Бишкектиктердин маанайлары кандай?

Жакында Market Intelligence аналитикалык борбору Бишкек шаарынын жашоочуларынын арасында өлкөнүн келечегине карата көз караштары жөнүндө кокустан тандоо ыкмасы менен социологиялык суроолорду жүргүзүшкөндө, суралгандардын 18 пайызы мындан ары өлкөдөгү саясый жана экономикалык абалдын жакшыра тургандыгына ишенбей тургандыктарын билдиришкен. Ал эми шаардын жашоочуларынын 26 пайызын азыркы ыйгарымдары чектелген президенттик институттун абалы канааттандырбайт. Алар күчтүү президенттик бийлик гана өлкөнү саясый, экономикалык кризистерден чыгара алганга жөндөмдүү , парламенттик башкаруу андай миссияны аткарганга жөндөмсүз деп эсептешет. Оптимисттер 18-35 жаштагылардын арасында гана көбүрөөк. Алардын үчтөн бирине жакыны Кыргызстанды татыктуу келечек күтүп тургандыгына ишенишет. Ал эми жалпы суралгандардын 20 пайызы гана жакынкы келечектеги турмуш азыркыдан жакшы боло тургандыгына ишене турушкандыктарын айтышкан. Мындан борбор калаада жашагандардын басымдуу көпчүлүгүнүн маанайлары басыңкы, алар өздөрүнүн эртеңкисине өзгөчө үмүт менен карашпайт деп жыйынтык чыгарса болот.
Ал эми республикабыздын жакынкы убактарда экономикалык жактан өсүп, өнүгө баштай тургандыгына ишенбегендер суралгандардын 32 пайызын түзөт. Суралгандардын басымдуу көпчүлүгү коррупцияга каршы жетиштүү күрөш жүргүзүлбөй жатат деп эсептешет.




Көмүскө экономикадагылар канткенде ачыкка чыгат?
Ушул жылдын өткөн алты айындагы экономикалык жетишкендиктерибиз өтө эле жупуну болду. "Кумтөрдү" кошкондо, алганда дегендеринин орточо суммасын чыгарганда экономикалык өсүш 5 пайыздын тегерегиндегини, ал эми инфляция 22,4 пайызды түздү. Анткени, өкмөт өнөр жай ишканаларын жандандырууда алгылыктуу жылыштарды жасадык деген менен көмүскөдөгү экономиканы легалдаштырып, мыйзамдуу алык-салыктарды жана төлөмдөрдү өндүрүүдө эч кандай прогресске жетише алган жок.
Компетенттүү адистердин пикирлерине ылайык, эгерде легалдуу экономиканы тейлөө үчүн жалпы көлөмү 51,5 миллиард сомдук нак акча айландырылса, көмүскө экономикада жүгүртүлгөн нак акчанын көлөмү 60 миллиард сомдойду түзөт экен. Эгерде биринчи жарым жылдыкта 103,5 миллиард сомдук продукцияларды тейлөө үчүн 51,5 миллиард сом нак акча жүгүртүлүп жатса, 60 миллиард сом кеминде 125 млрд. сомдук продуктуну тейлей тургандыгы жөнөкөй эсептен эле көрүнүп турат. Бирок, көмүскө экономикадагыларда өз ара эсептешүүлөр көбүнчө доллар жана рубль менен жүргүзүлгөндүктөн сомдун жүгүртүлүүдөгү массасына терс таасирин тийгизбейт, тескерисинче көмүскө экономика улуттук валютанын курсун бекемдөөчү ролду аткарып келе жатат. Кошуна өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын курстары эселеп түшкөн убактарда да экономикалык оор абалга карабастан сомдун курсунун салыштырмалуу туруктуу болуп келаткандыгынын себеби -көмүскөдөгү экономикада айланган чет элдик валюталар ага диверсификатордун, сомдор допингдин милдетин аткарып келишти. Бирок, Кыргызстан үчүн көмүскө экономикадагылардын көптөрдү жумуш менен камсыз кылып, айрымдарды байытып, сомдун курсун бекемдөө үчүн гана эмес, бюджеттин ж.б. милдеттүү төлөмдөрдүн көбөйүүсү, легалдуу экономиканын өнүгүүсү үчүн да иштегендиги жакшы болмок. Тилекке каршы, өкмөт көмүскө экономикадагыларды легалдаштыруу боюнча көп айткан менен бул багытта натыйжалуу аракеттер аз, таптакыр жылыш болбой жатат. Же аны кантип легалдаштыруунун аргасын алигиче таппай жатышат.