Бейнелерге сүртүмдөр

Марксизмдин эмес,
Маратизмдин идеологу
Маратизмдин
идеялары кеңири
таркоодо
Эмнегедир өздөрүнүн эмгек жолдорун кыз-келиндерге таандык иштерден баштаган эркектерден жөндөмдүү юристтер арбын чыгат экен. Алсак, бир нече жолу эл өкүлү болуп шайланган, Жогорку Сотту да башкарган азыркы көрүнүктүү юристтердин бири эмгек жолун активист комсомолкадан бетер пионер вожатыйлыктан баштаса, экинчи бир эркек чоң юристибиз мектепти бүткөндө эле сотко катчы болуп кириптир. Биздин бүгүнкү тергөөчүлүктөн тартып бир катар мамлекеттик кызматтарды, майда судьялык иштерди чөп башылап келип, Конституциялык Соттун судьялыгына, Юстиция министрлигине чейинки жолду басып өткөн бейнекерибиз өз эмгек жолун Сузактагы бир мектепте китепканачылык иштен баштаган экен. Юриспруденциянын да билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармактарындай эле аялдардын монополияларына өтүп бараткандыгынанбы же өкүмдөрдү, чечимдерди токуганга бычмачылык менен тикмечиликтей эле чеберчилик талап кылынабы же мындай көрүнүштүн биздин акылыбыз жетпеген дагы башка себептери барбы, айтор, азыр чоң юристтердин көпчүлүгү аялдар же өз эмгек жолдорун аялдарга мүнөздүү иштерден башташкан мурутчандар, эң болбоду дегендери аял судьяларга жардамчы болуп жүрүшкөндөр. Райондордогу жана шаарлардагы сотторго барсаңыз деле ( тү-тү, Кудай анын бетин ары кылсын) мектепке же тигүү цехине киргендей эле шагыраган ар кандай формалардагы узун, кыска, ничке, жоон, жылмакай жибектей созулган, айрымдары эркекке окшош болгону менен эркектен да корс ар кандай судья аялдарды көрөсүз. Биздин бейнекерибиздин эркек болсо да феминисттик (аялдардын укуктарын коргоочу) кыймылдын активдүү жактоочусуна айланып, бир үйдө бирден эмес экиден, андан да жакшысы үчтөн аял болушу керек, бири казан аякты калдыратып турса, экинчиси кийим- кечектерди жана төшөнчү орундарды жууп жатса, үчүнчүсү эгиз наристелүү болом деп төрөт үйүнө жөнөп жатса, бардык иштер ыкчамдап, Кыргызстан ошондо өнүгөт деген менчикчилдик, кечиресиздер мекенчилдик идеяны жараналап жүргөндүгүнүн үрөнү тээ ошондо өзү китепканачы болуп иштеген мектептин жогорку класстарынын кыздарына "Лайли менен Мажнунду" ,"Олжобай менен Кишимжанды", "Жамийланы" калтырбай окугула деп сунуштап жүргөндө ташталып, судья айымдар менен феминисттик кыймылдын теориялык маселелерин талкуулап жүргөндө калыптанып, анан парламенттик шайлоонун алдында мисирейген Чолпон айым "бадаңдап башымы оорута бергенден башка да колуңдан бир нерсе келеби, бачагар" деп, Баш мыйзам менен бир нече Кодекс көктөлгөн папке менен баштан ары урганда мээсине биротоло орноп калган дешет. Ошондон бери ал кайсыл жакка барбасын, кандай кызматта болбосун "казандын төрт кулагы болот, ага бир аялдын эки колу аздык кылат. Эгерде эки аял болсо, эки экиден кармашып жарашып калышмак " деген идеяны жадабай кайталап, аны жүзөгө ашыруу үстүндө кадимки Чолпонбай менен Дайыр баатырлардай каармандарча күрөшүп келе жатат. Билишибизче анын мындай идеясын Кыргызстандагы мамчиновниктер, саясатчылар жана капчыктары калың күркүлдөр гана эмес, алардын Бажы Шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү коллегалары да колдоого алышып, аны ийгиликтүү жүзөгө ашырып жатышыптыр. Кыргызстан бул идеяларды мыйзамдаштырса эле, алар да шашыла мыйзам кабыл алганга даяр турушат дешүүдө.


Мекенчилдик
да жагы бар
Аялдар маселесинде менчикчил болгон менен бейнекерибиздин маданият жана тил, улуттук руханий дөөлөттөр жагына келгенде мекенчилдик жагы бар экендигин да айта кетүүбүз керек. Алсак, ал кайсыл кызматта жүрбөсүн Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кыйшаюусуз аткарууну жактагандыгы менен айырмаланып келе жатат. Адилет министринин орун басары, министр болуп турганда иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүп, юридикалык терминдердин да көпчүлүгүн кыргызчалатып салгандыктан аралаш тилде сүйлөп жүргөн, кыргызча эч нерсе билбеген юристтер министрдин колунан чыккан кагаздарды толук түшүнө албай көпкө чейин кыйналып жүрүшкөн дешет.
Бул инсан оюндагыларын ачык айтып, түз сүйлөп көнгөнү менен кээде укканын укпадым, көргөнүн көрбөдүм деп бет тырмарлык кылып жибермей да адаты бар деп жүрүшөт. Угушубузча бул мырзанын президенттик шайлоого өз алдынча катышып, өз талапкерлигин коюу жөнүндө да ниети болгон экен, бирок тилчи акеси "алыбай алына жараша эле болсун, экөөбүздүн кимге сөзүбүз өтмөк эле?" - деп каршы болгондуктан мекенчил досторуна кайра келип кошулуптур дешет.

Дани Сары Бекмырза




Ат койсоң, так койгун
Бир жолу Ош базарынан төмөнкү көчөлөрдүн бири менен баратып "Бейиш" менчик ооруканасы" деген көрнөктү жолуктургам. Ал азыр барбы же жокпу, билбеймин. Мурда элдик табыптардынбы же дарыгерлердинби же көзү ачыктардынбы , иши кылып ушулардын биринин "Бейиш" деген аталыштагы борбору бар экендигин кулагым чалып жүрчү. Бишкектен Ошко бараткан жолдун Чычканды аралаган жеринде "Рай" деген чакан мейманкана бар. Мына ушуларды окугандан кийин эмне үчүн алардын жетекчилери өз обьектилерине мындай аталыштарды коюп алышкандыгын түшүнө албай башым маң болду. Менчик ооруканадагылар " бизге келсеңер эле төрт аягыңар тырайып, туптуура бейишти көздөй жөнөйсүңөр" деген мааниде өздөрүнүн чалдыбары чыккан ооруканасын "Бейиш" деп атап алышканбы?
Элдик дарыгерлер да өздөрүнүн борборун ошентип атоо менен "биз сиздерге бейишти жакындатабыз" деп айткылары келгенби? Алардын бейишти жакындаткандан көрө, оорууну адамдан алыстаткандары жакшы эмеспи. Же башкача ойлогондор барбы? Ал эми "Рай" деп аталган мейманканада аңкир-мүңкүр сурак жүргүзүп, клиенттердин кай тарапка бара турушкандыктарын аныкташабы же ал жерде түнөгөндөрдү периштелер бешикке салып түнү менен терметип чыгышабы?
Биз мурдагы макалаларыбыздын биринде Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда адам түгүл уй да укса күлө турган көчө аттары бар экендигин жазганбыз. Алар жөнүндө Ак-Өргө тарапка дагы кошумча маалымат чогултканы баратып Ош базарынан "Тагдыр" деген аталыштагы чоң дүкөндү көрүп, ал жакка баргыбыз деле келбей калды. Мындай ат менен дүкөндүн ээси өзүнүн тагдырына нааразы экендигин билдиргиси келгенби же "бул дүкөнгө киргенден кийин чирик картошка колуңа урунса да бекем кысынып жолуңа түш. Ал сенин тагдырың" дегенди айтайын дегенби, кудай акы буларын түшүнбөдүк. Бирок, тагдыр деген сөздүн эч кимдин маанайын көтөрбөстүгүн жакшы билесиздер. Тагдырыңыздарды сынагыңыздар келсе, Ош базарынын жанындагы "Тагдыр" деген дүкөнгө барыңыздар деп гана айткыбыз келет.

Бакай Чилтегин