Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевге
Вице-премьер министр Ө. Бабановго
Кайрылуу
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Сизге ушул жылдын 16-майында жана 9-июнда Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясын жоюп тракторлорду, айыл чарба техникаларын техкароодон өткөрүүнүн кажети жок экендигин, аларды кимдер аркылуу, кандай техкароо өткөрүү туралуу сунуш менен кайрылганбыз, бирок бизди таң калтырганы кайрылууну өкмөт кайрадан айыл чарба министрлигине жиберип алардын бул кызматтын керек экендиги тууралуу айыл чарба министрлигинин орун басары К.Касеиновдон жооп алдык. Биз түшүнбөй жаткансып бул кызматтын керек экендиги жана тракторист-машинисттин күбөлүгү Башкы мамтехинспекциядан калганын тастыктап жатат. Биз ошол жөнүндө жазып жатпайбызбы: тракторист-машинисттин күбөлүгү мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилиши юридикалык жактан туура болоорун, ал эми чыныгы техкароо эч жерде болбойт, жалган жерден акча алуу менен гана өтүү болуп техпаспортторуна штамп коюу менен чектелип келет, анан кайдагы техникалык коопсуздук жөнүндө айтып, элди алдап жатышат. Салыкты чогултууда техинспекциянын эч кандай деле ролу жок, техникалык коопсуздукту ар бир техника ээлерине милдеттендирип, мамлекеттик мекеме, ишканалардын техникаларын мекеме жетекчилерине милдеттендирүү керек экендигин айтып жатпайбызбы.
Мурдагы убактылуу өкмөттүн тушунда техникалык өкмөттө иштеп кеткен вице-премьер-министр А.Костюк ошол кезде Башкы мамтех инспекциясынын директору - досу Н.Кожогуловдун суранычы боюнча туура эмес чечим кабыл алып тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнү мамкакттоо кызматынан тартып берген. Бир чети ойлоносуң бир чети таң каласың биздин өкмөттө мамлекеттик бюджетти үнөмдөө үчүн керектүү кызматты алып калуу, керексиздерин жоюп салуу тууралуу сунуш берсек аны түшүнбөгөндөр же түшүнсө да мамлекеттик бюджетке мамлекеттик эмес мамиле кылып кайра айыл чарба министрлигине жибергенине.
Тактап жаза турган болсок, биздин ОП-885/16.05.2011-жылдагы Сизге кайрылуубузду Өкмөттүн кайсы бир кызматкери Кл 2584/30.05.2011-жылы каттап биз доомат коюп жаткан Айыл чарба министрлигине жөнөтүп, алардын эптеп көз боемочулук менен жазган катын 2011-жылдын 7-июнундагы Кл-99 каты менен бизге жооп жөнөтүп коюшкан. Албетте биз бул каттын жообуна макул эмеспиз, анткени ар ким өзүнүн көмөчүнө күл тартат, ошондуктан айыл чарба министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясы өздөрүнө оңтойлуу нукка салып бул катка жооп жазышкан, андагы катта биздин кайрылуубуздагы талаптарга толук жооптор берилбеген. Биздин оюбузча бул катты өкмөт башчысы Алмазбек Шаршенович өзүңүз жеке таанышып чыгып, анан экономикалык тескөө, финансы, ички иштер, айыл чарба министрлигине салык комитетине, монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине жолдоп, алардын жоопторун жалпылап, андан тыянак чыгарып туруп бизге жолдосо туура болмок деп эсептейбиз.
Бизге жазылган жоопто болсо, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик техникалык инспекциясы жоюлуп, бирок анын аткарып келген функциялары башка мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилбей калган деп жазышууда, бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 токтому менен жогорудагы аталган функцияларды жана укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо Кызматы жөнүндөгү Жобого киргизип бекитилген, ал эми катта көрсөтүлгөн кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №268-токтому менен жогорудагы аталган функцияларды жана укуктарды алып салган эмес. Натыйжада бирин-бири кайталаган органдар пайда болгон. Мына ошондуктан өкмөттүн бирдиктүү кызматы жөнүндөгү саясаты туура экендигин эске алуу керек. Бул катта көрсөтүлгөндөй салык төлөнбөй калды деген доомат туура эмес. Анткени менчик ээлери өз убагында жер-жерлердеги салык кызматынын кызматкерлери менен тыгыз иш алып барууда. Натыйжада бюджеттик кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулап, өз убагында төлөнүп жатканын алар эстен чыгарышпасын.

Бул жолу биздин
сунушубуз мындай:
1. Өкмөт айыл чарба министрлигинен жана өкмөттөн, каттоо кызматынан биргелешкен комиссия менен эл арасына барып техкароодон канча техника өтөт, канча салык төлөнөт, эң негизгиси техкароо кандай негизде өтөт, техкароо өткөн тракторлорду кайрадан карап көрүүсү керек.
2. Айыл чарба министрлигине караштуу мамтехинспекция башка министрлик менен ведомстволордун техникаларын техкароодон өткөрүүсү юридикалык жактан туура болобу?
3. Техкароонун акчасы кайсы дарекке түшөт, мамлекетке пайдасы барбы же жокпу? (Бул жерде трактор, чиркегичтер бүт техкароо өтүшү керек, демек канчалаган акчалар түшүшү керек).
4. Техкароо кандай шартта, кайсы жерде өтөт, басы канчадан, эч ким кызыккан жок, муну кароо керек.
5. Техинспекция күз, кыш айларында эмне кылышат?
6. Менин мурдагы сунушумда салык чогултуунун жолдорун жазып бергем: ар бир айыл округунда бирден салык инспекторлору бар, аларга салык төлөгөндүгү туралуу штамптарды жазатып берип, салык төлөгөндүгү тууралуу техпаспортко басуу керек.
7. Техкароонун ордуна салыкты 50% көбөйтүү максатка ылайык келет.
8. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнү кайрадан мамлекеттик каттоо кызматынан транспорт каражаттары жана айдоочулар курамы департаментине кайтарып берүү керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды карап көрүп иштин чын-төгүнүн билип иш кылбасак мамлекетибиздин экономикалык жактан өсүшүнө жолтоо болгон жагдайлар өтө арбын. Эл үчүн, мамлекет үчүн мындай иштерди майда барат иш сыяктуу кароого болбойт жана Сизден туура жыйынтык чыгарат деп ишенебиз. Иштиктүү чара колдонуп иш жүргүзбөсө мамлекетибиздин башка бийлик бутактарына жана массалык маалымат каражаттарына кайрылууга мажбур болобуз.
Мына ошондуктан Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизден суранаарыбыз, биздин кайрылуубузду дагы бир ирет катта көрсөтүлгөн адресаттар менен чогуу карап чыгып, жооп беришиңизди өтүнүп, суранабыз жана туура жыйынтык чыгарат деп ишенебиз.
Айыл чарба министрлигинин жообун жана мурдагы кайрылуубузду тиркеп коюуга туура келди.
Сизди терең урматтоо менен,

Демилгечилер тобунун
жетекчиси, Апрель элдик революциясынын баатыры:
Дуулатбаев Д.Ж., Шамшидинов М., Мураталиев Темирбек,
Амангулов Икрам, Манапбаев
Улукбек, Нурматов Али