Эбепке себеп болуп…

Ош милициясы улут аралык жаңжалдын алдын алды
Ош облусунун Араван районунда өзбек менен кыргыздардын ортосунда кайрадан жаңжал чыгып кете жаздаганда, милиция өз убагында жетип барып, түшүндүрүү иштеринин аягы менен чатак тынчыганын жергиликтүү эл билдирүүдө.
Маалыматка караганда, 17-июль күнү кечки саат 19:30дар чамасында ур-тепкиге алынган бир кыргыз жигити оор абалында райондук ооруканага келип түшкөн. Милициянын маалыматына таянсак, кыргыз менен өзбек таксисттери жол талашып, жыйынтыгында өзбек улутундагы жаштар кыргыз таксистине жабылып, тепкилеп ташташкан.
Ошол жабыр тарткан жигиттин туугандары, жакындары мындай көрүнүшкө нааразы болушуп, 18-июлда райадминистрациянын алдына митингке чыгышып, күнөөлүүлөрдү кармап, жазалоону талап кылышкан. Митингке чыккандар ачууга алдырган айрымдар Аравандагы борбордук базарды талкалап, коңторуп салууга аракет кылышканда, Ош облусунан кошумча күчтөр (спецназ) тартылып, массалык башаламандыктын алдын алып калышкан. Элге Ички иштер министринин түштүк региону боюнча орун басары Курсан Асанов келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым.
Ал эми Араван районундагы бала-бакчалар менен окуу жайлардын баары абал турукташканча жабылды.
Ош милициясынын маалыматына караганда, жабыр тарткан жигитти ур-тепкиге алган 6 жигит кармалып, камалып, тергөө башталды.




  Аялдарга көңүл бөлүп

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын саны
5 миңден ашат
"Республикабыздын аймагында өкмөттүк эмес уюмдардын саны 5 миңден ашат"- дейт президент Роза Отунбаева.
Анын айтымында, өкмөттүк эмес уюмдардын көбү аялдардын, балдардын жана социалдык жактан муктаж болгондордун укугун коргоо менен алектенет.
"Тажрыйба көрсөткөндөй, аялдар тобокелге салуудан коркушпайт. СССР таркаганда да аял заты алгачкылардан болуп, соода-сатык менен алектенишип, үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан сууруп кетишти. Кичи ишканалардын көпчүлүгүндө аялдар эмгектенишсе, тейлөө кызматынын 19%зын да кыз-келиндер түзүшөт. Акыркы учурда, бизнести ийгиликтүү жүргүзгөн, ийгиликтүү жетекчилик кылышкан аялдар катмары пайда болду, андыктан биз аларга колдоо көрсөтүүбүз керек"-дейт мамлекет башчысы.





Баракелде билдирет!
Президенттин уулу А.Садыбакасов менен депутат Ш.Айтматова "Мен Ыссык-Көлдү сүйөм!" аттуу акция өткөзүштү

Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов жана Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова 16-июлда Кыргызстан-Казакстан чек ара аймагындагы "Ак Жол" постунда "Мен Ыссык-Көлдү сүйөм" аттуу акция өткөрдү.
Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, мындай акция Казакстандан, Орусиядан келген туристтерге Ысык-Көлдүн өзгөчөлүгү, туристтик жайлар жана көрсөтүлүп жаткан коопсуздук чаралары тууралуу маалымат бермекчи.