Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Ахматбек Келдибековдун 2011-жылдын 10-12-июль аралыгында Малайзияга жана 12-14-июль аралыгында Индонезияга жасаган расмий иш сапарынын Программасы

Малайзия парламентинин төрагасы менен
10-июль:
21-40 Малайзиянын Куала-Лумпур шаарына жетүү

11 июль:
Жолугушуулар графиги:
o Малайзиянын Парламент Сенатынын Президенти Тан Сри(Улуу урматтуу) Абу Заар бин Дато Ника Ужанг менен жолугушуу.
o Малайзиянын Парламент Спикери Тан Сри (Улуу урматтуу) Датук Сери Панглима Пандикар Амин Мулиа менен жолугушуу.
o Малайзия Сенатынын сессиясына катышуу.
o Малайзия Улуттук банкынын Исламдык каржылоо программаларынын бет ачарына катышуу.
o Малайзиянын Ислам көркөм өнөр музейин көрүү.
o Ажылыкка бара турган өлкөнүн мусулман жарандарынын каражаты чогултулуучу Малайзия Ислам фондунун төрагасы Tabung Hagi Тан Сри (Улуу урматтуу) Аби Мусса Аса ,арии Мохаммед Нур менен жолугушуу.
Ушул эле уюм исалам принциби боюнча инвестициялоо менен да иш алпарат.
o Путраджайя Корпорейшндин президенти Тан Сри (Улуу урматтуу) Самсудин бин Осман менен жолугушуу.
Путраджайя Корпорейшн Малайзиянын аткаруу бийлигинин органдары жайгашкан федералдык администрациялык борбору Путраджайя шаарын пландаштыруу, башкаруу жана өнүктүрүү жаатында иш алпарат.
o Дүйнөлүк Ислам экономикалык форумунун төрагасы тун Муса бин Хитам менен жолугушуу.
o Биргелешкен маалымат жыйыны.
o Индонезия Республикасынын борбору Жакарта шаарына учуу.
o Индонезия Республикасынын борбору Жакарта шаарына жетүү.

13-июль:
o Индонезия Республикасынын Эл өкүлчүлүк Кеңешинин төрагасы Маруки Али менен жолугушуу.
o Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Индонезия Республикасынын Эл өкүлчүлүк Кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу.
o Биргелешкен маалымат жыйыны.
o Встреча с Вице- Президентом Республики Индонезия г-ном Будионо
o Индонезия Республикасынын Президенти Марти Наталегава менен жолугушуу.
o "Анколь" океанариумда болуу.
o Индонезиянын Туризм министрлигиндеги жолугушуу.
o Депутаттардын Саясат, укук жана коопсуздук маселелери боюнча координациялык кеңешиндеги жолугушуусу.
o Индонезиянын Улуттук элдик чыгармачылык көргөзмөсүндө болуу.
o Кыргызстанга учуу.

2011-жылдын 15-июлунда саат 05:30да КР ЖК парламенттик делегациясынын "Манас" аэробекетине конуусу.



Ахматбек Келдибеков Табунг Хажи фондунун төрагасы менен жолугушту
Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков малайзиялык мусулмандарга исламдын эң башкы милдеттеринин бири болгон ажылык сапарын уюштурууга көмөк көрсөтүп келаткан Табунг Хажи фондунун төрагасы Тан Сри Дато Аби Муса Асаари Мухамед Нур менен жолугушту.
"Сиздердин уюмдун ажылык сапарды уюштуруу жаатында топтогон тажырыйбаңыздар Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу деп ойлойм. Анткени, иштин бул жаатында көптөгөн маселелер турат" - деди Ахматбек мырза.
"Табунг Хажи" мусулман фондунун негизги максаты мусулмандардын ажылык чыгымдарын көтөрүү үчүн сактоо, ошондой эле каражаттарды өнөр жайга, соодага, кыймылсыз мүлккө инвестициялоо болуп саналат. Муну менен ал эки маселени чечет: биринчиси - ажылыкка баргандарды каржылык жактан камсыз болуусуна кепилдик берүү, экинчиси - жергиликтүү экономикага инвестиция тартууну камсыздайт. Ошону менен бирге, сактала турган каражат жүздөгөн миллион доллар көлөмгө чейин көбөйөт.
Төраганын пикирине караганда, мындай алгылыктуу тажрыйба акча каражатынын топтолушун ишенимдүү жолго салуу менен, ажылык сапардын тегерегинде жүрүп жаткан, исламдын дарегине шек келтире турган ар кандай талаш-тартыштардан арылтат. Ошондуктан, А.Келдибеков Кыргызстанга келээри менен тиешелүү орган өкүлдөрү менен бул тажрыйбанын артыкчылык жактарын бөлүшө тургандыгын билдирди.