Бөлүнгөндү бөрү жейт

Федерациядагы шах менен мат

Адилет министирлиги шахмат федерациясынын экиге бөлүнүүсүнө юридикалык жактан жол бербеш керек эле. Анткени шахмат оюну, күрөш же футбол сыяктуу үч, төрт бөлүктөн турбайт. Ансыз деле мамлекеттен эч кандай колдоо көргөзүлбөй, акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстандан дүйнөнү дүңгүрөткөн, атагы бүт ааламга таанымал шахматчы чыга элек . Баары бүтүп шахматчылар эле калгансып, булар да экиге бөлүнүп алышыптыр.

Байыш Эрбаев, Республикалык шахмат клубунун башчысы:
- Ачыгын айтканда 7-апрелдеги төңкөрүш бизди да бир сыйра талкалап кетти. Элдик революцияга чейин федерациянын президенти Акылбек Жапаров болчу. Ал шахмат федерациясынын имараттын түптөп, эс алуучу парктын ичине жайгаштырып, мурда күйүп кеткенине карабай ремонттоп берген. Бизде эч кандай бөлүнүү, чачыроо маселеси жок болчу. Революция болгон соң Акылбек Жапаровду алып ыргытып ордуна нарколог Жеңишбек Назаралиевди шайлап коюшкан. Аныбыз деле эч нерсени кыйратып жиберген жок. Акыр аягы ал да кетип калган. Ошол кырдаалда федерациянын вице-президенти экономика илимдеринин доктору Таалайбек Иманалиев бир жылга чукул шахмат федерациясынын башын бириктирип турганы менен, бир жылча убакыттын ичинде федерациянын толук укуктуу президенти жок болчу. Ошондон пайдаландыбы же дагы башка көздөгөн максаты барбы билейм. Айтор, Мирлан Турпанов мындан бир жарым ай мурун өз алдынча федерация түзүп алып, шахмат сүйүүчүлөрүн эки жаат кылып, бөлүп-жаруу маселесин күчөтүп жаткан учуру.
- Учурда президентиңер ким?
- Үстүбүздөгү жылдын май айында Алишер Сакебаевди республикадагы шахмат федерациясынын президиуму мыйзамдуу түрдө толук укуктуу президент кылып шайлашты. Алишер Сакебаев 20-июль күнү Чолпон-Ата шаарында бириктирүү съездин өткөрөм деп турган учуру. Съезддеги негизги максат республика боюнча бир гана федерация түзүп, эки жаат болуп бөлүнүп кеткен шахматчылардын башын кошуу.
- Мамлекет тарабынан шахматчыларга кандай жардамдар көрсөтүлүп турат?
- Шахмат сүйүүчүлөр эртеден кечке ушул клубда ойношуп, болгону 10 сом төлөшөт. Ал чогулган акча жарытарлык деле эмес. Мурда имараттын ижарасына 3000 сом берип турчубуз. Ойногону келгендерден чогулган акча жетчү. Акыркы 15 күндөн бери ижарага 10 миң сом төлөйсүң деп атышат. Кээде мага акчасын көтөрүп алышып "шахматка тиешелүү буюмдарыңды сат"- деп келишет. Өзүн бизнесмен сезген сөрөйлөр. Аларга жоктон башка жооп айтпайм, сатсам эле комиссия келип текшерүүлөр башталаары анык иш. Мындайды азыр провокция деп коюшат эмеспи. Федерацияга тиешелүү мекемени ар кандай шылтоолор менен жаап, имаратты жеке менчик ишмерлерге ижарага бергилери келип жүргөн күчтөр бар. Биз айына 3000 сом төлөсөк, алар 15-20 миң сом төлөп берүүлөрү даяр экенин анык билем. Бирок, карапайым элди да эске алыш керек да. Алар бул жакка келип чер жаза ойноп кетишет. Эгер жеке менчикке өтсө каалаган киши кире албай калат да. Мамлекет тарабынан бизге колдоо деле болуп көрө элек.
- 20-июль күнү Ысык-Көл облусунда шахмат боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдеш өткөргөнү жатыпсыздар, маалымат бере кетпейсизби?
- Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун губернаторунун эл аралык кубогуна даярданып жаткан учурубуз. Ал мелдешке Казакстан жана Өзбекстандан шахмат боюнча чеберлер келип, чоң мелдешүүлөр болот. Баш байге фонду 100 миң сом.
- Бизде көзгө басар, мактанарлык шахмат чемпиондорубуз барбы?
- Бар, алар саналуу эле. Мисалы, Нурдин Самаков, Алгис Шүкүралиев, Андрей Мазницин бул жигиттерибиз 2010-жылы октябрь айында Россиянын Хантымансийск шаарында өткөн эл аралык турнирде 150 команданын ичинен 58-орунду алып келишкен. Байге катары шахматка тиешелүү 100 саат 200 шахмат доскасын утуп алышыптыр. Ошол замат 50 саатты жана 100 шахмат досканы аймактарга бөлүштүрүп бергенбиз.