Президенттик шайлоо: кезек кимде?

БШК төрагасы ким
экенин айтсаң, президент ким болорун айтам
Акыры көптөн күткөн күндүн да мөөнөтү аныкталып, президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди. Бирок, мөөнөт белгиленген менен анын айланасындагы кызыл кыргын, сары сүргүн бүтө элек. Ошол эле БШК мүчөлөрүн шайлоо жана БШКнын легитимдүүлүгү маселесин ала турган болсок, анын өзү ээрге олтурганда эле кыйшык олтурганды мындай гой, ээрди тетири токуп алган жокпузбу деген суроону пайда кылат? Бакиевге президенттик күбөлүктү тапшырган делген Туйгунаалы Абдраимов мырзаны оңчул саясый күчтөрдүн жактыра бербегени дароо эле байкалып калды. Бирок, Туйгунаалы Абдраимов өзү белгилеп кеткендей ал качан болбосун революциялык кыймылдардан кийин БШК башына келет. Бул жолу гана БШК башына бир жылга кечигип келди. Мүмкүн, ал былтыр келгенде парламенттик шайлоонун жыйынтыгы кандай болор эле, түкшүмөлдөп айтуу кыйын. Балким, анда Бакиевчил деген партиялар парламентке өтпөй калар беле, же көбүрөөк өтөр беле, ким билет. Мейли, болору болду, кандай дегенде да биз анын: " … Бакиевди бийликке бардыгыбыз алып келгенбиз. Азыркы президент да, премьер-министр дагы алып келген. Анда дагы бир революция болот деп эч ким күткөн эмес. Калыс бийликке умтулбасак, кыргыз эли дагы да революциялык кадамдарга барышы мүмкүн", - деген сөзүнө биз кошулбай кое албайбыз. Туйгунаалы Абдраимов айтмакчы, бүгүн эле сүттөн таза, кардан ак болуп чыга келгендин кереги эмне? Эч кимге жашырын эмес, Бакиев үчүн деле бүтүндөй Кыргызстан добуш берген, бардыгыбыз андан үмүт кылганбыз. Эч ким анын Акаевдин жолун, Акаевдин тагдырын кайталайт деп күткөн эмес. Бирок, турмуш, мезгил баарыбыздын жана ар бирибиздин жаңылганыбызды, каталыгыбызды көзгө сайып көрсөтүп койду.
Революция эйфориясы мына ушундай алдамчы келет. Былтыр 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандын бийлик башына келип, бардык жоопкерчиликти өз мойнубузга алабыз деген Убактылуу Өкмөт деле идеалдуу эмес болчу. 2010-жылдын июнундагы кан төгүлгөн Ош-Жалалабат окуясы ушул бийликтин тушунда болду. Тилекке каршы, анүчүн кана, ким жооп берди? Ырас мамлекет үчүн жоопкерчиликти мойнуна алдыбы, анда алар Түштүктө жазыксыз төгүлгөн элдин каны үчүн да эртеби-кечпи жооп берүүгө тийиш.
Мейли аны айтпаганда, "АзияУниверсалБанк" айланасындагы окуяны айталы. Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү 2010-жылдын 7-апрелинин нары жак, бери жагында банк жетекчилиги 200 млн. АКШ долларын сыртка чыгарып кеткен деп АУБ банк жетекчилерин күнөөлөшкөн. Кийин АУБ банк ячейкаларынан Убактылуу Өкмөт тарабынан 20 млн. АКШ доллары тегерегинде акча алынгандыгы, анын бир бөлүгү Түштүктөгү окуялар тушунда, өлкөнүн коопсуздук чараларын көрүү иштерине жумшалып, калганы Улуттук банкка өткөрүлүп берилгени белгилүү. Бирок, 200 млн. АКШ долларын сыртка чыгарып кеткен деген АУБдун кожоюну Михаил Надель 7-апрелден кийин АУБдан 100 млн. АКШ доллары кайда кеткени белгисиз жоголуп кеткенин айтып, Убактылуу Өкмөттү күнөөлөөдө. Кимисине ишенериң билбейсиң.
Айтор, акыркы бир жылдын аралыгында оголе көп түшүнүксүз жагдайлар болуп кетти. Убактылуу Өкмөт Оштун мэри Мелис Мырзакматовду бир эмес, бир нече жолу кызматтан алат экен деген сөздөр болду. Мелис мырза да эр экен, акыры баарын жеңип, алиги айтылган имиш-имиштердин канчасы чын, канчасы жалган экени тууралуу бир үн катып койбой, эч нерсе болбогондой иштеп жатат.
Башкасын айтпаганда, Роза Отунбаеванын деле күтүлбөгөн, шашылыш билдирүүлөрүнө деле көнүп бүттүк окшойт. Май айында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата сөз сүйлөп жатып, Баш мыйзам өзгөрүүгө муктаж деп айтып жиберген. Анан коомчулук мамлекет башчысы айымдын бул билдирүүсүнө карата каршы оюн билдиргенден кийин гана, мен Конституциядагы айрым чала бышып калган жерлери тууралуу айттым, Конституция - анда көрсөтүлгөндөй Кыргызстандын Баш мыйзамы 2020-жылга чейин өзгөртүлүүгө жатпайт деген позициясын айтты.
Орустар "Человек предполагает, а Бог располагает" деп коет. Анысы кандай, Конституция аркандап койгон уй эмес. Заман, мезгил ушунчалык тездик менен өзгөрүп жатат. Бул биринчиден. Экинчиден, өлкө Баш мыйзамынын азыркы колдонуудагы үлгүсү Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы деген ылакап аты бар экенин да унутпашыбыз керек. А баарыбыз жакшы билебиз, Текебаевдин оппоненттери иттин кара капталынан. Кокус эртең ошолордун бирине эле бийлик тийди дегиче Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыгарын бөркүңүздөй көрө берсеңиз болот.
Баса, эсибизден чыгып бараткан экен, былтыр күздө бекен, парламенттеги өз ара саясый көкбөрү кырдаалдан улам, Отунбаева эжекебиз эгер парламент ушинтип өз ара талашып-тартыша берсе, анда шайлоочулар парламентти таркатуу тууралуу демилге көтөрүшү мүмкүн, президент катары мен акыркы кадамдарга барбай кое албайм деп билдирүү жасаганы бар. Анда да, парламент ызы-чуу түшүп, Отунбаева өз ыйгарым укуктарын билбесе керек, президенттин парламентти таркатууга эч кандай ыйгарым укугу жок, тескерисинче, парламент президентке ишеним көрсөтпөй койгонго укугу бар дешип кыйкырып чыгышкан.

(Уландысы 6-бетте)




Жаңы президент кандай болушу керек?

Ж ыйырма жылдын ичинде окумуштуу өз аспиранттары менен Кыргызстанды башкарды, анан өндүрүшчү келип, экинчи үй бүлөлүк бийликти орнотту. Кокустан ургаачы жан президент болду эле, ал өз мүмкүнчүлүгүн, жакшы жана жаман сапаттарын толук көрсөтө электе кайра бийликтен кеткени жатат. Ошондуктан азыр баарыбызды быйылкы күздө шайлана турган президент инсан жана саясатчы катарында кандай болушу керек?- деген суроо кызыктырууда.

Менин оюмча, жаңы шайлана турган президент биринчи кезекте кудайга ишенсе, ишенбесе, окумал болсо, болбосо да ыйманы бүтүн, шору арылбаган элибиз жана мамлекетибиз үчүн башын сайып иштөөгө ниеттенген, бирөөлөргө кыянаттык кылгандан, башкалардын акыларын жегенден корккон, ким бирөөгө жамандык кылса, ал эртели кеч кайра ошого айланып келе тургандыгына ишенген, моралдык өзөгү бар, керек учурларда катуулугун , чечкиндүүлүгүн да көрсөтө ала турган өз принциптери менен жашаган адам болушу керек. Бизде потенциалдуу талапкерлердин арасында окумалдар да, чарбачылдар да, саясатчылар да ашыгы менен жетишет, бирок бир гана- таза иштейин, эл үчүн кызмат кылайын, мамлекетти өнүктүрөйүн деген, жогорудагыдай сын-ченемдерге толук ылайык келе турган талапкер чыкпай жатат, мен андай жанды көрбөй жатам.
Потенциалдуу талапкерлер дегендердин бардыгынын алды компартиянын, арты Акаевдин мезгилинен бери саясый оюндарда, бийлик бөлүштүрүлүүдө калчана берип, ар кандай жогорку кызматтарга дайындалышкан менен ал жерлерде өздөрүн жакшы жактарынан ишенимдүү көрсөтө албай, демагогиялар жана коррупциялык, кландык жана жердештик көрүнүштөр аркылуу гана саясый өмүрлөрүн узартып келатышкан, көпчүлүктүн көңүлдөрүнө көк таштай тийип, жадатып бүткөндөр болуп саналышат. Ошондуктан ырасын айтсам, алардын ичинен кимисин тандаарымды да билбеймин, жаңы шайлана турган президент жогорудагылардай болбосо экен деп гана тилеймин.

Арипжан Көчөров,
Бишкек шаары