"Кыргыздын туусу көтөрүлсө жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады"

Атпай журтка таанымал ырчы, дастанчы күмүш абаз, жез таңдай Роза Аманова бир нече күндөн бери респуб-ликанын аймагын аралап, элеттиктерге концерт берди. Эл менен жолугушуу эл артистине да, анын күйөрмандарына да кайталангыс маанай тартуулаганын катышкандар алигиче сөз кылып жатышат. Бул жолку элеттик турне тууралуу Роза айымдын өзүнөн сурап көрдүк.

- Айтыңызчы,филармониянын заңгыраган залындагы концерт менен элеттик клубдардагы концерттердин айырмасы канчалык? Мисалы, угуучулардын деңгээли дейм да? Жер тепкилеп, ышкырып, тийишип дегендей? Деги эле угуучулар жагынан кандайсыз?
- -Менин эң биринчи угуучуларым- апамдын курбу кемпирлери болчу. Жай саратандын кечинде болобу, кыштын узун түндөрүндө болобу, эрмектешмекке биздикине келишчү. Ошол курбу кемпирлерге дастан айтып берчүмүн. Колдорунан ийрип аткан ийиги түшүп, алдындагы чайларын унутуп, бирде улутунуп, бирде ыйлап, бирде шыпшынып, берилип уккандарын байкап, ого бетер күчөнүп "төкчүмүн". Айрыкча арманын күкүккө айтып жаткан баатырдын баянына келгенде үчөө тең жашып, көздөрүн жоолуктарынын учтары менен аарчып, мени карап калышчу. Агезде Аалам мага ушул көгүчкөндөй үч кемпир, анан мен айтып жаткан дастандан эле тургандай сезилчү...
Деги эле менин " биринчи музыкалык" мектебим элеттен башталган. Курбу кыздар менен уй тоскону айылдын четине барып, ой-да концерт койчубуз. Көрсө тилибиз ошол жерден такталып, ошол жерден жүрөктө от тутаныптыр. Азыр айрым бирөөлөр нотаны билген "артыкча сабаты" менен мактанып жүрүшпөйбү, мен кыргыздын нукура улуттук музыкасы элеттен башат алган, элеттик угуучуларым- менин эң сонун сынчыларым, колдоочуларым деп сыймыктануу менен айта алам.
- Ошентип келечекте ким болоруңуз башынан эле белгилүү болгон турбайбы?
- Жок, мени эч ким ырчылык өнөрдү кесип кылат деген эмес, тек гана бала кездин бир эрмеги деп ойлошкон. Дастанчылык, ырчылыкты үйрөткөн апам деле мени мед-институттан окуп, врач болсо дечү. Мени болсо Өнөрдүн зээри тартып туруп алды. Мектепти бүтөөрдө Токтогулдун ролун аткардым. Эми ойлосом, ошол роль менин тагдырыма таасир эткен экен.
Кыргыздын дилин билдирип турган керемет тилиндеги, күүнүн ыргагына келишип, берметтей куюлушкан ой тизмектериндеги нукура элдик терең философия барган сайын өзүнө тарта берди. Бала кезде жаттап алып айткан дастандардын баа жеткис маанисин эс тарткан сайын дааналап түшүндүм.
- Ал кезде элдин баары эстрадага ооп, элдик ырларга дээрлик көңүл бурбай калган да?
- Ошондой десе да болот. Элдик ырларды Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Асек Жумабаев сыяктуу улуу муундагы артисттер ырдап, "Саринжи Бөкөйдү" Болуш Мадазимов аткарып, радиодон анда- санда гана берилип турчу.
- Кыргыздын салт ырларын андан ары улантып кетүүчү катары жолуңуз шыдыр болдубу?
- Кайдан? Чыгармачылыкта болсун, жеке турмушта болсун эч кимдин жолу сыдыргыга салгандай болбосун баарыбыз эле билебиз да. Кеп-кыйынчылыктарды жеңе билиште, татаал бурулушта буюгуп, адашып калбай чыгармачылыктын ысык- суугун аркалап кетиште. Менин кандай кыйналганым, мага кимдер бут тоскону эч кимге деле кызык болбосо керек деп ойлойм. Сырттан байкагандардын баамында мен аябагандай өжөрмүн, өнөрдүн өр жолунда да ошондой өжөрдүк талап кылынат.
- Салттуу өнөр жаатында илимий эмгегиңиз тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жүрөт?
- Мен жактаган -кыргыздын салттуу профессионалдык ырчылык өнөрү тууралуу тема -бизде чети оюлбай, иликтенбей келаткан эбегейсиз чоң маселенин бир чекеси гана. Кыргызда салттуу ырчылык өнөр болгонун далилдөөнүн маданий тарыхый гана эмес, саясий да мааниси бар. Бул барып келип кыргыздын байыркы маданияты бар эл экенине далил болчу факт. Бул боюнча келечекте көптөгөн изилдөөлөр жүрүп, тереңдеп казып чыгышса сөзсүз баалуу маалыматтарга кездешебиз.
- Өткөндө Түркияда акын аялдардын симпозиуму да ушул өңүттө болду окшойт?
- Ооба,Түркиянын Кожейли университетиндеги консерваториянын базасында түрк тектүү элдердин аялдарынын чыгармачылыгы боюнча жогорку деңгээлдеги талкуу болду. Кыргыздын ырчылык өнөрү байыртадан эле болгонун дүйнөлүк даражасы бар окумуштуулардын арасында далилдөөгө аракет кылдык. Алардын көбү комузга кызыгып, колдоруна алып чертип көрүшүп, ырдоо ыкмаларыбызга жогору баа беришти.
Симпозиумдун программасынын алкагында концерт бердик. Бир маалда көрүүчүлөр отурган залдан кыргыздын кызыл желеги көтөрүлбөдүбү! Жүрөгүм кабынан ыргып кете жаздап, көзгө жаш айланды. Көрсө, ошол университетте Кыргызстандык он бала окуйт экен. Бизди келди дегенди угуп атайын көрүшкөнү келишиптир. Түн бир оокумга чейин сүйлөшүп, биз аларга, алар бизге кубанып, ыр ырдап, кыйылып жатып коштоштук. Балдардын Мекен, эл жөнүндөгү ойлору бизди укмуштай толкундатты. Ошондо бир элге кызмат кылып жүргөнүңө канааттанат экенсиң.
- Башка өлкөлөр консерваториясына дүйнөлүк аалымдарды чогултуп жатса силерди "эмне үчүн консерватория деп аташат?"деп чуу түшүп жатышат го?
- Ушундай пикирлер басма сөзгө байма бай чыгып кетти. Эмне максатты көздөп жатышканын билбейм. Менимче "консерватория" дегенди кызгануунун кереги жок. Башка толгон токой мамлекеттердин университеттеринде консерватория деген толуп атат, бул сөздүн этимологиясын карасаң-"консерва" -топтоштуруу, жыйнап, чогултуп, бир калыпка салуу дегенден эле алынган.
- Кайра жооп кайтарып, коргонгон жоксуңарбы?
- Кажети деле жокко дейм, анын үстүнө башка кылаар эч нерсеси жок киши эле алек болбосо, менин такыр убактым жок, көрүп турбайсыңарбы, чоң программадагы концерт, убакыт кыска , жол узун дегендей…
- Концертте кандай жаңылык болду?
- Жаңыдан иштелип чыккан Токтогулдун "Дүнүйөсү", көп айтылбай жүргөн "Каныкейдин арманы", мурдатан белгилүү "Курманжан датканын кошогу", "Олжобай менен Кишимжан",сыяктуу залкар мурастар концерттин негизги бөлүгүн түздү. Алар аркылуу элди ынтымакка чакырып, биримдик менен гана абалды жакшы жакка өзгөрүүгө болоорун түшүндүрүүгө болот да. Андан тышкары жаңыдан иштелип чыккан ырлар да кирди. Концертти шакирттеримден турган "Маржан" тобу" Манас түрк университетинин "Түрк дүйнөсү" оркестри коштойт.Концерттин сценарийин Кайрат Иманалиев жазып, белгилүү музыка адистери Кыргыз респуб-ликасынын эмгек синирген артисти "Камбаркан" тобунун көркөм жетекчиси Рысбек Жумакунов иштеп чыккан.
Бул концерт Эгемендигибиздин 20 , Курманжан датка энебиздин 200 жылдыгына багышталган. Негизинен элдик мурастардан турган концерттин терең маанисин түшүнгөн көрүүчүлөрүбүз дагы бир ирет нукура улуттук музыкалык баалуулуктардын башатынан ыракат алышты деген ойдомун. Дагы бир жагы -биздин жолду улап, салттуу музыканы аркалап жүргөн, темир канат болуп калган шакирттеримди элге журтка таанытуу максатын да көздөгөм.. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, оюбуз ишке ашып, эл да, биз да кубанып кайттык.
- Кийинки пландарыңар кандай?
- Оо, ойлор, идеялар абдан көп, аларды азырынча ачыкка чыгарбай эле туралы, учурдагы иштерди аркаласак, көрүүчүлөрдүн үмүтүн актап, элибиздин дилин музыканын аркасы менен агартып, жашоонун улуулугун, талыкпаган ак эмгек, ак ниет гана адамды жакшылыкка жеткирээрин нечен жылдап муундан муунга өткөрүп келген залкарлардын мурастарын жерде калтырбай, улам кийинки муундагыларды ошол асыл башатка баштап турсак, башкы милдетибизди аткарган болобуз. Калган- каткан нерселер боло жүрчү, убакыт менен гана баалануучу өтмүштөр болсо керек.
Маектешкен
Сейил Ибраева