Мегакомдун ыры менен чыры

Мегаком талашы бүтө элек.
Бийлик укмаксан, билмексен

Ырынан чыры көп Мегаком ишканасын өздүктөп, ага ээлик кылып, анын миллиондогон кирешелерине туйтунгусу келгендердин махинациялык, көз боемоочулук талашы бүтпөй койду, биз Мегакомдун кызыкчылыгын талаша жазгандан жадабай койдук. Кантип жазбай коебуз, эгерде толук эмес болсо да мамлекеттин көзөмөлүндө турган бул ири ишкананын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн көп нерсени кыла ала тургандыгын көрүп, билип, туюп турсак. Өлкөнүн бюджетин сезилерлик кампайтып, түшүргөн кирешелеринин эсебинен өлкө аймагындагы орто мектептерди компьютерлер менен камсыз кылып, алдыда дагы мындай зор иштерди аткарабыз деп турган чагы. Мындай иштерди, саамалыктарды ишкана көкбөрүдөй талашка түшүп, ага көз арткандар туш туштан "жулкушуп, тарткылашып" турган чагында кылып жаткандыгын белгилей кеткенибиз туура болот. Мегакомдун учурдагы жетекчилери азамат экен, бир учурда ишканага болгон укукту талашып, ошол эле мезгилде ишкананы толук кандуу иштетип, элдин да, өлкөнүн да керегине жаратып жатышат. Ал эми ишкана тагдыры дале кылдын учундагыдай абалда... Жогорку бийлик кийлигишип, ишканага болгон мамлекеттин укугун талашпаса, жеңиш оффшордук аймактан келгендерге ооп кетүү коркунучу да жок эмес.

Соттон сотко сүйрөлгөн Мегаком ишканасы боюнча Президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Азимбек Бекназаровдун талаш жаңыдан башталганда минтип айтканы бар: "Ишкана аябай кирешелүү, ошондуктан аны ЖКдагы фракциялар ортосунда талашуу процесси жүрүп жатат. Чындыгында маселеге сот чекит коюп, ишкананын мыйзамдуу ээси ким болсо, сот ошонун пайдасына чечим чыгарышы керек. Ошо менен чырлуу маселеге чекит коюлат" деген. Жарыктык киши талашка түшкөндүгүн туура айткан экен. Айткандай эле мыйзамдуу ээсибиз дегенди бетке кармашып, талашып жатышат. Бирок, Азимбек мырза айткан соттор акчанын кулу болуп, ким жашылбайды көрсөтсө ошонун пайдасына чечим чыгарылып калгандыгын кеч билип жатпайбызбы. Миллиондогон долларларга соттор каалагандай чечимдерди чыгаргандыгын, соттук процесстерде жеңишке жетүү үчүн өздөрүн орус инвесторлору деген оффшордук аймактардан келген эларалык шылуундар 1,5 млн.дон ашык доллар жумшагандыгын Мегакомду ичтен билген Раушан Рыкунова айым ачык эле айтып чыкты. Атүгүл кайсыл соттор чечимдерин канчага пулдагандыгына чейин ачыктады.
"БиМоКомду" бетке кармашып, ишкананы баягы эле Serpeus жана Penwell компаниялары талашууда. Алардын артында кимдер тургандыгы, кайсыл оффшордук аймакта, кайсыл даректе кандай аталышта катталгандыктары белгилүү болгон. Аны биз да жазганбыз. Мегакомду өздүктөө үчүн кандай схемаларды ишке киргизишип, эмне пландарды иштеп чыгышкандыктары да бир эмес нечен ирет айтылып, жазылды. Ал махинациялык схемалардын артында кимдер тургандыктары да белгилүү. Кыска айтканда, Мегакомду талашкандардын ишкананы биздики дегенге эч кандай моралдык да, материалдык да, юридикалык да укуктары жоктугу, алардын бардык аракеттери махинациялык, рейдерлик жолдо жүрүп келгендиги ачыкталган. Аларды кайрадан кайталоонун зарылчылыгы жок. Биздин мында өтө таң калганыбыз, ушул фактылар, жагдайлар ачыкка чыгып, белгилүү болгондугуна карабастан кыргыз өкмөтү нейтралдык позицияны карманып келаткандыгы. Эсиңиздерде болсо керек, Мегакомдун мүлкүн жана брендин райондор аралык сот өз чечими менен "БиМоКомго" ыйгарып койгондо, кыргыз өкмөтү расмий түрдө билдирүү таратып, чечим чыгарган сотту айыптап чыккан эле. Буга чейин бул маселеде балыктай унчукпай келген жогорку бийлик реакция жасап, ишкананын тагдырына кайдыгер эмес экендигин билдирген. Өкмөттүн аркасынан Башкы прокуратуранын атайын бөлүмү да унчугуп, эскертүү жасаган болчу. Өкмөт бул маселеде аракетин көрүп эле жатат. Коррупциядан алыс, кандайдыр махинациялык, шылуундук аракеттерге аралашпаган адамдарын дайындап, Мегакомдун ишин алгалатуунун аракетинде. Бирок, негедир Жогорку Кеңеш, Башкы прокуратура баш болгон прокуратура органдары укса укмаксан, билсе билмексен болуп келишет. Раушан Рыкунова айымдын жардамы менен Мегакомдун тегерегиндеги нечендеген коррупциялык көрүнүштөр, аракеттер ачыкка чыкты. Өкүнүчтүүсү, эмне үчүн Жогорку Кеңеш ушуга байланыштуу эч кандай чара көрбөйт? Катыгүн, өкмөт жоопкерчиликти өзүнө алып, маселеге чекит коюп коеюн десе, укуктук жактан өкмөттүн ыйгарымдары жетишпей жатпайбы. Жогорку Кеңеш ишкананын мыйзамдуу ээси ким экендигин сот аныктап берсин деп жатабы? Же бизде коррупцияга мойнуна чейин малынгандыгына карабай акыркы чындыкты соттор гана айтышы керекпи? Бул маселеде кыргыз соттору таза эместигин, бардык инстанциядагы фемида өкүлдөрү чечимдерин пулдашкандыктары белгилүү болду го! Атүгүл прокуратура органдары коррупцияга малынып жүргөндүгү маалым болбоду беле! Кыргыз Парламентине мындан башка дагы эмне керек?! Парламенттик башкаруу системасы деп ооз көптүрөбүз, мамлекеттик акыркы чечимдерди Парламент кабыл алат дейбиз. Анда эмнеге Парламент бийликтик күчүнө салып, ачылган, айтылган фактылар боюнча эч кандай чара көрбөйт. Ар качандан бир качан комиссия түзө калган ЖК депутаттары лам деп ооз ачышпагандыгы кызык. Атайын комиссия аркылуу акча алып жатат делген сотторду, прокуратура кызматкерлерин эмнеге текшерүүгө, суракка албайт? Мындай нонсенстик, парадокстук көрүнүштү Кыргызстандан башка жерде элестетүү кыйын. Сөздүн ачыгын айталы, тилекке каршы, кыргыз Парламенти кайдагы бир оффшордук аймактан келгендердин алдында өтө алсыздыгын көрсөтүүдө. Балким, Азимбек Анаркуловичтин айтканы чын окшойт. Парламенттеги фракциялар ортосунда талашуу жүрүп жатат го. Ошол үчүн маселеге кайдыгер мамиле кылынып жаткандай. Жок эле дегенде депутаттардын кызыкчылыктары кагылышып жаткан сыягы. Анын бетин ары кылсын, бирок, Мегакомго көз артып, аны айланчыктаган шылуун, аферисттердин кыргыз сотторун сатып алгандай эле, бу депутаттарды да сатып алганбы деген ой келбей койбойт экен. Жогорку трибунадан жаактары жангыча сүйлөшүп, акыл үйрөткөн эл өкүлдөрү ооздоруна талкан салып алышкансып, унчукпаса ушинтип ойлойт экенсиң да. ЖК спикери Келдибековдун эле кулагы көрүнүп жүргөндүгү көп нерседен кабар берет. Балким, дагы башкаларынын да кулагы көрүнөр, биз көрө албай жүргөндүрбүз. Раушан Рыкунова айым кыргыз соттору кандайча сатылгандыгын айтты. Балким, кыргыз аткаминерлери боюнча да бир билгени бардыр...

Мирлан Дүйшөнбаев