Кыргызстандыктар кантип эс алышат?
Гүлназ Касмалиева, дүкөнчү
- Шаардын ысыгынан качып, жылына бир жолу үйбүлөбүз менен Көлгө эс алганы барабыз. Негедир башка жакка барып эс алуу мага жакпайт. Кереметтүү Ысык-Көлгө барып эки жума жүрүп келсем, бир жылдык энергиямды топтоп келем. Башка жактарга барып эс алса деле болот, бирок мен жана балдарым көлдү жакшы көрөбүз.


Акбарали Рахманов, шаар тургуну
- Эс алганга убактым болгондо дароо эле айылга кетем. Таза аба, таза суу... Балачагым айылда өткөн соң, мага айыл жакын сезилет. Кыргызстандын кереметтүү тоолору турганда башка кайсы жакка барып эс алмак элем.Тең туштарым, туугандарым менен жолугушуп, тоого чыгып, сууга түшүп келүү мен үчүн курортко барып эс алуудан да артык.


Бегимай Кыдырмышова, студент
- Шаардын ызы-чуусунан тажап, окуулар аяктап, экзамендер бүткөндө мен курортко, Жети-Өгүз тоолоруна эс алып келем. Өзүм Көлдөн болгондуктан атайын эс алуу үчүн көлгө деле барбайм. Мен эс алганда, ден соолукка пайдалуу нерселерди кылгым келет. Баардык эле адам эс алганды жакшы көрөт, бирок бир эле ойноп күлбөстөн пайдалуу нерселерди да кылышыбыз керек. Мисалга алганда тоого, көлгө барып эс алгандар, ичкен жегендерин таштап кетишет. Таштандыларды калтырбастан кийинки көргөндөр тазалап кетишсе баарыбызга пайдалуу болот эле деп ойлойм.


Бейшенаалы Аипов, көрктөндүрүү, жашылдандыруучу
- Чынын айтканда жумуштан кол бошобой, эс алганы деле барбайм. Негизи айыл жергесине эс алуу мага жагат, бирок айылда эч кандай туугандарым, тааныштарым жок болгондуктан шаар ичинде эле иш менен алектенем. Мага ишим жагат, мындайча айтканда "эмгек менен эс алам".


Гүлнур Жумабекова, тигүүчү
- Чынын айтканда эс алууга убактым жок. Бир жакка барып эс алсам дейм, тилекке каршы убакыт болбой жатат. Ошондуктан жайды шаар ичинде эс алуусуз өткөрөм. Мүмкүн иштерим жакшы болуп калса күзүндө тоого же болбосо Ала-Арчага барып келем деген чоң ойлор бар.


Гулиса Ташмамбетова, тактай жуугуч
- Ден соолугума байланыштуу тоого, абасы салкын жерлерге эс алганы барам. Көлгө эс алган мага жакпайт. Ысык-Көлдүн сулуулугу, тазалыгы абдан жакшы, бирок ден соолукка байланыштуу ысык, бийик жер мага туура келбейт. Ошондуктан мен жакынырак эле Токмоктун тоолоруна шартым болгондо эс алып келем.


Дилназ Жантемирова, студент
- Өнүккөн өлкөлөрдүн тургундары көбүнчө эс алуу дегенде жер жүзүн кыдырып келүүнү каалашат экен. Ал эми биздин тургундар шартка байланыштуу башка өлкөлөргө деле көп барышпайт го. Мен чет өлкөлөрдөн бир гана Казакстандын Алматы шаарына баргам. Кудай кааласа бир эле Алматы менен чектелбестен жер жүзүн кыдырып чыккым келет. Биринчи кошуна өлкөлөргө барып эс алып көрөлү, андан кийин башка өлкөлөргө да барабыз.