Ойнош күттүңүз беле?


Аз күндөн бери www.barakelde.org маалымат сайты саясатчыларга төшөк маселелерине байланышкан ар кыл суроолорду берип, алардын жоопторун жарыялап келет. Биз, айрым кызыктуу делген жерлерин окурмандарыбызга тартууламакчыбыз.

Анекдотто айтылгандай, Калинин, Дзержинский жана Ленин аял алган жакшыбы, же ойнош күткөн жакшыбы дегенди талкуулап жатышат. Калинин айтат: - Аял алган жакшы. Үйгө келсең тамак даяр, балдарың чуркап жүрөт... Дзержинский: - Ойнош күткөн жакшы. Уруш-талашсыз эле күнүгө майрам, гүлдөр, коньяк... Анда Ленин: - Экөөң эмнени түшүнмөк элең, аялың да, ойношуң да болгон жакшы. Аялың ойношунукуна кетти деп ойлойт. Ойношуң аялы менен отурат дейт. А сен болсо чатырга чыгып алып, иштей бересиң, иштей бересиң, иштей бересиң...
Анын сыңарындай, бийлик төбөлдөрүнүн ойнош эмес, өз үй-бүлөсүнө убактысы жетишпегендей. Бирок баарыбыз пендебиз да, маселенин чын-төгүнүн өздөрүнөн сураш керек деп, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин оюн уктук. Биринчиси "ойнош күттүңүз беле?"- деген суроо болду.


Ибрагим Жунусов:
"Ойнош күткөн болсом
деле күткөм деп айта
албайм"
- Жок. Күткөн болсом деле күткөм деп айта албайм да. Күткөн эмесмин, үй-бүлөнү дайым биринчи планга коём. Өзүм атасыз өскөм, балдарымдын атасыз калышын каалабайм.


Токтайым Үмөталиева:
"Ойноштук - бул эки кеменин башын өзүнүн бир кыска кызыкчылыгына колдонгону"
- Мындай нерсе адамдын маданий руханиятына, үй-бүлөлүк тарбиясына, анын ички дүйнөсүнүн байлыгына байланыштуу болот. Ойношчулук - бул түпсүз нерсе жана адамдын өзүнүн касиетине, жолдошуна болгон ишенбөөчүлүк. Эки кеменин башын өзүнүн бир кыска кызыкчылыгына колдонгону. Жаш кезимде автобустан узун бойлуу, кара-торунун сулуусу болгон бир жигит менен таанышып калып, ошол учурда кандай жакшы көрүп калсам, бүгүнкү күнү ошол кездегидей жакшы көрөм. Мен үчүн бул дүйнөдө андан ашкан мыкты мырза көзүмө илинген жок. 30 жылдан бери менин сүйүктүү жубайым тирегим да, саяпкерим да ошол, Кудай кошкон кыргызымдын жигити. Убакыт өткөн сайын анын бүт тараптуу сулуулугу мен үчүн көбөйгөнү көбөйгөн.

Мелис Эшимканов:
"Оңго-солго басып көргөм"
- Маркум Салижан Жигитов айткандай, ойнош күтүү бул - өксүк комплекс. Денесинен, акылынан, боюнан, карьерасынан кемчилик көргөндөр сөзсүз түрдө алмаштыруучу нерсе издейт. Албетте, аялын толук кандуу сүйө албаса, тажаса, же түгөйүнөн таппаган нерсесин башка бирөөдөн издейт да, ойнош күтөт. Күнүмдүк сексуалдуу капканга түшкөндү, азгырылууну издейт. Мен жаш кезимде кыйшайып көргөм. Ага үй-бүлөлүк себептер болгон. Мастык-жаштык деген болуп, оңго-солго басып көргөм. Кээде ошол кезимди суктанып деле айта албайм. Бир чети кызыктуу болгон деп эсептейм. Не бир кыздар, не бир келиндер - орусу, кыргызы, французу дегендей. Бирок, азыр ошол кезде жаңылышып жүргөн экем деген ойго келем.


Алиясбек Алымкулов:
"Аял алгандан кийин
болгон эмес"
- Эми үйлөнгөнгө чейин досторум болгон. Аял алгандан кийин болгон эмес.


Жоомарт Сапарбаев:
"Ойношту сексуалдык жактан канааттанбай калганда күтөт"
- Эгерде үй-бүлөдө ар тараптан - сексуалдык жактан да, бири-бирин түшүнүү жактан да бардыгы жакшы болсо, андайдын кереги деле жок болсо керек. Анткени ойношту качан күтүш керек? Же жубайлар бири-бирин түшүнбөй калганда, же сексуалдык жактан канааттанбай калганда, ар кандай проблемалар пайда болгон сайын болот болуш керек. Эми ар кандай адамдар бар. Мен өзүм ойнош күтүп көрө элекмин. Биринчиден, жашмын, экинчиден, чынын айтсам, ниетим да жок.