акаевчилер башкасын болбосо да, Бекназаровго бирди көрсөтөлү деп шерттешкени каңкууланууда. Эки революциянын каарманы эми эмне болор экен?


  Апрелде кирерге тешик таппаган

Эсенаманов элди элейтти
Закиржандын алдына көлдөлөң болуп төшөлүп, анын кыргызга каршы жасалган саясатын тикелей колдогон Замирбек Эсенаманов деген "көпөс" былтыр 7-апрель күнү Жайыл районунун акимчилигинен айдалганын баары билет. Тилекке каршы, "революционерлердин" шалаакылыгынан, чечкинсиздигинен улам ал кайра министрликке минди. Мейли эми дейин десең, Эсенаманов ал жумушта иштегенден бери жакшы сөз угула элек. Жалаң эле жаман сөздөр. Кен-байлыктарга лицензиялар сурагы жок берилип жатканы ММКларда айтылып кетти. Бул дагы аягы эмес экен, бүкүлүсүнөн терс энергияга чулганган Замирбек мырза ишемби күнү элдин көңүлүн дагы бир ирет чөктүрдү. Дегенибиз, темир рудасына бай Жетим-Тоо, алюминий жана алтыны бар Сандык, Терек-Сай кендерин кытайларга берүү токтомуна кол коюлганын, чоң жеңишке жеткендей жар салды. Айла жоктон жакаңды карманып, атаңгөрү дейт экенсиң, деги биз жер менен кен-байлыктарды сатканды качан токтотоор экенбиз?