Айт-два, айт-два

Ооматтан оомат кеттиби?
Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын экс-мэри Оомат Казакбаев аны кызматынан мыйзамсыз алып койду деп эсептейт. Экс-мэр - Жайыл районунун акими Таалай Субанбеков аны Кара-Балта шаарынын мэринин кызматтан алып, анын ордуна Данияр Шабдановду дайындаган соң, иш кагаздарын жүргүзүү тартибине - процедурага ылайык губернатор макулдук берип, ал дагы кол коюшу керек эле дейт. Оомат Казакбаев "Шайлоо жакындаган сайын ар ким өз оюна туура келгенин жасай берсе болобу, Президенттик шайлоодо административдик ресурстар колдонулабы деген ой жаралат" деп күздө өтчү шайлоонун жыйынтыгын ойлоп күйүп-бышып жатыр.
Орус агаиндер: "Человек предполагает, а Бог располагает" дейт. Анысы кандай, сиз менен биз божомолдой беребиз, Кара-Балтадан алыс чыкпай, бийлик кимдин колунда экенин билбесеңиз керек, Оомат мырза.


  Коңгуроо кагып

Монополияны жөнгө салуу агенттиги эттин экспортко кетүүсүнө тыюу салыш керек дейт
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин минтип коңгуроо каккандыгында бир мандем бар. Себеби, Кыргызстандагы эти даамдуу мал эттеринин баары чет өлкөгө, атап айтканда Иранга кетип, Кыргызстан эли Кытайдан келген мал эти менен камсыз болуп жаткандыгын эт сатуучулар айтып келишет.

Ал эми жогорудагы агенттикте эмгектенген адистердин айтымында, эттердин массалык түрдө экспорттолуп жатышы ички рыноктогу эттин баасынын кескин жогорулашына алып келген. Тагыраак айтканда, койдун эти 280, уйдун эти 300 сомго чыгып кеткен. Өткөн жылы эле сыртка чыгарылган эттин көлөмү расмий түрдө 1000 тоннадан ашкандыгы айтылып келет, ал эми расмий эмес, контрабандалык жол менен кетип жаткандары канча десеңиз...





  Ак чөп башта: Солто элдин тогу...

Темир Сариевдин тогузунчу атасы
Солтонун уулу Чаа
Уруу курултайы деген балээ чыкты. Бул демилгенин башында ким турат белгисиз, жер-жерлерде уруу-уруулардын курултайын уюштуруп, уруулар ким-бирөөлөрдүн алдында милдеттенме алгансып, уруу курултайларын өткөрүп, эл арасына жарака салып жатышат. Ушул уруу курултайынан улам, биз белгилүү саясатчы, "Акшумкар" саясый партиясынын төрагасы, кыргызды уруу-урууга бөлбөгөн, мындай эскинин саркындысынан бийик турган мекенчил уулдарыбыздын бири Темир Сариевдин алдында күнөөлүү болуп олтурабыз. Гезитибиздин өткөн санында солто уруусу курултай өткөрүп, бул курултайда "Сариев калмак, бизге таза солто керек" дешип чатак чыгарышып, уруусу солто Кубат Кожоналиевди төрага шайлап алышыптыр" деген маалымат жарык көргөн. Көрсө анда солтолордун эмес, майда уруулардын гана жыйыны болуптур. Такталбаган жана чындыкка коошпогон маалымат кетип калган үчүн Сариевден кечирим сурайбыз.

Солто уруусунун курултайы демекчи, мында тактап койчу жагдай, солто коомунун курултайы боло элек, бирок өткөрөбүз деп даярдык көрүлүп жатыптыр. Кубат Кожоналиев мырза болсо, "Күнтуу" коомунун төрагасы экен. Ал эми Темир Сариевдин ата-тегине кызыккандар үчүн маалымат үчүн айта кете турган нерсе, Солтонун -Күнтуу, Култуу, Чаа деген үч уулу болгон. Чаа Темир мырзанын тогузунчу атасы. Бул маалыматты бизге Сокулуктан келген Сариевдин жактоочулары айтып беришти.
Темир мырза Сариевдин өзү менен байланышканыбызда, ал "Кокту колотко, уруу-урууга, жер-жерге бөлүнбөй, кыргыз мамлекетинин келечегин, элибиздин биримдигин ойлойлу" деп токтоо жооп берди. Биз да эл сыйлаган саясатчынын айткандары менен кошулабыз. Уруу курултайын өткөрүп жаткандар кыргызга душман жасабас чыккынчылыкты жасап атканын өздөрү да аңдабаса керек. Минтип, бөлүнүп-жарылып олтурсак, Кыргызстандын түбүнө бат эле жетип коебуз. Бир эле мисал айталы, Таласта уруу-урууну сүрүштүрүп олтуруп, кушчунун арасынан жетиген деген урууну таап чыгышты. Анан алар жетигендин тарыхын жазып олтуруп, кыргыз дегенден да эски уруу кылып ташташты. Ушул ылдамдык менен кете берсе, эртеби-кечпи жетигендер өзүнчө улутпуз деп чыгабы деп чочулап турабыз. Андыктан, уруу курултайы дегенден улам айта кете турган нерсе, уруу курултайлары кандай максатта өтүп жатат жана кайсы күчтөрдүн (мүмкүн үчүнчү күчтөрдүн Кыргызстанды, же тагыраагы кыргыздарды бөлүп-жарууга максаттуу багытталган ишиби) финансылык колдоосу астында болууда калыс жана так таразалап ар бир өз улутун сыйлаган мекенчил адамдын адам катары парзы жана озуйпасы деп ойлойбуз.






  ИИМ айтат, Башкы прокуратура ийин куушурат

Көлбаевдин апасына Башкы прокуратура жооп берди
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башталганда ээн-эркин эч кимден качпай, ачык эле жүргөн Камчы Көлбаевге издөө жарыяланып, андан соң анын чет өлкөдөгү банктарда сакталган миллиондогон долларлары тууралуу маалыматты ИИМ тараткан эле.

Ал тургай Кыргызстанды жакшы билбеген Барака Обама да наркобарондордун катарына Камчы Көлбаевдин да ысымын киргизип, аталган маселе коомчулукта чоң резонансты жаратканы маалым. Ушундан улам, "кайсы критерийлердин негизинде уулум наркобарондордун тизмесине кирип калган? Уулумдун чет өлкөдөгү банктарда жаткан эсебин мага таап бергилечи, мен анын баарын Кыргызстандагы жетимдер үйлөрүнө которуп берейин"- деп билдирген эле. Аз күн мурда Башкы прокуратура К.Көлбаевдин апасына расмий түрдө жооп кайтарышып, ИИМ айткан миллиондор тууралуу эч кандай маалыматтары жок экендигин жана наркобарон деп айта албастыгын, себеби К.Көлбаев бир да жолу баңгизатка байланышкан кылмыш иши козголбогондугун жана иликтенбегендигин маалымдашкан.