Баалуулуктар алмашканда...

Мекенден да жеке менчик баалуу... бу?

Мекен... Мекенчилдик... Мына ушул түшүнүктөрдүн тегерегинде сөз болгондо эмнегедир эсил кайран СССР эске түшөт. Мунун себебин улуу муун өкүлдөрү жакшы билет деп ойлойбуз, анткени, 70 жыл жашаган социалисттик системада Мекен ... Мекенчилдик ... Мекенге болгон сүйүү ... деген түшүнүктөр ыйык да, бийик да болучу.

Адамзат өз башынан көп эле системаны кечирди, өткөрдү. Бирок, ал системалардын биринде да Мекен ... Мекенчилдик ... Мекенге болгон сүйүү ... түшүнүктөрү социалисттик системадай баркталган да, даңкталган да жок. Сөз бүгүн ушул жөнүндө.
... Бизде бир нерсе болсо эле, эсил кайран СССРди, анан мамлекеттик менчикти жамандаганга көнүп алышкан. Ооба, ар кандай түзүлүштө баары эле идеалдуу боло бербейт, бирок, биз Кыргызстан мына ошол СССР тушунда кайсы тармак болсун, мейли маданиятпы, мейли адабиятпы, мейли финансыбы, мейли экономикабы, мейли өнөр жайыбы, гүлдөп өнүп-өскөнүн эч убакта танбашыбыз керек. Бишкекти эле алсак, союз убагында 5-10 миң жумушчусу бар Ленин заводу деген бар эле. Анда жумушчулардын бир нече мууну калыптанып, тарбияланды. Мекени жана эли үчүн эмгегин арнаган, мекен деп жашаган, жүргөнүндө мекенге болгон ысык сүйүү жашаган миңдеген мекенчил адамдар өсүп чыкты. Коомдо мекенчилдик деген улуу жана ыйык менталитет пайда болду. Мамлекеттик деген нерсе адамда мекенчилдик сезимин жаратат өңдөнөт. Миңдеген жумушчулар иштеген жана өз үй-бүлөсүн баккан Ленин заводу мамлекеттики, демек жалпы элдики, ошол эле заводдо иштеген миңдеген жумушчулардыкы эле да. Демек, анын өзү анда иштеген жумушчуларда мекенчилдик сезим жаратканы мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойбуз.
Бишкекте бир эле Ленин заводунда гана эмес, Фрунзе заводу, "Оор электромаш", Сетунь, Айнур, ж.б. заводдордо да миңдеген жумушчулар иштешчү. Мамлекет ээлик кылган ондогон курулуш ишканаларында, корпорацияларда миңдеген жаштар эмгектенип, жөн гана жумушчу орундары менен гана камсыз болбостон, мекенди сүйүүгө да тарбияланып, мекенчилдик сезим биринчи орунда турчу.
Мамлекеттики болгон камвол-нооту комбинатында, ВЛКСМ, Айгүл, Тулпар фабрикаларында миңдеген кыргыз кыз-келиндери эмгектенишип, жумушчу менталитетин, мекенге болгон сүйүүнү, мекенчилдикти калыптандырды. Мындай мамлекеттик ишканалар Бишкекте гана эмес, Ошто да, Жалал-Абадда да, Караколдо да, Нарында да, Таласта да бар болчу. Биринчиден, миңдеген адамдар жумушчу ордулары менен камсыз болчу. Экинчиден, туруктуу айлык акыларын алып, жатакана менен камсыз кылынып, кезеги келгенде үй-жайга да ээ болуп, келечекке карата болгон ишеним бекем болчу. Өз жумушуна жасаган мамилеси да башкача эле. Эң башкысы, адамдардын бири-бирине жана өзүнүн ата-мекенине болгон мамилеси башкача болчу. Адамдагы өзүмчүлдүк, жекечилдик, өзүнүн жеке керт башынын жана үй-бүлө кызыкчылыгына караганда, коомдун кызыкчылыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы башкы орунда турчу. Адамдар өзүнүн эң жакшы ийгиликтерин, жетишкендиктерин, эмгектик мыкты көрсөткүчтөрүн өзүнүн Мекенине арнашчу. "Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн", "Адамдар бири бирине дос жана бир тууган" деген сыяктуу гумандуу принциптер жашачу. Биз мына ушундай системада жашап жана тарбия алып калдык. Ал мезгилде мекенди коргоо ар бир жаш адамдын эң ыйык милдети болчу. Анткени, ал убакта жеке адам эмес, Мекен деген түшүнүк алдыңкы планда турчу. Адамдар өз мекени үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге окшоп төштөрүн дзотко тосушчу. Өзүнүн куралдаш досторунун өмүрү үчүн өз өмүрүн кыйышчу.
Азырчы? Азыр "ар ким өзү үчүн" деген принцип. Менден кийин топон суу жүрсө да мейли деген принцип. Кечээ эле, кыргыз баласы базарда олтуруп соода кылгандан уялса, азыр базаркомдор жана базарда соода кылгандар коомдогу эң кадыр-барктуу адамдарга айланды. Алып сатарлык сезими коомдук аң-сезимдин, улуттук нарк-насилдин ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Азыр чүпүрөк-чапырак гана эмес, абийир менен ар-намыс да соода-сатыктын обьектиси экендигин эч ким танбаса керек. Союз убагында Кыргызстанда жумушчулар табы кадыресе калыптанып өссө, бүгүн алып-сатарлардын табы пайда болду. Галстукчан криминалдардын мууну өсүп чыкты. Азыр мекенчилдик сезимге караганда, өзүмчүлдүк, жекечилдик сезим күчтүү. Алып сатарлык аң-сезим, алып-сатарлык нарк-насил карапайым адамдарга караганда да мамлекет башында тургандарда, бийлик башындагыларда өтө күчтүү экенин айтып коюуга тийишпиз.
Биз миңдеген адамдар аргасыздан соода-сатык менен жан багып жаткан базарларды айтпайбыз, мына жакында эле, Tazabek экономикалык маалымат басылмасы Улуттук статистикалык комитет менен бирдикте Кыргызстандагы жумушчуларынын жана кызматкерлеринин саны көп 20 ири компанияны аныктаган экен. Алар төмөндөгүлөр: АООТ "Текстильщик", "Кыргыз почтасы" МИ, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИ, "Кумтор Голд Компани" ЖАК, "Чыгышэлектро" ААК, "Жалалабадэлектро" ААК, "Кыргызалтын" ААК, "Кыргызгаз" ААК, "Кыргызнефтегаз" ААК, "Кыргызтелеком" ААК, "Майлуу-Суу электролампа заводу" ААК, "Манас" эларалык аэропорту" ААК, "Нарынсууэнергокурулуш" ААК, "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ААК, "Ошэлектро" ААК, "Түндүкэлектро" ААК, "Электр станциялары" ААК, "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы, "Народный" соода үйү" ЖЧКсы, ПЭУ "Бишкекводоканал".
Мына ушул кызматкерлери жана жумушчуларынын саны эң көп компаниялардын тизмесин карап олтуруп, бир өкүнүч пайда болот. Бул кызматкерлер менен жумушчулар көп иштейт деген ишканалардын көбү - дээрлик алып сатарлык, кызмат көрсөтүү менен шугулданат экен. "Текстильщик", "Кумтөр Голд Компани" ЖАК сыяктуу бирин-экини гана өндүрүш болбосо, калганы эч нерсе өндүрбөйт. Болгону кызмат көрсөтөт, алат, сатат. Кызмат көрсөтүү, алып сатуу да керек деңизчи, бирок анын өзү анда иштегендердин аң-сезимин, менталитетин да ошол нукта тарбиялап, калыптандырып жатканы да эч кимге жашырын эмес.
Ооба, бүгүн Ленин заводу, Фрунзе заводу, "Оор электромаш", Сетунь, Айнур, ж.б. сыяктуу заводдор, камвол-нооту комбинаты, ВЛКСМ, Айгүл, Тулпар фабрикалары сыяктуу миңдеген жумушчулар иштеген ишканалар жок. Мунун өзү система гана эмес, баалуулуктар да алмашканын, Мекен... Мекенчилдик... сыяктуу түшүнүктөр баркталбай, даңкталбай калганын, жеке менчик психологиясы үстөмдүк кылып, анын өзү бүгүн биз кандай системада жашап жатканыбызды ачык-айкын далилдеп турат деп ойлойбуз.
Базаркомдор үчүн, нефтикоролдор үчүн аларга Мекенден да жеке менчиги кымбат. Биз аны туура түшүнөбүз. Оппозиция системаны алмаштырабыз дегенде, ириде ушуну айтып келишсе керек эле. Бирок, бүгүн система алмаштырабыз деп айгайлаган эч ким жок. Өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү.

Бек Мамашов