Кыргызча китептердин окурмандары аз

Китеп дүйнөсүнүн түбү да, чеги да жок эмеспи. Кыргыздан чыккан чыгармачыл адамдарыбыздын калтырып кеткен баа жеткис эмгектери, табият жараткан тубаса төкмө, жамакчы акындарыбыздын ырлары, оозеки айтылып келген уламыштарыбыз, эпосторубуз, ата-бабаларыбыздан бери сакталып келген тарбиялык мааниси абдан күчтүү макал-лакап жана накыл сөздөрү, эл арасында канчалык деңгээлде колдонулуп жатат? Деги эле биздин жаш муундарыбыз китеп окуйбу? Окуса, табити кандай? Кайсыл агымга басымды көбүрөөк жасашат? деген суроолорго жооп издеп кыргызча китеп саткан дүкөндөрдү издеп жөнөдүк. Тилекке каршы, шаарыбыздагы көптөгөн дүкөндөрдө орусча анан чет элдиктердин чыгармалары экен. Арасында кыргызча китептер чанда эле кездешип, болсо да мектептерге жана ЖОЖдорго ылайыктуу окуу курал китептери экен, ал эми сатуучулардан "Каныбек", "Кыргыздар", "Кандуу жылдар" жок дегенде"Кычан" деген китептер барбы?, деп сурай келсең "бизде андай китептер жок, анткени кыргыз тилиндеги китептерди абдан аз сурашат? Өтпөй тура берип кайра тапшырабыз" дешет. Шаарды айланып жүрүп Ала-Тоо кинотеатрынын маңдайындагы Бишкек китепкөй жарманкесинин жетекчиси жана кыргызча китептердин сатуучусу Нурбек Калыгулов менен жолугуп кыргызча китептер жөнүндө маек курдум.

- Китеп жарманкесинин иштеп жатканына канча убакыт болду?
- Жарманкени 2010 жылы 18-сентябрь күнү республикабыздагы китеп чыгаруучулардын ассоциациясы жана китеп палатасы, ишенби, жекшенби күндөрү китеп сатуу жарманкесин уюштуруп. Президентке атайын кайрылуу жиберишип, шаардын ичинен орун берүүсүн өтүнүшкөн. Анан ушул жерди бөлүп берип, Роза Отунбаева ачылышына катышып, өзү ачып берген. Бул жакта башында "Аят", "Кут аалам", "Раритет", "Азур", "Нуска", "Бийиктик", "ПолиграфБумРесурс" анан "Турар" деген басмаканалардын жана дүкөндөрдүн атайын сатуучулары келип, китеп сатып отуруп калышчу. Мен "Бийиктик" басмаканасынын сатуучусу элем. Акыр аягы кээ бирлеринин бул жактан китеп сатканга сатуучулары жок, үзгүлтүккө учурай баштаган. Четинен тажагандары менен келишим түзүп, ордуларын мага калтырып кетүүлөрүн өтүнүп жатып, азыр өзүм эле калдым. Бирок алардын китептери менен иш алып бара берем.
- Китеп сатууга эмне түрткү болду ?
- Кыргыз элинин маданият тармагында өнүгүп-өсүү процессинин мотору токтой баштаганы, мени абдан кабартыр кыла берчү. Канткенде кыргыз илимин, адабиятын, ата бабаларыбыздан бери келе жаткан эпосторубузду, кичинекей бөбөктөрүбүзгө ылайыктуу тарбиялык жана философиялык мааниси күчтүү жомокторубузду элге жеткирсе болот? деген ой башыман кетпей жүрдү. Анан Чыңгыз Айтматовдун акыркы "Тоолор-Кулаганда" романын сатып алууну тилек кылып шаар кыдырып чыксам "Гарри Поттер" деген китептин 8 томдугу чыгып элдер талап жаткан учур экен. Ал учурда Ч.Айтматовдун деле 8 томдук жыйнагы чыккан. Айтор эртеси "Бийиктик" басмаканасынын директору Жумадин Кадыров менен жолугуп кеп кеңеш сурадым да, анын эртеси "Тоолор кулаганда" китебин шаардын ичин кыдырып сата баштадым. Биринчи күнү бешөөнү саткам, андан соң онду, он бешти деп көбөйтүп отуруп, "Дордой" базарына таанымал болуп бүткөм. Базарга киргенде эле "Тоолор ку-ла ган даа" Айтматовдун акыркы романы" деп кыйкырып кирчүмүн. Кээ бирлери "доллар кулаптыр дейби?" дешип ызы-чуу түшкөн күндөр да болгон. Андан соң тапкан пайдама жалаң эле жарнама берип үйлөрүнө, соода кылган дүкөндөрүнө чейин жеткирип берүү ыкмасын өздөштүрө баштадым.
- Кыргызча чыгарылган китептердин наркы да, саны да азайып кетишинин себеби эмнеде?
- СССРдин убагында КМШнын ичинен Кыргыз жергеси китеп окугандар боюнча үчүнчү орунда турчу. Азыр болсо андай орундуктарды салыштырбай эле коюшса экен. Бир жылда бизден болгону 300 гө чукул аталыштагы китеп чыгат дегенди угушса уят эле болобуз.Акыркы жылдары, бир чети каралбай калды, бир чети бүт эле менчиктешип кетпедиби.Бул тармакка маркетинг системасын киргизип, элди кызыктыруу системасын туура багытка коюп койсок өнүгүп өсмөк белек?.. антейин десең азыркы убакта бир китеп чыгарыш үчүн, бир үй салгандай түйшүк тартышың керек. Чыкпай бирок даяр турган сонун чыгармалар бар. Айланып келип эле акча маселесине такаласың. Ошондуктан болуш керек.. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн жок эле дегенде өз тилибизде таза сүйлөшүбүз керек да, мурда орустун тилин аралаштырып алдык деп өкүнчү элек .
- Жаш муундарыбыздын китепке мамилеси кандай ?
- Жаман деп да, жакшы деп да айта албайм. Кээде жаш жигиттер атайын "Манас" эпосун сурап келишет. Ал эми кыздарыбыз детектив жана романдар тууралуу кайрылышат. Алар келип кызыгып сурап калышса кадимкидей сүйүнөм. Бирок, моюнга алып ачыгын айтканда кыргыз тилдүү чыгармаларды окугандар өтө аз. Дагы бир мисал кылып бир жагдайды айтып берейин: Былтыр жазында эки жаш кыз келишип "Курманбек", " Жаныш -Байыш" деген эпосту көрүп алышып "Атам мобу китепти өчү бардай эле окуй берчү кишинин жинине тийип, тамак ичсе деле огородго барып чөп отосо деле" деп курбусуна айтып берип жатканын эшитип калдым. Кадимкидей ичим эңшериле түштү.
- Кыргызча чыгармаларды элге жеткирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүүгө тийиш деп ойлойсуң.
- Соода тармагында бир орунда туруп калуу туура эмес. Келечекте баардык Кыргызстан аймактары боюнча болгон айылдарга бул жагы Нарындан ар жагы Баткенге чейин китептерди жеткирип берүү арзан жана тез арада сатып алуу иш чараны уюштурсам деп жүрөм. Андан тышкары азыркы мамлекетибиздеги эвропалашып кеткен окуу системасынын бардык агымдары кыргыз адабиятында кыргыз илиминде бар экенин. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыз, азыркы тил менен айтканда тубаса дипломат, медик, психолог, экономист ж.б.у.с. кесиптердин ээси болушкандыгын элге жеткирсем дейм. Мисалы бакшы же тамырчы деген аталыштагы табыптар болгон. Алар тамыр кармап адамдын ичиндеги дарттарды азыркы УЗИден да так жана даана айтып, ошол адамдын дартына жараша чөптөн ар кайсыл дарылырды жасашып, ал дарттарды азыркыга салыштырмалуу акысыз айыктырып коюшчу. Ал эми сынчыларыбызчы, адамды бир эле карап ал адамдын бала чагынан эртеңки өлөөр күнүнө чейин айтып коюшкан. Андай нерселер азыркы психологдордун колунан келээрине мен күмөнмүн. Кыргыз эли тарыхына тиешелүү касиеттерин, үрп - адат, каада-салттарын, маданияты менен илими биздин күнүмдүк жашообузга абдан керектүү экенин түшүнүп, билип жашасак өнүгүп өсүп такыр башка даражада жашамакпыз. Менин дос балдарым Түркияга, Россияга иштеп кетишкен мени деле чакырып калышат "акчаны көбүрөөк табасың"дешип мен жок деп. Бүгүнкү күнгө чейин баш тартып келем. Кыргызда жакшы макал бар "бөтөн элдин султаны болгуча, өз элиңдин уултаны бол" деген. Мени чакыра баштаганда эле силер келип мекениңер үчүн иштебейсиңерби акчанын артынан түшпөй деп кайра асылам, анан өзүлөрү эле тынчышат.
- Ишиңе ийгилик маегиңе чоң рахмат.


Алмазбек Карыпов